Ырчы Нурмат Садыров социалдык тармактардагы баракчасына атасы экөөнүн жолугушкан видеосу менен бөлүштү. 8-класста окуп жүргөндө ата-энеси эки башка жолго түшкөнүн айтат ырчы.
- Атам башка үй-бүлөсү менен жашайт, кызы бар. Бирок биздин мамилебиз үзүлгөн эмес. Айылда жакшылык-жамандык деген болот, дайыма барып турабыз. Мен апамдын жанындамын, атама барып-келип турам. Бул ирет атам экөөбүз эле сапарга чыгып, кенен сырдаштык. Ага көкүрөгүмдөгү сөздөрүмдү айтып, сагынычымды таркатып, чер жазып узак жолдо баарлаштым. Атам менен апамдын жолу эки башка болсо да алардын мага болгон тилеги бир. Апамды кандай сыйласам, атама да ошондой эле мамиле кылам. Болгону атама кылган мамилемди көрсөтүп социалдык тармакка жарыялаган эмесмин. Катталуучулар "эмнеге атаңызды чыгарбайсыз?" деп сурай беришчү. Атам менен апамдын ортосундагы көпүрөмүн, экөөнүн тең кыялдарын орундаткым келет. Алардын тилеги – мени үйлөндүрүп, небере жытын жыттоо,- дейт ырчы.