Комузчу Айсаана Оморова Гүлзат Байзаковага келин болду

"Ордо сахна" этно-фольклордук театрынын мурунку ырчысы, "Мурас" фольклордук ансамблинин солисти, комузчу Айсаана Оморова аталган топто кыл кыяк жана комузда ойногон Эмилбек Ишенбек уулуна турмушка чыкты. Эмилбек Ишенбек уулу ырчы Гүлзат Байзакованын уулу. Экинчи келиндүү болуп, колу узарган Гүлзат айым буларга токтолду:

- Айсаана менен Эмил бири-бирин кичинесинен эле таанышат. Алар “Устат-шакирт” борборунда чогуу окушкан. Бири-бирин жактырып үй-бүлө курушту. 13-июнда кыз узатуу болгон. 15-июнда шаардагы ресторандардын биринде 400 конок чакырып, үйлөнүү үлпөтүн берип, бата алдык. Баарына шүгүр, уул-келиниме элдин батасы тийсин.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан