“КЫРГЫЗСТАН БАНКЫНЫН” МИНИ-ФУТБОЛ БОЮНЧА КУБОГУ ӨЗ ЧЕМПИОНДОРУН ТАПТЫ

Мини-футбол боюнча “КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы” ААКсынын корпоративдик кардарларынын арасында өткөн биринчи турнир аяктады. Мелдешке Ош, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан банктын 37 компания-кардарлары катышты.

Мелдештин негизги өзгөчөлүгү – спорттук майрамдын укмуштуудай атмосферасы, кайталангыс кумары жана мелдештин футболчулар сезген чексиз кубанычы болду. Шаңдуу эмоционалдык маанай абада каалгып турду десе болот.

“КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкынын” башкарма төрагасы Жаркынбек Сагындыков: “КЫРГЫЗСТАН банкынын” Кубогун достуктун жана кызматташтыктын кубогу деп ишенимдүү айтса болот. Анткени өнөктөштүк мамилелер жана корпоративдик маданият финансылык тармакта гана эмес, спорттук аянтчаларда да бекемделет жана өнүгөт. Биз турнирдин бардык катышуучуларын, өнөктөштөрүн накта футбол жана спорт майрамы үчүн, жагымдуу атмосфера, ошондой эле бул башталышты колдогону үчүн ыраазычылык билдиребиз”,- деп белгилеп өттү.

Турнир учурунда катышуучу командалардын ар бири мыкты тактика жана стратегия түзүү жөндөмүн ашкерелеп, жеңишке болгон жигердүү умтулуусун жана бекем командалык духун көрсөтүштү. Футбол – бул жөн гана оюн эмес, бул эбегейсиз зор энергетика, эмоция, эргүү, ошол эле учурда так система жана командалык жумуш. Муну катышуучулар дагы бир жолу далилдешти.

“КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы” үчүн Кыргыз Республикасында маданиятты жана спортту өнүктүрүү маанилүү. “КЫРГЫЗСТАН банкынын” Кубогунун максаты – банктын кардарларына турнир уюштуруу менен банк тарабынан тейленген компанияларга кызыкчылыктардын биримдигин жана ар бир кардарга чын ыкластан кам көрүүнү, дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу командалык спорттун түрү болгон футболду өнүктүрүүнү сездирүү болгон. Бизнесте жана спортто окшоштуктар көп – жыйынтыкка максаттуу умтулуу, ага жетишүү үчүн дайым иштөө зарылдыгы жана алектенген жумушуңа болгон терең сүйүү. Катышуучу командалар бул метафораны өздөрүнүн мисалында ырасташты.

Турнирдин аягында катышуучулар мындан ары да ушул сыяктуу мелдештерге катышууга даяр экендиктерин билдиришип, жаркын спорттук жөрөлгөнүн уланышы үчүн негиз түзүп беришти. Ошондуктан мини-футбол боюнча турнир өзүнүн жалындуу күйөрмандарын тапты деп ишенимдүү айтсак болот. Демек, турнир өз масштабын кеңейтип, спорттук туунун алдында “КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкынын” башка да көптөгөн кардарларын тартуу менен такай өткөрүлүп туруучу мелдешке айланат.

https://www.cbk.kg/
https://www.instagram.com/_bank_kyrgyzstan/

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан