КӨЗДӨРҮҢ АЙТЫП ТУРАТ СЫРЛАРЫҢДЫ...

Дүйнө окумуштуулары күн сайын жаңы табылгалары менен адамдарды таң калтырып келишүүдө. Алардын айтымында, биринчи жолугушууда эле өнөктөшүңүздүн көзүнүн түсүнө карап, анын төшөктө кандай экенин билип алууга болот.

ЭҢ СЕКСУАЛДУУ КӨЗДӨР
Англиялык “Sun” журналынын изилдөөсүндө, дүйнөдөгү эң сексуалдуу көздөрдүн ээси болуп Бейонс Ноулз, Женнифер Лопес, Натали Имбрулия, Кэли Брук саналат экен.
Ал эми мырзалардан Жонни Депп, Киллиан Мёрфи, Хью Лори, Вентворф Миллердин көздөрү сексуалдуу деп табылыптыр.

ЭРКЕКТЕР
Кара көз мырзаларды жолуктуруп калсаңыз, көңүлүн бурдурууга бүт күч-аракетиңизди жумшай берсеңиз болот. Анткени булар төшөктө мыкты келишип, эч кимди алдыларына салышпайт.
Кара көздүүлөрдүн катарына Урмат Усеновду, Даниелди, Мирбек Иманбековду кошууга болот.
Кой көздүн ээлери табиятынан табышмактуу келишет. Алардын ички дүйнөсүн билүү үчүн көп аракет жумшооңуз керек. Алардын бул табышмактуулугу төшөккө барчу жолду бир топ узартышы мүмкүн.
Буга мисал катары, Ричард Гирди көрсөтүүгө болот. Анын көпкө чейин бойдок жүрүшү бекеринен эместир. Ал эми кыргыз мырзаларынын көпчүлүгү кой көздөр.
Көгүш-жашыл өңдөгү көздүн ээлери өөп-жыттоону баалашат экен. Эгер өнөктөшү тартынчаак болбосо, көгүш-жашыл көздүүлөр кайсы учурда төшөккө сүйрөбөңүз, өз ишин мыкты аткарып, сизди махабат көлүнө чөмүлтүүгө даяр болушат. Бирок мындай мырзалар көрүнгөн бийкеч менен эле мамиле түзө беришпейт.
Көгүш-жашыл көздүн ээси деп ырчы Алексти атоого болот.
Көк көз мырзалар ар дайым айымдардын көңүл буруусуна жана сүйүүсүнө суусап турушат. Кайда болбосун сулууларга кайырмак салууга үлгүрүшөт. Бирок кимдин колун кармабасын, ал сөзсүз үй-бүлөсүнө кайтып келерине ишене бериңиз. Белгилүү көк көздөрдүн бири – «Түрмөдөн качуу» тасмасындагы баш каарман Вентворф Миллер.

АЙЫМДАР
Көк көз
айымдар сыртынан караган адамга алсыз, элпек, ийкемдүү көрүнүшөт. Мындай айымдарды эки жолу өөп коюу менен эрите албайсыз. Аларды эритүү үчүн болгон энергияңызды жумшоого туура келет. “Кетирген энергиямды кайра андан ала аламбы” дейсизби? Аны алуу айымыңыздын ошол учурдагы маанайына жараша болот. Эгер анын маанайы көтөрүңкү болсо, энергияңызды эки эселеп кайтарып бере алат.
Көк көз айымдарга Валерияны, Николь Кидманды мисал кылууга болот.
Кара көздүү айымдар төшөктө жаңы табылгаларды табуу жагынан эч кимди алдыга салдырышпайт. Анын кыялдары жана назиктиги өзүңүздү чыныгы эркек деп сезүүгө шарт түзөт. Булардын бир жери, төшөктө көптө барып эришет.
Кара көз сулуулардын катарына Сальма Хайекти, Бегимай Эсенгулова, Айгүл Чалова, Нурзада Жолдошованы кошууга болот.
Кой көздөр. Эгер өнөктөшүңүз кой көз болсо, анын төшөккө болгон каалоосун тутантуу оңой-олтоң иш эмес. Булар төшөктө абдан сезимтал болушканы менен, жалкоо келишет. Сизден көп иштөөнү талап кылышат.
Кой көздөрдүн катарына Бритни Спирсти, ал эми кыргыз шоу-бизнес чөйрөсүнөн Элина Абай кызын, Айя Садырованы
кошууга болот.
Көгүш-жашыл көздөрдүн ээлери темпераменттүү, назик жана кыялкеч келишет. Булар өнөктөшү менен ээн жерде ырахатка батууну каалашат. Мындай жагдайда алар эч нерседен тартынбастан сылап-сыйпап, сизди бат эле төшөккө сүйрөшөт. Бирок ишке келгенде көңүл кош мамиле жасашы мүмкүн. Буга «туура эмес мамиле жасап койдумбу» деп сарсанаа болбоңуз. Анткени жашыл көздүү айымдар төшөк кумарына батууга караганда, сылап-сыйпап, өөп-жыттап эркелетүүнү баалашат. Мындай көздүн ээси катары Мадоннаны айтсак болот.


Эропоэзия

Эзилтип ийигенче денең балкып,
Эки эмчегиң балача эмет элем.
Эритип коргошундай көлкүлдөгөн,
Этиңе кумар отун себет элем.
Бирге жатсак, денеңди жылаңачтап,
Бир жериң калтырбай өбөт элем.
Көлкүп жаткан денеңе көл сыяктуу,
Көмүлүп тереңине чөгөт элем.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aminali
2010-11-08 02:58:16
Eropoeziasi jakti.
0
arlekino
2010-11-09 11:26:35
статистикага деле ишене берген болбойт 100%..
ар бир адам индивид...так что ошибочно может быть
+1
koky85
2012-09-04 11:49:01
булар туура эмес
0
№ 418, 5-11-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан