ЖЫШКЫЧТЫН ТҮРЛӨРҮ

СИНТЕТИКАЛЫК

Полиэтилен жышкычы

Узун жана далыны жышууга ылайыкталып эки башына боо тагылып чыгарылат. Катуураак болгондуктан көбүнчө эркектер колдонуп, териси назик аялдар колдоно албайт.

Поролон губка

Самын сүйкөсө жакшы көбүктөнөт. Бирок жумшак болгондуктан денени жакшы жышып жууй албайсың. Бат эле жыртылып, тешилип калат.

Жышкыч-сүлгү

Нейлон жиптерден токулуп жасалат. Бекем, узакка колдонулат. Катуурагы да, жумшагы да бар. Жазып алып артыңды жакшылып жууганга болот. Кемчилиги – өлчөмүнүн чоңдугу.

ТАБИГЫЙ

Зыгырдан жасалганы

Теринин бетиндеги тешикчелердин киринен бери кетирип жууй аласың. Массаждык таасир берип, кан айланууну жакшыртат. Сууну жакшы сорот. Аллергия жаратпайт. Болгону сатыктан табуу кыйын.

Люффадан жасалганы

Азия жана Африканын тропик жана субтропик өлкөлөрүндө өсүүчү люффа өсүмдүгүнүн буласынан жасалат.

Денени жакшы тазалайт, түлөгөн терилерди кетирип, массаждык таасир берет. Целлюлиттен арылам дегендер көп колдонот. Узакка сакталат, бышык. Бирок одуракай болгондуктан териси назиктер колдоно албайт. Колдонор алдында ысык сууга салып жумшартып алуу зарыл.

Сизалдан жасалганы

Агава дарагынын сизаль деп аталуучу буласынан жасалат. Терини скрабдан кем калбай тазалайт. Целлюлитти кетирет. Бышык, узакка колдонсо болот.

Катуураак, одуракай болгондуктан териси назиктер колдоно албайт. Колдонор алдында ысык сууга салып жумшартуу керек.

Рамиден жасалганы

Кытай чалканы аталган рами өсүмдүгүнүн буласынан жасалчу бышык жышкыч.

Целлюлитти кетирүүчү, массаждык таасир берүүчү касиети бар. Кан айланууну жакшыртат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан