ЧҮЙДӨ СУУ ТАРТЫШ, ЭГИН ТАЛААЛАР КУУРАП ЖАТАТ. Маселени ким чечет?

Быйыл Чүй облусунда суу тартыш. Эккен эгини, бедеси, жашылчасы суу тартыштыгынан улам куурап баратканына байланыштуу Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунун дыйкандары өкмөт үйүнүн алдына суу менен камсыз кылууну талап кылып митингге чыгышты. Айрым дыйкандар түшүмдөн үмүтүн үзүп коюшкан. Түшүмдүн болбой калышы азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн. Биз дыйкандардын көйгөйүн угуп, керектүү органдардан жооп алдык.

“МӨҢГҮЛӨР ЭРИБЕЙ ЖАТАТ, ЖААН-ЧАЧЫН ДА ЖОК”

Абдыбай Жайлообаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары:

– Быйыл Чүй облусунда башка облустарга салыштырмалуу суу тартыш. Анткени аба ырайынан улам тоолордун башы жылыбай, мөңгүлөр эрибей жатат. Жаан-чачын да жок болууда. Анын үстүнө тоодо кар, мөңгүлөрдүн катмары жука.

Кыскасы, бул климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу. Суу негизинен Союз учурунда деле толук жетчү эмес. Ошондуктан республика боюнча 5000ден ашык скважина (жер алдынан сууну сордуруп алуучу кудук) курулган. Союз урагандан кийин дыйкандар электр энергиясына кеткен чыгымды төлөй албагандыктан скважиналар иштебей калган. Азыр Чүй облусу боюнча бир дагы скважина иштебейт. Ал эми каналдар Союз учурунда атайын эсеп менен курулган.

Мисалы, дан азыктары, көп жылдык чөптөр, мөмө-жемиштерге деп бөлүшкөн. Ар биринин сугара турган өз мезгили болгон. Азыркы учурда дан өсүмдүктөрү эгиле турган жерге кулпунай, малина, жүгөрү сыяктуу сууну көп талап кылуучу өсүмдүктөрдү эгип алышкан. Андан сырткары Чоң Чүй каналы аркылуу Чүйдүн сегиз району суу алат. Эл сууну аягында жайгашкан райондорго жеткирбей эле буруп алууда. Мисалы, Панфилов районунун дыйкандары 1 айдан бери сугара албай жатышса, суу башындагылар “биз 1 жумадан бери сугара элекпиз” деп сууну буруп же тосмону талкалап кетишет. Чоң канал 30 жылдан бери тазаланган эмес, эл сууну көрүп “мына суу көп эле агып жатпайбы” дешет. Суу көлөмдүү көрүнгөнү менен, түбү таштанды, мурдагы көлөм жок.

“СКВАЖИНАЛАРДЫ КУРУУ ПЛАНДАЛУУДА”

– Биз сууну Суу пайдалануучу ассоциацияларга беребиз. Ал ассоциациялар сууну дыйкандарга жеткиришет. Негизи айыл өкмөтү суу чарбасына кийлигишпейт. Бирок айыл ичинде сууну бөлүштүрүү боюнча көзөмөл жүргүзүлүшү керек. Республика боюнча 491 Суу пайдалануучу ассоциация бар. Бирок ичинен 25 пайызы гана түзүгүрөөк иштейт. Алардын жетекчилигине сабатсыз адамдар дайындалгандыктан баш аламандык жана тартип бузуулар көп катталууда. Дыйкандар Гидрометеорологиялык борбордун быйыл суу болобу же болбойбу деген болжолдоруна баам салбастан банктан насыя алып, эгип алышат. Пландуу түрдө иштөө жок. Биз суу тартыштыгынын алдын алуу максатында Чүй облусу боюнча сууну пландуу пайдалануу ишин киргизип жатабыз. Анда кезектешип сугаруу режими күчөтүлөт. Андан сырткары Панфилов жана Жайыл райондоруна 100 скважинаны бюджеттин эсебинен, дагы 100 скважинаны Катар кайрымдуулук фондунун эсебинен оңдоп, жаңыларын курганы турабыз. Анткени бүгүнкү күндө анын чыгымдарын төлөөгө дыйкандардын тапканы мүмкүнчүлүк берүүдө. Суу тартыштыгы Чүйгө эле тийиштүү көйгөй эмес, республиканын башка аймактарына да чакан суу сактагычтарды курууну пландап жатабыз.

“ДЫЙКАНДАР ЖАМГЫРГА ИШЕНИШКЕН”

Шайырбек Сагынбаев, Сокулук районунун Асылбаш айылындагы Суу пайдалануучу ассоциациянын жетекчиси:

– Дандын чыгышы биринчи кезекте уруктан, экинчиси жерден, анын себилишинен көз каранды. Айрымдар акчасын аяп начар урук себишкен. Алардыкы күн ысыкта күйүп, өспөй калды. Былтыр күздө сепкендер күздө, быйыл жазда сепкендер эрте жазда эскертүүлөрүмө карабай сугарышкан эмес. Баары жазгы жамгырга ишенип жатып алышкан. Эми суу аз болгондуктан талаш болуп жатат. Суунун башындагылар такыр жерге кулпунай менен малина отургузуп алышкан. Алар сууну көп талап кылган өсүмдүктөр. Биз Сокулук суусунан пайдаланабыз. Ал суунун 48 пайызы Москва, 52 пайызы Сокулук районуна кетет. Асылбаш айылынын узундугу 18 чакырым. Айылдын төмөн жагында бирөө сугарып жатса, жогору жактагысы сууну буруп алат. Сууну кезектешип айылдын өйдө жагын дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин, төмөн жагын калган күндөрү пайдалангыла деп бөлүп койгом. Бирок кезекке баш ийбестен ар ким өз билгенин жасап жатат. Эл бири-бирин түшүнгүсү жок. Айыл ичинде “Кудайдын бекер суусу” деп сууга акча төлөбөгөндөр бар. Мен суунун литрин 0,3 тыйындан сатып алып, элге кайра 0,6 тыйындан сатам. Ошодон пайда көрөм. Ошону да беришпейт. Климатка байланыштуу суунун көлөмү жыл санап азаюуда, бирок аны туура колдоно билсек баарыбызга жетиштүү болот эле. Эгер тартипке баш ийип, белгилүү бир эрежелер менен иш кылбасак суу тартыштыгын жоё албайбыз. Акыры келип баарына өкмөт күнөөлүү болуп жатат.

“3 ГЕКТАР АРПАМ КҮЙҮП КЕТТИ”

Уланбек Абдырахманов, Сокулук районунун Асылбаш айылынын жашоочусу, дыйкан:

– Суунун тартыштыгы биздин айылда башынан эле бар. Бирок быйыл бөтөнчө тартыш болууда. 3 гектар арпа сепкем, бирок бир ирет да сугара албай калганыма байланыштуу баары күйүп кетти. Үрөн өзүмдүкү болгондуктан көп чыгым тарткан жокмун. Бирок башка дыйкандардын эмгеги талаага кетип, чыгымга учурашты. Короодо өскөн жашылчаларды, мал сугарганга суу таппай калып жатсак талаалар кайдан сугарылат? Бардык дыйкандардын көйгөйү ушул. Жогорудагы Конуш айылындагы 1 каналда 12 түтүк бар. Алар каалаган учурунда буруп алышат. Таң атпай сууну жыгып келип, 1-2 саат сугарганыбыздан кийин эле буруп алышат. Эки-экиден урушуп, мушташкандар жок эмес.

“1000 ГЕКТАРДЫН 300 ГЕКТАРЫ ГАНА СУГАРЫЛАТ”

Турарбек Бейшебаев, Сокулук районунун Шалта айылынын тургуну, дыйкан:

– Суу көйгөйүнөн улам Шалта айылынын тургундарынын талаасын сугаруу үчүн 2017-жылы түтүк орнотулган. Суу Жыламыш суусунан келет. Бирок түтүк сапатсыз болгону аз келгенсип, туура эмес да орнотулган. Суткасына 6912 куб метр суу келсе, аны эки киши бөлүп алышат. Жогорку Белек деген айылдан суткасына 3456 куб суу арык менен агып келет. Жерге сиңип отуруп дыйкандарга 1729 кубдун тегерегинде суу жетет. Айылга тиешелүү 1000 гектардын 300 гектары гана сугарылат. Ушул себептен элдин көпчүлүгү дан эгиндерин, беде айдашат. Бизге бир күндө 1200 куб суу берип турушса жакшы болмок. Биринчи чабыкта 1,55 гектар жерден 150 түк беде алдым. Менин ары жагымдагы адам сугат жерден 1,80 гектар бедеден 400 түк алыптыр. Жүгөрүлөр көтөрүлбөй, арпалар күйүп жатат. Айылда тамчылатып сугарууну баштагандар жок эмес, бирок бул дан эгиндерине туура келбейт.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kkkk3259780
2021-06-28 10:43:18
Башты жакшы итештишсе жакшы келет суу, жетекчилер силерге тиешелуу, болбосо кеткиле да...
0
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА