ОЛИМПИАДАГА ДАГЫ БИР ЖОЛДОМО

Ок атуу спорту боюнча Кыргыз курама командасынын мүчөсү Каныкей Кубанычбекова Токиодо өтө турган XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды.

Маалыматка ылайык, аялдар арасында ок атуу боюнча кимдердин лизенция алары оффлайн жана онлайн түрдө өткөн көнүгүүлөрдүн эл аралык таймашынын жыйынтыгында белгилүү болгон. Спортчу кызга лицензия алууга квалификациялык чакан стандарттарды Казакстан, Индия, Кувейт, Азербайжанда өткөн эл аралык турнирлерге катышып аткарганы да жардамын тийгизген.

Каныкей Кубанычбекова 2020-жылы өткөн Кыргыз өлкөсүнүн Кубогунун жеңүүчүсү. Мындан сырткары көптөгөн эл аралык мелдештерде баш байгеге ээ болгон.

Каныкей Кубанычбекова – ок атуу боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо уткан алгачкы кыргыз спортчусу.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан