28-ИЮНДАН 4-ИЮЛГА ЧЕЙИН

.


КОЙ (21.03-20.04)

Кыйын деген иштер да оңой бүтө баштайт. Жетекчиликке же бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу, сотко доо өндүрүү боюнча арыз жазуу сыяктуу иштер алгылыктуу жүрөт. Креативдүү идеяларды ойлоп табууга достор жардам беришет. Үйдөгүлөр акча сурашат, таап бересиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жалкоолук жана ишке шалаакы мамиле жасоо кирешенин азайышына жеткирерин эске алыңыз. Таарынышкан адамдар менен элдешип, ылымсанашкандар менен көп баарлашасыз. Иште жумуш ордуңузду ыңгайлуу кылуу үчүн бир нерселерди сатып аласыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Идеялардын үстүнөн иштеп, ишке ашыра баштаңыз. Кокусунан эле сизге жакшы мамиле кыла баштаган адамдар менен мамиле түзүүдө этият болуңуз. Акчаңыздын корошуна ошондойлор себепчи болушу мүмкүн. Белгиленген жолугушуулар күткөндөй жыйынтык бербейт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Баарына өзүм билемдик кылган мамилеңиз чөйрөдөгүлөргө жакпашы мүмкүн. Алардын ой-пикирин эске алуу керек. Туура эмес маалыматты колдонуудан, чакырган жерден кечигүүдөн алыс болуңуз. Врачтын көрсөтмөсү менен дарыланып баштооңуз мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Тажрыйбага таянып жаңы идеялардын үстүнөн иштеп жумушка салым кошо аласыз. Муну жетекчилик баалайт. Топтогон акчаңызды коротуудан карманыңыз, кайра акча топтоо кыйын болот. Үйдө териштирүү, тыюулар көп болуп, эркиндигиңиз чектелет.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Пландарды өзгөртүүгө туура келет. Буга чейин умтулган нерсеңиз актуалдуулугун жоготушу мүмкүн. Достор менен мамиледе өзгөрүүлөр болот. Бири менен түшүнбөстүктүн айынан урушуп узакка сүйлөшпөй калууңуз ыктымал. Жаңы ишке сунуш түшөт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Иштеген жериңизде өзгөрүү болот, өзгөрүү сизди да четте калтырбайт. Үйдө жумуштар көп болуп, үй менен жумуштун ортосунда чуркап чарчайсыз. Кыймылдуу же кыймылсыз мүлк боюнча үйдөгүлөрдүн ой-пикирлери ар башка чыгып, бир чечимге келүү кыйын болот.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Иштердин баарын өз күчүңүз менен бүтүрүүгө туура келет. Бул, албетте, кыйынчылык туудурат. Квалификацияны жогорулатууга ыңгайлуу убакыт. Эгер үйгө ала турган нерсеңиз үйдөгүлөргө жагарынан күмөн санасаңыз албаганыңыз оң.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Иште бирөөлөрдүн сөзүн туура эмес түшүнүп, такташууңуз мүмкүн. Жакын адамыңызга өткөн-кеткендерди айтып, чырдын чыгышына себеп болбоңуз. Чарчаганыңызды сезсеңиз эмгек өргүүсүнө чыгыңыз. Сапарга чыгуу сунушталбайт, жолдо кыйынчылык күтүлөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Бизнес менен алектенгендер эрктүү, өжөр болуп иштеше турган жаңы өнөктөрдү табышат. Бойдоктор өздөрүнө сөз айтып, мамиле түзүүнү сунуштагандардын аракеттерине көңүл бура башташат. Жетекчиликтин мамилеси жакпаса да жаңы иш тапкыча унчукпай туруңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Энергияңыздын көбүн ишке сарптап жатканыңызга байланыштуу анын ордун толтуруу үчүн витаминдүү тамактаныңыз. Иштеген жериңизде кондиционерди этият иштетпесеңиз ооруп калуу коркунучу бар. Дем алышта тойго же башка иш-чарага катышууңуз ыктымал.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жаңы тааныштар ар нерсени айтып, алган багытыңыздан адаштырууга аракет кылуулары ыктымал. Аларга эмес, өзүңүзгө ишениңиз. Балдарды тоо, токойго эс алдырууга алып барганда аларды жаракаттардан сактоо керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан