Бул сезондогу Кыргыз Премьер Лигасынын бомбардирлеринин бири, Футбол боюнча улуттук курамдын жана “Дордой” клубунун оюнчусу Турсунали Рустамов бизде конокто. Аны менен Японияга болгон сапары, өлкө чемпиондугу, деги эле футболдук карьерасы тууралуу маек курдук.
– Саламатсызбы, Турсунали мырза, ден соолугуңуз жакшыбы?
– Саламатсыздарбы? Чоң рахмат, жакшы.
– Японияга болгон сапар тууралуу айтып берсеңиз, баргандан кийин жаралган жагдайлар канчалык терс таасирин тийгизди? Монголиядан утулуп калуу силерге деле күтүүсүздөн болсо керек?
– Японияда бизде коронавируска байланышкан өтө түшүнүксүз кырдаал жаралды. Оюнчуларга, дарбазачыларга машыгууга уруксат беришкен жок. Маселе эмнеде экенин түшүнгөн жокпуз. Күн сайын аэропортто, мейманканада текшерип жатты. Баарынын анализи таза чыккан. Биз машыгууга чыкканча баары өз жайында болчу. Капыстан эле машыктыруучулук штаб, оюнчулар, 3 дарбазачы тең сары зонага кирип калышты. Мунун баары бизге психикалык жактан оор болду. Биз муну билгизбөөгө аракет кылдык, бирок, тилекке каршы, Монголиядан утулуп калдык. Оюндун жүрүшүндө гол жаратууга жакшы учурлар болду, ойной алмакпыз. Бирок гол жарата албадык. Оюн алдында жаралган көйгөйлөр терс таасирин тийгизбей койгон жок. Биз эң өкүнүчтүү голду киргизип алдык. Ал эми Мьянма менен болгон оюнду жакшы баштадык. Монголия менен болгон оюндагыдай эле топко биз ээлик кылдык, көп гол жараттык.
– Алсыз командага караганда күчтүү команда менен ойногон кызыктуу болсо керек. Япондор менен болгон оюндан тажрыйба алдым деп айта аласызбы?
– Япония дайыма Дүйнө, Азия чемпиондугуна катышып жүргөн күчтүү, мыкты команда. Дайыма эле мындай бийик деңгээлдеги команда менен ойноого мүмкүнчүлүк боло бербейт да. Биз утулдук, бирок баа жеткис тажрыйбага ээ болдук. Мындан ары ушундай чоң деңгээлдеги оюндарга кандай даярданып, кантип ойноо керек экенин түшүнүп да алдык.
– Бул сезондо КПЛде бомбардирлердин сап башындасыз, голдор эмнеси менен эсиңизде калды?
– Голдор ар кандай болот. Жараткан голдорумдун баары өзгөчө эсте калат. Бирок бизде эң негизгиси – команда. Ким гол жаратып жатат, ал маанилүү эмес. Башкы милдетибиз – ар бир оюнду утуп, чемпион болуу.
– Өлкөдө фаворит саналган “Дордойго” кайсы командалар катуу атаандаштык жаратууда?
– Быйыл Өлкө чемпиондугу өзгөчө күчтөндү. Бардык командалар, ошол эле “Абдыш-Ата”, “Алга”, “Каганат” күчтүү атаандаштык жаратууда.
– Футбол ааламына кандайча келип калгансыз, эмне себеп болгон?
– Атам футбол ойночу. Ошондон улам кичинемден тартып эле менде футболго болгон кызыгуу ойгонгон. Ошондо эле кайда барарымды, эмне менен алектенеримди билчүмүн.– Алгач ирет улуттук курамда оюн талаасына чыккан күн эсиңиздеби?
– Улуттук курама командада ойноо ар бир спортчунун кыялы. Мен улуттук курамда ойной турган талапкерлердин катарында экенимди билгенде абдан кубангам. Алгач ирет 2012-жылы Казакстан курамасына каршы ойногонбуз, жакшы оюн болгон.
– 7-номерде ойноп жүрөсүз, Криштиану Роналдуну эске салган бул сан жагабы? Негизи эле оюнчулар номерди өздөрү тандайбы?
– Азыр 7 номери менен ойноп жүрөм. Мага бул сан жагат. 7-номерде көптөгөн улуу, мыкты футболчулар ойногон жана ойноп келет. Улуттук курамда көпкө ойногондордун өзүнүн номери бар, ар дайым эле алмаштыра бербейсиң. Эгер сени курамга чакырбаса, анда башка бирөө кие берет.– Атаандашка утулуп жатканда сизде кандай сезимдер болот?
– Футбол командалык оюн, бирок ар бир оюнчунун моюнунда чоң жоопкерчилик болот. Тагыраак айтканда, оюндун жыйынтыгына таасир берген каталар болуп калат. Утулуп калганда бардыгын таштап басып кеткиң келет, бирок эркти кармап, кайтууга күч табабыз.
– Футболдук карьераңызды чет элдик клубдарда өнүктүрүү тууралуу ойлор барбы?
– Мындай пландар, түшүп жаткан сунуштар да бар. Бирок жылдын аягына чейин “Дордой” менен түзүлгөн келишим бар. Андан кийин көрөбүз.
– Сизди өстүрүп, ушул эрезеге жеткирген ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз. Бир туугандарыңыздын арасында спортко кызыккандар барбы?
– Ата-энем Тажикстандын Согди облусунун Пролетарск районунда жашачу. Кыргызстанга 1993-жылдары көчүп келгенбиз. Балалыгым Кара-Балта шаарында өттү. Атам ишкер, апам үй кожойкеси. Үй-бүлөдө 7 бир тууганбыз, 4 карындашым, 2 иним бар. Үйдө менден башка эч ким спорт менен алектенбейт. Атам гана футбол ойночу.
– Мыкты футболчу үйдө кандай жолдош, кандай ата?
– Үйдө деле спорттогудай тартип менен жашайбыз. Дайыма машыгууда, оюнда жүрүп үйдө боло бербейм. Андыктан көпчүлүк учурда үй иштери менен жубайым алектенет.
– Жашоодо, карьерада деги эле алдыга койгон негизги максатыңыз?
– Эркектерге таандык 3 талапты аткардым: үй курдум, балалуу болдум, бак отургуздум. Эми ата-энебиз бизди тарбиялагандай балдарга жакшы тарбия берсем дейм. Ал эми карьерада Дүйнө жана Азия чемпиондугунда ойноону кыялданам.
– Маегиңизге рахмат!
Динара Акимова