Сырга Сагынбекова, ырчы: «СЫНАКТАРДАН КӨҢҮЛҮМ КАЛГАН»

Бул ырчы кыздын чыгармачылык чыйыр жолу музыкалык сынактардан башталган. Ал сынактардын биринен көңүлү калып, ортодо тыныгуу алып калды. Музыкалык билим алып такшалгандан кийин гана чыгармачылыкка билек түрө киришти. Ал татына жүздүү, мукам үндүү талантуу ырчы Сырга Сагынбекова.

– Cырга, салам! Ырчылык балалыктагы кыялың беле?

– Сүрөтчү же балерина болууну кыялданчумун. Пианино ийримине барып жүрүп ыр дүйнөсүнө арбалып кеттим окшойт. 5-класстан баштап ар кандай музыкалык кароо-сынактарга катышып ырдап баштадым. Мектепти аяктап Бишкекте жогорку окуу жайда окуп калганда теледолбоорлордун бирине катышкам. Вокалдан билим ала элек, айылдан жаңы келген кезим болчу. Долбоордо мен үчүн таң калычтуу нерселер болуп, көңүлүм калып калган. Ал кезде кичинекей болгонум үчүн көп нерсе көңүлүмө катуу тийген окшойт. Ошондон кийин сынактарга катышпай, баш-отум менен окууга кирип кеттим. Окуумду бүткөндөн кийин гана ыр жаздырып, клип тарттырып баштадым. Азыр “сен илгери эле ырдап чыгып, жылдыз болушуң керек эле. Эмне кылып жүрдүң?” деп калышат. Ошол сынактан кийин көңүлүм калып, ортодо тыныгуу болуп калды.

– Көңүлүңдү калтырган кандай нерселер болду эле?

– Атаандаштык, көптөгөн интригалар болгон. Азыр ошол нерселер мен үчүн нормалдуу көрүнүш. Долбоордо өзүмдү жакшы көрсөткөм, эл таанып калган. Дүйнөлүк хит ырларды, оор ырларды ырдап тырмыша берчү экенмин.

Кийин Анарбек Ибраев агайдан вокалдан сабак алдым. Ал үнүмдү коюп берди. Моралдык жактан колдоп, тарбиялап, кеп-кеңештерин азыркыга чейин берип келет. Экөөбүз учурда бир окуу жайда иштеп кесиптеш болуп калдык. Андан тышкары Рафаэль Сарлыков, “Камбаркан” оркестринин жетекчиси Рысбек Жумакуновдон сабак алгандан кийин ырдап баштадым.

– Эл көзүндөгү адамдарды ар кандай сөздөр ээрчийт эмеспи. Социалдык тармактардагы кандай комментарийлер көңүлүңө катуу тиет?

– Өзүм тууралуу жазылган комментарийлерди көңүлүмө албайм. “Ата-энеси тарбия берген эмес го” деп каргап жибергендер болот. Ошондой комментарийлерди жүрөгүмө алам. Ата-энем өтө карапайым болгону менен, жан дүйнөсү бай адамдар. Эч качан тыюу салышпайт, чектешпейт. Балдарына сүйүүсүн болушунча арнап, татыктуу тарбия беришкен. Менин кандай экенимди алар жакшы билишет, кесибимди түшүнөт. Азыркыга чейин кийимим тууралуу да, “сен мындай сүйлөп койдуң” деп да сын айтышпайт.

Ата-энеме кээде кошуналар, тааныштар “кызыңды жөн дебейсиңби. Кечээ телевизордон көрдүк, өтө кыска кийинип алыптыр, уят да” дешет экен. Апам аларга “кызымдын өзүнүн иши, ал артист. Ар кандай образда кийинет. Биз ага ишенебиз” деп жооп берет экен. Кичинекейибизден эркин өстүргөн ата-энемдин колдоосуна, ишеничине ыраазымын. Бир туугандарым да чыгармачылыгымды колдошот.

– Апаң баатыр эне экен...

– Апам баатыр эне, атам баатыр ата (күлүп). 7 бир туугандын алтынчысымын. 2 эркек, 5 кыз. Ата-энем айылда жеке ишкер. Үй-бүлөбүз менен музыкага жакынбыз. Таятам комузчу болуптур, атам ыр жазып, ырдап калат. Бизди музыкага жакын өстүрүштү. Сүрөт, ыр, бий ийримдерине бардым. Өздөрү музыкалык билим алышпаса да балдарына болгон шартты түзүп беришти.

– Айылды сагынасыңбы?

– Сагынып, бат-бат барып апама жардам берип турам. Айылды эстегенде бала чагым эсиме келет. Өтө тентек болчумун, үйгө токточу эмесмин. Маданият үйүнөн чыкпай концерттерде жүрчүмүн. Үйдөгүлөр шылдыңдап “керебет коюп берели, ошол жакта жаша. Үйгө келип жумуш жасасаң эле башың ооруй берет, концертке барсаң эле жакшы болуп каласың” деп калышчу (күлүп). 5-класстан 11-класска чейин 5 мүнөттө сүрөт чыгарган фотосалондо фотограф болуп иштегем. Фотоаппарат моюнумдан түшчү эмес. Айылда мени “сүрөтчү кыз” деп таанышчу. Ырдап калгандан бери “ырчы кыз” деп калышты.

– Ырчы кыздын жүрөгү бошпу?

– Жүрөгүм бош. Сиздерде шанс бар. Тамаша (күлүп). Жигитим жок. Азыр иштеп, убактымдын баарын өзүмдү өстүрүүгө арнап жатам.

– Кандай жигиттер жагат?

– Бою менден узун, кара тору жигиттер жагат. Жөнөкөй, сөзүнө турган, тамашакөй, чыгармачылыкты түшүнгөн мырза болсо сонун болмок. Чыгармачылыкты түшүнбөгөн адам менен сүйлөшө албайт экенмин. Кээде жигиттер менен таанышып калганда “ырчымын” десем, “ушундай да кесип болобу? Ошол менен өмүр бою жашайм деп ойлойсуңбу? Мүмкүн эмес го. Кыздар үйдө отурушу керек” дешсе, дароо “аа, ошондой беле? Макул, жакшы кал” дейм. Мындай көз караштар да жашаганга укуктуу. Ал чыгармачылыктан алыс болсо, балким, мен математикадан алысмын. Ошентсе да чыгармачыл адамга издөө салам (күлүп).

– Ошол чыгармачыл жигитке өзүңдү сүрөттөп кетсең...

– Карапайым, жөнөкөй, тамашакөй кызмын. Ачыкмын, оюмду бетке айтып салам. Досторум “эркек мүнөзсүң” дешет. Ошондуктан “назик эмес окшойм” деп ойлоп калам. Бирок айрымдар “назиксиң” дешет. Ырдаганды жакшы көрөм. Уйкучумун, тамак жасаганды билбейм. Бир жакка бара турган болсом кечиге берген жаман адатым бар. Психологго эле кайрылып бул адаттан арылат окшойм. Аябай эмоционалдуумун, дароо жарылып кетем, сабырым аз. Бирок бир аз жумшарып калдым.

– Чыгармачылыктан досторду таптыңбы?

– Аябай жакыны деле жок. Санаалаштар бар. Кудайберди Айтбосунов экөөбүз чогуу иштейбиз. Тамганы сыйлам, чыгармачылыгын, үнүн жакшы көрөм.

– Маегиңе рахмат. Ийгиликтерди багынта бер!

Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
"Кийингениме, жүргөн-турганыма ата-энем кийлигишпейт" дейт ырчы Сырга Сагынбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Kona8631
2021-06-28 09:28:02
Мындайлар куйого тийбей калат ..жамгырчиевага окшоп
-5
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-06-28 11:07:45
Стили да карапайым экен.
+1
Nina.alex
2021-06-28 12:43:35
"Эркек мунозмун,мурда эле ырдап чыксан болмок дешип атат,озум кийингеним озумо жагат,нервим жука,кичинекейимде бейбаш бодчум,ырдап эле концерт коюп журчум"деген маекти тии супер инфо гезити пайда болгондон бери окуп келе жатабыз
+1
Mirnar
2021-06-28 17:17:33
Сулуу экен.
-2
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан