БИР БҮРКҮМ. ИИМ ОКТЯБРЬ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СУРАК ЖҮРГҮЗҮҮДӨ...

  • 24-июндан тарта “Манас”, “Ош” жана “Ысык-Көл” эл аралык аэропортторунун имаратына жүргүнчүнү узатууга жана тосуп алууга барган жарандар киргизилбейт.
  • Өлкөдө 2023-жылдын аягына чейин 5G технологиясын киргизүү пландалып жатканын Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчиси Талант Калыков билдирди.
  • Коронавирус: Казакстан Кыргыз өлкөсүнө жардам катары QazVac вакцинасын жөнөтөрү айтылды.
  • Чыңгыз Макешов КСДП фракциясынан парламентке депутат болуп бекитилди.
  • Ош облусунда уурулук кылмышына шектелип 6 адамдан турган топ кармалды.
  • Өлкөдө 23-июнга карата коронавируска каршы 7890 адам дарыланууда, алардын 881инин абалы оор деп бааланууда.
  • Саясатчылар Клара Сооронкулова жана Эльвира Сурабалдиева Октябрь окуясы боюнча ИИМге суракка чакырылды.
  • 21-июнда президент Садыр Жапаров кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиктери үчүн бир катар аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
  • Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо 2-июлга дайындалды.
  • Депутат Рыскелди Момбеков ИИМге суракка чакырылды.
  • Камилжан Абдыкалыков Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору болуп дайындалды.
  • Бейтаптардан COVID-19 илдети табылганынан улам Жалал-Абад облустук төрөт үйү 14 күнгө карантинге жабылды.
  • Аксы районунун борбору – Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоо 5-июлга дайындалды.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан