Садыр Жапаров: “УКМКнын КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КЫЗМАТЫ ЖОЮЛАТ”

Жакында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюлат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-июнда Бишкекте бизнес-өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Учурда тийиштүү буйрук даярдалып жатканы айтылды.

Жапаров өлкөдө ишкерлердин текшерүүчү органдарга нааразычылыгы күчөп кеткенин белгилейт.

– Укук коргоо жана фискалдык органдардын кызыкчылыгынан улам ири ишканалардын иши токтоп калган фактылар бар. Салык кызматы пландык текшерүүлөр азайды деп маалымат бергени менен, пландан тышкаркы текшерүүлөр көбөйүп кетти. Салык кызматы тарабынан көптөгөн текшерүүлөр укук коргоо органдарынын кайрылуусу боюнча да жүргүзүлүүдө. Бул бизнеске басым жасоо азайбай жатканынын белгиси. Ушундан улам Финполдун ишин анализдеп, көптөгөн даттанууларды эске алып органды өзүн-өзү актабайт деп таап, жоюп салдык. Бул ишкерликти колдоодогу чечкиндүү кадамдардын бири,- деди президент.

Эскерте кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 2011-жылы түзүлгөн. 2020-жылы күздө Сооронбай Жээнбеков отставкага кетерде аталган кызматты жоюп, көп өтпөй Садыр Жапаров тарабынан калыбына келтирилген эле.

Садыр Жапаров бизнести мыйзамсыз текшерүүнү токтотуу үчүн атайын кеңеш түзүлөрүн кошумчалады.

– Жакында Коррупцияга каршы ишкерлик кеңеш түзүлөт. Кеңешке бүт ишкерлер мүчө катары кирсе болот. Мыйзамсыз текшерүүлөр болсо ушул кеңешке же Башкы прокуратурага кайрыласыздар. Андан ары мен өзүм көзөмөлдөйм,- деди президент.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан