Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы лидерин алмаштырды. 21-июнда фракция мүчөлөрү төрага Сайдулла Нышановго ишеним көрсөтпөөнү демилгелеп, бул сунушту кезексиз жыйында 7 депутат колдогону айтылды.
Бул 7 депутат “фракция мүчөлөрүнүн көпчүлүгү” деп эсептелген. Нышановду лидерликтен кетирүүгө анын “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү эмес экени да себеп болгонун билдирет фракция.
“Ата Мекен” фракциясына төрага болуп депутат Шералы Абдылдаев, анын орун басарлыгына Наталья Никитенко шайланганы парламенттин 23-июндагы жыйынында жарыяланды.
Жыйында Нышанов ага ишенбестик көрсөтүү демилгеси колдоо таппай калганын айтып чыкты. "Ишенбестик көрсөтүү үчүн 8 добуш керек эле, мында 6 депутат добуш беришти. 1 добуш ишеним кат аркылуу берилди. Буга юридикалык баа берилиши керек",- дейт ал. Нышанов быйыл февралда “Ата Мекен” партиясынын катарынан чыгып жатканын жарыялаган.
Айта кетсек, 2016-жылы Өмүрбек Текебаев камакка алынып, депутаттык ишмердүүлүгү үзгүлтүккө учурагандан кийин фракцияны Алмамбет Шыкмаматов, Айсулуу Мамашова жетектеген. Сайдулла Нышанов 11 депутаты бар фракцияны 2021-жылдын март айынан бери жетектеп келген.
Жолдубек Качкынбаев