Ош шаарында УКМКнын кызматкери киши колдуу каза тапты. 20-июнда УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын ыкчам кызматкери топтолгон балдардын ур-токмогунан көз жумганын коопсуздук комитетинен билдиришти. Ал 24 жашта болгон. Кылмышка шектелип Ош шаарынын 22 жаштагы үч жараны кармалып, камакка алынды. Окуя “бейбаштык менен өлтүрүү” беренеси боюнча катталып, териштирүү жүрүп жатканы маалымдалды.
Бул быйылкы жылдын эсебинен УКМК кызматкерине карата биринчи кол салуу эмес.
Март айында Баткенде аткезчиликке каршы операция учурунда УКМК кызматкерлерине кол салуу болуп, окуядан 2 адам жаракат алган эле. Коопсуздук кызматы бул окуя тууралуу “20 адам аткезчилер менен атайын кызматтын өкүлдөрүнүн ортосунда массалык кагылышуу жаратууга аракет кылышты”,- деп маалымат тараткан. Окуядан көп өтпөй Баткен эли менен жолугушууда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын өкүлдөрүнө кол көтөрүү окуясы дагы кайталанса эч кимди аябай турганын айткан.
– Бул жолу жеңилирээк жаза берүүгө чакырам. Бирок мындай окуя экинчи кайталанбашы керек. Эгер биздин коопсуздукка коркунуч келтирген мындай окуя кайталанса, анда эч кимди аябайбыз,- деген Камчыбек Ташиев.
Жолдубек Качкынбаев