Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: “МЕНДЕ БААРЫ ЖАКШЫ, БИРОК ЖАЛГЫЗМЫН”

– Саламатсызбы, Гүлназ? Маекти чыгармачылыгыңыздан баштайлы. Кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Учурда “Жолуксак кандай жакшы” ырым менен жакшылыктарга чакыруулар көп болуп, башкача толкунда жүрөм. Бул ырды аткарып калуума апам себепкер болду. Буга чейин жай темптеги ырым жок болчу. Апам ырдын автору Мамарасул Мавляновдун аккордеон менен ырдап жаткан видеосун жөнөтүптүр. “Бул ыр мага жарашпайт го. Жеткире ырдай албасам керек” деп көңүл бурган жокмун. Бир канча убакыт өткөндөн кийин “автордон уруксат сурадыңбы?” деп чалганда гана авторго байланышып, уруксатын алдым. Ильяз Абдыразаковго чалсам бош экен, ырдын аранжировкасын жасап берди. Ошентип ыр бат эле даяр болуп, аткарылып калды. Апам менен атамдын группалаштарынын 40 жылдык жолугушуусу болгон. Ошол кечеге сюрприз катары жазылды. Ыр улуу муундарга эле жагат го десем, жаш кыздар да ырдап, видеолорун жүктөп жатышат.

Жакында Сыймык Бейшекеев экөөбүздүн дуэтибиз жарык көрөт. Ырдын аранжировкасы бүтүп калды. Данияр Эрматов экөөбүз да заманбап стилдеги дуэт даярдап жатабыз. Алдын ала айтып, Кудайдан улуу сүйлөбөш керек. Бирок хит жыттанып жатат (күлүп).

– Эң кымбат жазылган, тартылган ыр-клибиңиз кайсы?

– “Сагынарсың дагы” ырым клиби менен кошо кымбатка турду. Ыр жаңы карантинден чыгып жаткан учурда жарык көрүп калды. Элдин ою – ден соолук, амандык болчу. Ырды чыгарайын деп жатканда карантин болуп калып, кармап отура бердим. Жарым жыл өткөндө гана чыгарганга туура келди. 5 миң долларга даярдалган ыр, клип болчу. Бирок оюмдагыдай жайылта албай калдым.

– Стилиңизди өзгөрткүңүз келеби?

– Айылда, мугалимдин үй-бүлөсүндө чоңойгондуктан эпатаждуу стилге өткөнгө өзүмдү ынандыруу кыйын. “Чачыңыздын өңүн өзгөртүп, блондинка кылалы, каре кылып кесели” деп 2 жылдан бери стилист сунуштап келе жатат. Ага “даяр болгондо, убактысы келгенде өзүм айтам” деп кутулуп кетем. Образымды өзгөрткөнгө эрким жетпей жүрөт. Менде “эл эмне дейт?” деген нерсе бар.

– Дайыма күлүп жайдары жүрөсүз. Жаркын маанайдын артында жашырылган муң жокпу?

– Кайгырган учур ар бир адамда болот. Мен да капаланып калам. Аны күлкүнүн артына жашырбайм деле. Мен канча ойлонсом да чечилбей турган же мен каалагандай эмес чечилип калган нерселер бар... Ушул, сен бир нерсе айттырайын деп турасың, ээ? (күлүп)

– Ооба. “Жашоомдо чоң сыноо болгон” дегенсиз. Эмне болгон сыноо экенин ачыктоого убакыт келдиби?

– Кудай бешенебизге жазганды көрөт экенбиз. Ошого эле чектелип “эмнеге мындай сыноо бердиң?” деп нааразы болбошубуз керек. Алыңа жараша сыноо берет тура. Эгер мен ошону жеңе албай, жаман жакка түшүп, жаман жолдорду басып кете турган болсом Кудай ал сыноолорду бербейт эле. Күчтүү экенмин, жеңип чыктым. Бирок аны айтуунун убактысы келе элек. Ал сыноодон өтүп кеттим. Бирок ошол окуянын жүрөк өйүткөн жерлери бар. Аны кино кылып тартса болот.

– “Кайда барсам да жоксуң” деп ырдап жүрүп акыры издеген адамга жолуктуңузбу?

– Жок, жок (ырдап). Бизде “ырчылык кесип айымдарга үй-бүлө курганга жолтоо болот” деген түшүнүк чын экенин өзүмдүн башымдан кечирип билип жатам. 2 күн Ошто, 2 күн Бишкектемин. Түн бир оокумда үйгө келесиң. Бул бардык мырзаларга жакпайт, кызганыч болот.

Үй-бүлө күтүш үчүн чыгармачылыкты экинчи орунга коюп же баш тартыш керек экен. Жакшы ой-максат менен сөз айткан мырзалар бар. Бирок азырынча үй-бүлөнү тандоо учуру келе элек. Анткени сахнада жүргөнүмө 3-4 жыл эле болду. Чыгармачылыкка койгон максаттарым толук ишке аша элек. Биздин кесипти туура түшүнгөн, үйдө отургузуп салбаган мырза болсо, балким, үй-бүлө куруу максатым ишке ашып калаттыр. Дайыма жанымда жүрбөсө да мага ишенип турса өзүм эле ишеничти актамакмын. Андан коркконум үчүн эмес, өзүмдүн принциптеримди сыйлаган үчүн бейчеки басмак эмесмин.

– Сүйүүгө ишенесизби?

– Сүйүүнү адамдар өздөрү жаратат, бири-бирине болгон мамиле менен. Эң биринчи баарлашууда эле сөзүң бүтпөй улана бергени кандай сонун. Жаш кезде тааныш, дос, той болуп жашообуз өтө берет. 50 жашка барып калганда жолдошум менен ортого ысык чайды коюп алып “күнүң кандай өттү?” деп, өткөн-кеткенди эстеп, жан дүйнөң жуурулушуп сүйлөшүп отурган сүйүүнү каалайм.

– Аял кишинин бактысын күйөө менен ченеп койгон түшүнүккө кандай көз караштасыз?

– Негизги аялдык бакыт күйөөдө. Азыр менде баары жакшы. Кыялдарым ишке ашып келе жатат. Каражаттан мурункудай маселе жок. Бирок үйгө келгенде жалгызсың. Күнүңдүн кандай өткөнүн бирөөгө айтып берген сонун го. Комментарийлерге жооп берип, окурмандар менен сүйлөшүп уктап калам (күлүп). Бирок аялдык бакыт эркектерге гана байланган дегенге кошулбайм. Аял өз кыялдарынан баш тартып, үйдө отуруп калбашы керек.

– Күчтүү жана алсыз жактарыңыз?

– Эрким күчтүү, максат койсом ишке ашырганга чейин аракет кыла берем. Жакшылыктан эч качан үмүт үзбөйм. Көз көрүнө жамандык кылып жатса да жакшылыктан үмүт үзбөйм. “Демек, ал адамга эмоциясын чыгарганга жардам берип жатам” дейм. Ишенчээктик, уйкучулугум алсыз жактарым.

– Маегиңизге рахмат! Кыялдар орундала берсин!

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Jasmina..
2021-07-05 10:50:33
Ушул кыз жагатда ..Бүгүн туулган күнү.Бактылуу болсун.Эч оорубасын.Дайыма ушундай жаркырап жүрө берсин..
+7
kkkk3259780
2021-07-05 11:07:50
Андай мырза таппайсын го чон кыз...
+1
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан