Каныкей, ырчы: «БАГЫТЫМДЫ ЖОГОТТУМ ДЕП ОЙЛОГОМ»

“Ичтен сызып, сыртымдан күлөмүн. Эмне себептен өзгөрүлдү өмүрүм?”дегендей, көбүнчө ырларым өзүмө мүнөздүү сыңары. Бирок эч нерсеге карабастан мен бактылуу адаммын”,- дейт сыноолорго сынбаган Каныкей. Гезиттин башкы бетин кооздоп, жаркын жашоого чакырган ырчы жашоо сүртүмүндөгү сырлары менен бөлүштү. Ичте жаткандары оргуп чыгып, төгүлүп берди. Каныкейдин жан дүйнөсүнө чогуу саякаттайлы.

– Каныкей, салам! Арыктап, мурунку калыбыңа келип калыптырсың...

– Салам! Жаз айларында үй-бүлөмдө чоң сыноо болду. Балким, ошондо санаа тарып жүргөндө салмак таштасам керек.

– Сыр болбосо, эмне сыноо экенин билсек болобу?

– Көп адам ооруйт. Кээ биринин жан дүйнөсү, айрымынын ден соолугу жабыркап жаткандар бар. Алардын арасында биз да барбыз. Тилекке каршы, жаз айында жолдошумдун чанда кездешкен оорусу бар экенин билдик. Бул кабарды укканда бүт дүйнөм көңтөрүлүп кеткендей болду. Экөөбүз тең жаман болуп, бир заматта мүңкүрөп калдык. Ой басты, санаа тарттым. Бирок бар күчүмдү топтоп өзүмдү колго алдым да, күйөөмө “бул оору бекеринен берилген жок. Ушунчалык чыдамкайсың, бардыгын ойлойсуң. Эми өзүңдү ойлой турган мезгил келди окшойт. Кудай көзүңдү ачып, кимдин-ким экенин билип, байкап жүр деген белги берди. Капа болбо, баары жакшы болот. Кудай берген жашты жашайбыз” дедим. Анткени чындап кимдин-ким экенин, ким бизге дос, ким тууган экенин билдик. Көзүбүз ачылды. Учурда жолдошумду моралдык жактан колдоп жатам. Томсоргонго акым жок. Анткени жолдошума, балдарыма керекмин.

– Эмне болгон оору экен?

– Аневризма (баштагы кан тамырлардын 2 эсе кеңейип кетиши). Тилекке каршы, дары менен айыкпайт экен. Операция жолу менен дарыласа болот. Чет өлкөдө гана жасалат экен. Бирок биз бирөөгө үмүт артып, жалдыраган адамдардан эмеспиз. Анткенге акыбыз да жок. Элдин өзүнүн тиричилиги бар. Бир тууган бир тууганга күйбөй калган заманда өзүбүз аракет кылып, дарт менен күрөшөбүз.

– Өзүңдү кантип колго алдың?

– Мен баарына жабылып, жан дүйнөмө кирип кеттим. “Тамеки чекпеген, ичпеген, эч кимди нааразы кылбаган, чынчыл, түз жүргөн жакын адамым кантип ооруп калат? Кудай, мени кантип жалгыз калтырасың?” деп сыздадым. Стрессте жүрдүм. Жан дүйнөм ооруду. Анан өзүмдү колго алып, дилимди айыктыра баштадым. Жолдошумдун духун көтөрүш үчүн жаркылдап-жайнап “көп кайгыра бербечи, мындай оору менен жашагандар бар экен, коркпо” деп шыктандырдым. Телеканалдардан сунуштар түшүп калды. Телеалпаруучу болуп өзүмдү алаксыта баштадым. Башымды бийик көтөрүп “муң-кайгыга батканга акым да, убактым да жок” дедим. Анткени жан шеригимдин музасы, деми менмин.

– Кудайга ишенесиңби?

– Сырты жалтырак, ичи калтырак болуунун эмне кереги бар? Албетте, ар бир адамдын Кудайды таануусу ар башка. Мен, мисалы, Кудайга абдан ишенем жана Жараткандын гана колундабыз деп ойлойм. Адамдын көркү чүпүрөк деген сыңары, ошол түшүнүккө оронуп алгандайбыз. Бирок адам адамдык сапаты менен гана артык болушу керек. Бул дүйнө кайтар дүйнө. Андыктан кылган ишибиз, эмгегибиз менен гана барктана алабыз. Ушул күнгө дейре Кудайдын жазганын көрүп, шүгүрчүлүк кылып, тобо келтирип, бирөөнүн эмгегин жебей жашап келе жатам.

– Жашоодо багытыңды жоготкон учур болду беле?

– Болгон. Чыгармачылыгым токтоп калганда көпчүлүк “Каныкей, ырдабай калдың” дешкен. Ошол кезде “мен ырдабай калдым. Багытымды жоготтумбу?” деп ойлонуп калчумун. Бирок андай эмес. Балким, мен ортодо ырдабай калып багытымды жоготкондурмун. Бирок жок болуп кеткен жокмун. Чыгармачылыгым убактылуу токтоп турганда багытымды жоготсом, башка жактан өзүмдү өстүрүп жаттым. Тактап айтканда, үй-бүлө куруп, уул-кыздуу болдум. Көрсө, бир гана чыгармачылыктан эмес, үй-бүлө күтүп ордумду таба алат экенмин. Азыр менин эки багытым бар. Бирөөсү – чыгармачылык, бирөөсү – үй-бүлө.

– Үй-бүлө кургандан кийин кандай кыйынчылыктар болду?

– Турмуштук сыноо болбой койбойт. Турмушка жаңы чыкканымды эстеп кетейин. Мен келин болуп келгенден бир жылдан кийин кайненемдин көзү өтүп кетти. Кайненем рак оорусунан кайтыш болду. Ошондо кайын журттун арасынан “бул кара жолтой, ошон үчүн өлүп калды” дегендер болду. Албетте, кыргыздын ырым-жырымын, каада-салтын урматтайм. Бирок “ак жолтой, кара жолтой” деген сөздөрдүн айтыла турган өз орду бар да. Бул сөз мага катуу тийген. Мен өзүмдөн күмөн санап “кантип эле мен жылдар бою топтолуп, убагы келгенде алып тынган жаман ооруну чакырдым? Мен эмне кара жолтоймунбу?” деп ыйлагам. Мейли, эгер мен кара жолтой болсом, анда эмнеге ошол сөздү айткан адамдар ак жолтой болуп рак оорусун айыктырып алышкан жок? Негизи адамдар алсыз жан болот турбайбызбы. Өзүнө суроо салбай туруп, бирөөнү күнөөлөгөндү адат кылып алыптырбыз.

Мени көбү “ажырашып эле кетсе керек” деп ойлогон экен. Анткени мүнөзүм кырс. Бирок жакшынакай жолдошум үчүн, Кудайым белек кылган балдарым үчүн турмуштук көп нерсеге чыдадым. “Ырчы болсоң өзүңө ырчысың, бизге келинсиң!” деген ороң-бараңдардын сөзүнөн тарта, укмуштуудай жылуу-жумшак мамилеге дейре туш болдум. Эң негизгиси мага бүтүндөй өмүрүн, сүйүүсүн арнаган жолдошум жана жанымдай көргөн балам менен кызымдын сүйүүсүнө арзыдым. Кыбыраган кыр ашат дегендей, жашоом өз колум менен жараткан үй-бүлөгө толду.

– Кекчилсиңби?

– Жок, кекчил эмесмин. Бирок жакшылыкты унутпайм, жамандыкты андан бетер. Кудайдын кулу болгондон кийин кекчил болууга акыбыз жок. Бардыгыбыз Кудайдын колундабыз.

– Маегиңе рахмат! Жолдошуңдун айыгып кетишине тилектешпиз!

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
nargiz-sa
2021-07-05 10:18:24
Тарбия көргөн кыз да
+10
alaialaibekov
2021-07-05 10:59:47
Жакшы маек болуптур.Жолдошун жакшы болуп кетсин ..
+12
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-07-05 16:12:04
Ден соолук каалайм.Оорусаң көзүңө эч нерсе көрүнбөйт экен...Мен да жакындарымдын, жардамы менен жакшы болуп кеттим.
+10
Asmat84
2021-07-07 09:51:15
Азаматсың Каныкей өтө сонун маек болуптур. Үй бүлөлүк бакыт каалайм. Жолдошун жакшы болуп кетсин. Убакытты өткөрбөй балким жолдошуңдун ден соолугу үчүн куру намыс дебей элден жардам сурагыла. Бул бир эле силер эмес, эң башкысы жолдошуң жакшы болуп кетсин. Кыргыз элим карап турбайт, ар кимибиз колдон келишинче жардам беребиз
+6
Baktiluumun.
2021-07-07 19:51:53

Бактылуу болгула.
+3
Birimdik5555
2021-07-08 06:48:29
Жолдошуна Аллахым шыпаа берсин, сакайып экоон бирге балдарынардын жакшылыктарын коруп, тен карыгыла
+7
Isikkolumkeremet
2021-07-13 23:56:40
Айыгып кетсин...ырларын эн сонун.а кайын журтка алтын таксан да жакпайсын окемдер айтмакчы оляям кетсин
0
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан