Франциянын спорт министри Роксана Марасиняню футбол күйөрмандарын Санкт-Петербург шаарында өтө турган Евро-2020нын чейрек финалдык беттешине барбоого чакырды.
Анын айтымында, учурда Орусияда коронавирус менен ооруп жаткан адамдардын саны аябай көп, ал жактан келген чет өлкөлүк жарандар сөзсүз карантиндик режимди сактоосу зарыл. Эске салсак, буга чейин 300 финляндиялык күйөрман Санкт-Петербург шаарына барып келгенден кийин коронавирус илдетин жуктуруп алганы аныкталган. Кызыгы, Франция-Швейцария беттешинде француздар швейцарлардан пеналтилер сериясында утулуп, чейрек финалга жетпей үйүнө кайтышты. Андыктан француз күйөрмандарынын Орусияга барышынын кажети деле жок.
Лунара Бекиева