ЕВРО-2020: ТУРНИРДИН БОМБАРДИРИ – АВТОГОЛ

Европа кубогунда мурункудай стадион толо ураалап, футболчуларды кыраан-сүрөөн болуп колдоп отурганга шарт түзүлгөн жок. Себеби Европанын көпчүлүк өлкөлөрү коронавируска байланыштуу элдин көчөдө жүрүшүн бир топ чектешкен. Стадиондорго шарт боюнча айрымдарына 25, кээ бирлерине 50 пайыз көрүүчү отурганга гана уруксат берилген. Миллиарддаган адамдарды экран алдына топтогон футбол учурда Европанын 11 өлкөсүндө, 24 улуттук курама команда менен өтүп жатат. Турнирдин урунттуу учурларын тизмектеп, Европа чемпиондугу кимге буюрарына саресеп салып көрөлү.

9 АВТОГОЛ! ЕВРОПА ЧЕМПИОНДУГУНУН ТАРЫХЫНДА РЕКОРД!

Бул жолку Европа кубогу сыягы автоголдор эң көп катталганы менен эсте калат. Өзүнүн дарбазасына өзү гол киргизген футболчулар Мерих Демирал (Түркия), Войцех Шченсный (Польша), Матс Хуммельс (Германия), Рубен Диаш менен Рафаэл Геррейру (Португалия), Лукаш Градецки (Финляндия), Юрай Куцка менен Мартин Дубравка (Словакия), Педри (Испания) болушту.

Испаниялык футболчу Педринин тепкен тобу өз дарбазасына акырын кирип кеткенде стадион толгон эл жарыла кыйкырып алды. Испандар бушайман болгону үчүн кыйкырса, хорваттар сүйүнгөнүнөн. Буга чейин өткөн жалпы Европа чемпиондугунда 9 гана автогол катталган, бул ирет бир эле турнирде мындай көп автогол катталганы рекорд экенин жазышууда.

ОРУСИЯ ТАЙПАЛЫК БАСКЫЧТАН ӨТПӨЙ ЫРГЫДЫ

Орусия курамасынын тайпалык баскычтан өтпөй оюндан ыргыганы бул турнирдин “окуясы” болду. Айрымдар 2018-жылдагы Дүйнөлүк чемпиондукта чейрек финалга чейин жеткен орус курамасы үчүн мындай жыйынтык уят экенин билдиришти. Көпчүлүк команданын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесовдун кетишин талап кылууда. Аны Орусия курамасынын мурунку машыктыруучусу Гус Хиддинктин ийгилигин кайталай алган жок дегендер болду.

ОЮН ТАЛААСЫНДА ЖҮРӨГҮ ТОКТОП...

Даниялык футболчу Кристиан Эриксен оюн талаасында кулап, жүрөгү токтоп клиникалык өлүмгө дуушар болду. Дарыгерлер эс-учун жоготкон Кристиандын жүрөгүнүн согушун калыбына келтирүүгө аракет кылышкан. Андан соң “Тез жардам” кызматы оюнчуну ооруканага алып кеткен. Футболчунун абалы учурда жакшы экени айтылат. Оюн учурунда жараат алган футболчулардын тизмесинде бельгиялык Эден Азар менен Кевин Де Брёйне да бар. Эки футболчу тең Португалия менен беттеште жаракат алып, оюн талаасын ташташкан. Ал эми бул жолку Европа биринчилигине швециялык Златан Ибрагимович, испаниялык Серхио Рамос, Даниэль Карвахаль, германиялык Марк-Андре тер Стеген өңдүү футбол жылдыздары жараатына байланыштуу катыша алышкан жок.

ЕВРО-2020дагы ЫЗЫ-ЧУУЛАР

Турнир баштала элек жатып украиналыктардын формасы ызы-чуу жаратты. Алар футболкасына өлкөсүнүн картасы түшүрүлгөн белги коюшуп, ага талаштуу Крым жарым аралын, чуулгандуу Донецк жана Луганск облустарын кошо киргизишкен. Футболканын жакасында “Слава Украине!” жана “Героям слава” деген жазуулар болгон. Көпчүлүк муну “саясий жүрүш” деп баалашты.

Австрия–Түндүк Македония беттешинде Македониянын дарбазасына 3-голду киргизгенден соң Марка Арнаутович түндүк македониялыктар отурган трибуна жакка барып кыйкырган эпизодду байкоого болот. Кийинчерээк футболчу “мен силердин Түндүк Македонияңарды сатып алганга кудуретим жетет” деген кемсинтүү сөздөрүн айтканы ачыкталган. Көрсө, австриялык футболчу этникалык серб экени белгилүү болду. Арнаутович бул кылыгы үчүн кечирим сураган, бирок УЕФА аны белгиленген эрежелерди сактабагандыгы үчүн беттештен четтетти.

Тайпалык оюндар старт аларга жакын Роналду маалымат жыйында алдында турган коланы ары жылдырып, таза суу куюлган бөтөлкөнү көтөрүп “мына муну ичиш керек” деп калтырып койгон. Роналдунун мындай негативдүү кыймыл-аракетинен “Кока-кола” компаниясынын акциясы түшүп, 4 миллиард доллар чыгым тартканы жазылууда.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Европа кубогунун финалы Лондон шаарында эмес, Будапешт шаарында өтүп калышы ыктымал. Анткени Англия бийлиги коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү киргизген, стадион 50 пайызга гана толушу керек деген талап бар. Ал эми Будапешт бийлиги стадионуна андан көбүрөөк эл батырууга макул.
  • Европа биринчилигинин тарыхында кубокту эң көп алган Германия менен Испания командасы эсептелет. Алар 3 жолудан чемпион болушкан.
  • Турнирдин эң кымбат оюнчулары – франциялык Килиан Мбаппе (160 миллион евро) менен англиялык Гарри Кейн (120 миллион евро).
  • Йоахим Лёв Германия курамасын 15 жылдан бери машыктырып келет. Бир команда менен мынча убакыт үзгүлтүксүз иштеген андан башка машыктыруучу жок.
  • Евро-2020да Испания курамасы бир да “Реалдын” футболчусун кошкон жок.

Австриялык күйөрмандар: «УКРАИНАЛЫКТАР АТАЙЫН АВСТРИЯГА УТУЛУП БЕРИШТИ»

Европа кубогунун дагы бир интригалуу окуясы – бул Украинанын плей-офф баскычына өткөнү. Австриялык күйөрмандар “Украиналыктар атайын бизге утулуп беришти, анткени бизди утса Италияга кез келмек. Италияны утууга алардын даремети келбейт, плей-оффто андан алсызыраак команда менен кез келиш үчүн бизди Италияга салып беришти. Мына эми украиндер Швеция менен беттешет, аларды жеңүү Италияга караганда оңой”,- деген пикирлерин айтышкан. Айрымдар “УЕФА Украина менен Австриянын беттешин иликтеши керек” дешсе, кээ бирлери украин машыктыруучусу Андрей Шевченконун куулукка салып командасын плей-оффко чыгарганын сындашууда. Австриялык күйөрмандар жөн эле безилдебеген өңдүү, себеби плей-оффтогу баскычта Австрия курамасы Италия менен беттеште 2:1 эсебинде жеңилип, үйлөрүнө кайтууга мажбур болушту. Ал эми украиндер Швецияны утуп, чейрек финалга чыгышты.

ЕВРОПА КУБОГУН КАЙСЫ ӨЛКӨ УТАТ ДЕП ОЙЛОЙСУЗ?

Кудрет Тайчабаров, Эл аралык спорт журналисттери федерациясынын мүчөсү:

– Бул Евро биринчилигин болжолдоо аябай кыйын болду мен үчүн. Анткени дүйнөнүн, Европанын чемпиону, вице-чемпиону болгон командалар Франция, Португалия, Германия, Хорватия плей-оффтук баскычта эле ыргып кетишти. Менимче, футбол курама командалык деңгээлде өсүп жаткандай. Чейрек финалга чыккан командалар боюнча болжолдоп көрсөм, Испания–Швейцария беттешинде испандыктар, Бельгия–Италия беттешинде бельгиялыктар, Дания–Чехия беттешинде даниялыктар жана Украина–Англия беттешинде англиялыктар жарым финалга жолдомо алышат. Жарым финалда Испания–Бельгия беттешинде Бельгия, ал эми Дания–Англия беттешинде Англия финалга чыгып, чемпиондук Бельгияга буюрганы калды окшойт. Чейрек финалда, албетте, Украинага күйөрмандык кылабыз. Бирок Англия үйүндө ойноп жатканы жана эң кымбат курама команда экенин эске алганда Украинага аларды утуу кыйын болуп калат. Эмне үчүн Бельгия? Булар тарыхта эчтеке утуп көргөн эмес, клубдук деңгээлде көп ийгиликтерди жараткан Лукаку, Азар, Де Брёйне сыяктуу жылдыздар курама команда менен да тарых үчүн бир нерсе жаратып кетишсе жакшы болмок.

Кубан Атабеков, спорт комментатору:

– Европа кубогун Бельгия же Италия алышы мүмкүн. Өзүм соңку кездерде Белгияга жан тарта коюп жүрөм. Ал эми Орусиянын оюну тууралуу айтсам, күтүлгөндөй эле болду. Орустар балдар футболун өнүктүргөндүн ордуна, легионерлердин айлыгын жогорулатып, көңүлдү ошолорго буруп келишкен. Англия 55 жылдан бери ири турнирлердин плей-оффтук баскычында немистерди ута элек болчу. Бул Евродогу немистерди утуп алганы Европа чемпиону болгонго тете болуп калды.

Канат Маматов, Кыргыз Футболдук союзунун президенти:

«ЕВРОПА ЧЕМПИОНДУГУНДА БЕЛЬГИЯНЫ ЭҢ КҮЧТҮҮ КОМАНДА ДЕП ЭСЕПТЕЙМ»

– Канат мырза, кутман күн! Бул жолку Европа биринчилиги күтүүсүз жыйынтыктарга бай болуп жатат. Нидерланды, Португалия, Франция плей-офф баскычынан жеңилип калды. Сиз үчүн да күтүүсүз болдубу?

–Ооба, бул турнирде күтүүсүз натыйжалар көп болуп жатат. Нидерландынын Чехияга утулушу, Франциянын Швейцарияга утулушу мен үчүн да күтүүсүз болду, дагы боло берет окшойт.

– Футболду өнүктүрүү үчүн, чемпиондуктарда жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн жаш футболчуларды тарбиялаш керекпи же легионерлердин санын көбөйтүш керекпи?

– Футболду өнүктүрүү үчүн, жакшы команда түзүү үчүн жаш футболчуларды тарбиялаш керек. Ал үчүн стадиондор, машыгуучу жайлар курулуп, футбол академиялары райондордо, облустарда, ири шаарларда ачылышы зарыл. Качан гана футбол ойноого мыкты шарттар түзүлгөндө мыкты футболчулар чыгат. Систем түзүп, анын негизинде иш алып барыш керек.

– Кайсы команда Европа чемпиону болот деп ойлойсуз?

– Бельгия го. Анкени, алардын футболунда кандай ойнош керек деген систем иштейт. Жаш балдар ошол систем менен иш алып барышат. Акыркы 20 жылдын ичинде реформанын негизинде жакшы натыйжаларга жетишип, күчтүү оюнчулар пайда болду. Бул Европа чемпиондугунда Бельгияны эң күчтүү команда деп эсептейм.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Beka1986
2021-07-05 09:28:58
Бельгия учуп кетти,Англия же италия чемпион болотго менимче
+1
Luntik
2021-07-05 10:59:02
Ишенген кожом сууга акты болду Бельгия))Англия че то кубокту алам деп туру...негизи мага Англия,Испания, Италия алса тан калбайм деле булар бышып жетилген чемпиондор да,Европаг жаны чемпион керек, жаны жуз, жаны оюндарга суусап каласын го ошондой эле чемпиондор деле жаныланып турса...Дания,давай,давай!
+1
MIRBOLOT
2021-07-05 14:57:16
Испания менен Англия финалда беттешкени калды окшойт! Испандыктар италиялыктарды утканга толук мүмкүнчүлүгү бар, ал эми англиялыктар даниялыктарды утат. Бирок ким билет? Дания футбол тарыхында сенсация жаратышы да мүмкүн.
+1
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан