Рулдагы жылдызыбыз – актриса Альбина Имашова. Шайыр, тамашакөй актриса үй-бүлөлүк унаасы менен тааныштырып жатып жаш айдоочуларга кеңешин берип, жолдогу тыгындарды жоюу сунушу менен да бөлүштү.
Үлгүсү – Honda CRV
Чыккан жылы – 2004-жыл
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2000 сантиметр куб
Эң жогорку ылдамдыгы – 200 чакырым/саат
Баасы – 6800 доллар
– Альбина айым, бул кыялыңыздардагы унаабы?
– Ооба, жолдошум Арнис экөөбүздүн кыялыбыздагы унаа. Дегеним, анча кымбат эмес, үй-бүлөлүк бюджетибизге ылайык жана көлөмү жагынан ыңгайлуу. Алганыбызга 2 жыл болуп калды. Эсеп боюнча болжол менен жетинчи же сегизинчи унаабыз. Бул мактана тургандай кнопкасы жок, бирок көңүлүбүзгө жаккан унаа. Мен болсо 11 жылдан бери рулдамын.
– Кичине кезиңизде "мындай унаа айдасам" деген кыял болгонбу?
– Биз кичине кезде Жигули, Волгалар шумдук унаалар эле. Ошолорду айдап көрүү кыялым болчу. Бишкекке окууга тапшырып келгенде троллейбус айдагым келчү. Анткени алардын айлыгы көп болчу. Мен театрда иштеп жүргөндө 350 сом алсам, троллейбус айдаган тааныштарым 3000 сом алышчу. Айлыгына кызыгып жок дегенде троллейбус айдасам дечүмүн. Бирок троллейбусту да, Жигулини да, Волганы да айдап көрө элекмин.
– Айдоочулук күбөлүктү окуп алдыңыз беле?
– Окуп, үйрөнүп, сынакты жалаң 5ке тапшырып алгам. Дээримде да бар окшойт, жакшы айдап кеткем. Инструктор мени мактаган. Мындай нерсе менен тамашалашпаш керек. Кандуу жолдо жүргөндөн кийин кылдат болуш керек.
– Айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар көп деп калабыз го. Ошол нерсе жолдон байкалабы?
– Мен да мугалиммин. Окуп алса да, окубай эле үйрөнүп алса да ал ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Кээ бирлердин кабыл алуусу мыкты, кээ бириники кеч. Баары кабыл алуудан жана тажрыйбадан көз каранды. Кайсы жумуш болбосун тажрыйба керек. Бардык жумушта эле урунуп-беринесиң, жыгыласың, турасың, күлөсүң, ыйлайсың, анан тажрыйба топтолот экен. Мен айдаганды үйрөнгүсү келгендерге кышында үйрөнсөңөр деп кеңеш бергим келет. Анткени ал унаа айдоо үчүн эң кыйын учур. Кышында үйрөнсөңөр, жайында айдоо оңой болуп калат.
– Айымдар унаанын өңүнө да карайт эмеспизби...
– Ооба, бул өң кир көтөрүмдүү болуп Арнис экөөбүзгө тең жагат. Биз унаа жуучу жайга алып барбай эле өзүбүз жууйбуз. Убактыбыз болбой калганда жууй албай калабыз. Ошондуктан кир көтөрүмдүү өң болгону дурус. Негизи тетиктерин, бузулган жерин, бензинин, баарын Арнис карайт. Ал айтмакчы, мен “лётчикмин”. “Лётчик элесиң, жууп койбойсуң, май куюп койбойсуң, даяр унааны айдап кете бересиң” дейт.
– Сүзүп алган учур болдубу?
– Эң биринчи унаабызды бир топ сүздүк. Баары бир эркектердин туюму күчтүү болот экен. Биз, айымдар, алаңдап, дүрбөлөңгө алдырып жиберебиз. Бул унааны сүзгөн жокпуз. 2 ай мурун театрдын алдына токтотуп койсок бирөө сүзүп кетиптир. Оң жак капталы бир аз кирип калыптыр. Уруп кеткен айдоочуга кайрылам: Эгер оңдоп берем десеңиз, биз каршы эмеспиз. Телефонуңузду да таштабай уялбай кетип калыптырсыз. Окуп жаткан болсоңуз, биз сизди күтүп жатабыз.
Бир ирет айланып барып токтоп калганбыз. Жаанда айдаган кооптуу да. Катуу жаан жаап жаткан, караңгы да кирип калган. Жол көрүнбөй калды. Суу тартып кетип айланып кеткенбиз. Кудай сактады, эч нерсе болгон жокпуз. Жаныбызда кыздарыбыз бар болчу. Арнистин тажрыйбасынын күчтүүлүгү менен айланып барып эле токтоп калдык. Андыктан жаанда абайлаш керек. Кудай бөөдө кырсыктан алыс кылсын.
– Айып пул көп келеби?
– Кудайдын кулагы сүйүнсүн, экөөбүз тең эреже бузбайбыз. “Коопсуз шаар” долбоору иштеп баштагандан бери бир гана жолу айып пул келди. Анда да ал жолдун эрежеси өзгөрүп кеткенин билбей калгандыгыбыздан болгон. Негизи МАИчи байкелер менен маселе болгон эмес, биз алар менен доспуз. Алар бизди рейд учурунда гана токтотушкан. Жолдошум рулда отурганда мен “тигил жактан унаа келатат, жөө жүргүнчү келатат” деп айтып турам. Мен рулда болсом ал мага айтып турат. Анан да биз рулда отурганда телефон менен сүйлөшпөйбүз. Зарыл болуп жатса жол чыракка токтогон учурда гана “рулдамын, анан чалам” деп жооп берип коём. Алыс жолго чыгып жатканда 4 дөңгөлөгүн, тормозду, баарын текшерип чыгабыз. Баарыбыз эрежелерди сактасак, жол кырсыктары аз болмок. Трасса бош болуп калса эле газды катуу баскандар бар. Бул темир да, аны кээде башкарасың, кээде башкара албай каласың.
– Жолдо жиниңизге тийген айдоочулар кайсылар?
– Кээде жаңы үйрөнүп жаткандар алдастап калышат. Жиним келип баратса да кайра аларды түшүнгөнгө аракет кылам. Көбүнчө түз кетип баратып буруларда “поворотник” берип койгондорго кыжырдана берем. Эрте берсе, өз жолумду тандайм да.
– Рулда жүргөнүңүздө да таанып калып тийишкендер барбы?
– “Мен сизди тааныйм” деп учурашып, жакшы сөздөрүн айтып өткөндөр бар. Жол чыракта турганда учурашкандар көп. Инстаграмдан “унаа айдап баратыптырсыз, олуттуусуз го” деп жазып калышат. Унаа айдап баратканда бирөөнү жалжайып карабайсың да.
– Жолдорубуздун маселеси көп эмеспи. Кайсы бир маселени чечүүгө сунушуңуз барбы?
– Биз башка өлкөлөрдү да көрдүк. Казакстанга барганда ал жакта биздегидей тыгын болбосун байкадык. Анткени жол чырактан бурулуу үчүн унаага кошумча жолдор бар экен. Жөө жүргүнчүлөр өзүнчө өтө беришет. Бизде унаалар бурулуу үчүн жөө жүргүнчүлөрдү күтүшөт. Анан 2 унаа өткөндөн кийин убакыт бүтүп калат. Мындай кошумча жолдор бир аз болсо да тыгынды азайтмак болушу керек.
– Буюрса, бизде да шарттар жакшырып, жолдор оңолот деп үмүт кылалы. Сиздин жолдо болсо дайыма жашыл чырак күйүп турсун!
Перизат Музуратбекова