САДЫР ЖАПАРОВ МЕНЕН РАХМОН ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАДЫ

Президент Садыр Жапаров 28-июнда Тажикстанга расмий сапары менен барды. Кыргыз президентин Тажик өлкө жетекчиси Эмомали Рахмон “Бахор” деген резиденциясында бейрасмий түрдө кабыл алып, табият коюнунда сейилдөө, сый тамак уюштурганы белгилүү болду. Эртеси президент Жапаров менен Рахмондун расмий жолугушуусу өттү. Кыргыз президентин коштогон кортежди “Улут сарайынан” Тажикстан өлкө жетекчиси тосуп алып, протоколдук иш-чаралар орун алды. Андан соң президенттер жекеме-жеке отуруп 6 саат сүйлөшүү жүргүзүштү.

Анда эмнелер тууралуу сөз болгонун президент Жапаров кеңейтилген форматтагы жыйында айтты.

– Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси тууралуу сүйлөшүлдү. Бардык чек ара маселелерин чечүү боюнча мындан аркы кадамдарды жасоого ниеттенип, Кыргыз-Тажик чек ара тилкеси боюнча жигердүү иш алып барууну улантабыз.

Ошону менен катар эле аймактык коопсуздук маселеси тууралуу сүйлөштүк. Жакынкы күндөрү Бишкекте өкмөттөр аралык комиссиянын 17-жыйыны өтөт. Биз чек арага жакын жайгашкан жарандардын коопсуздугун камсыздоо ишин күчөтүү боюнча макулдаштык. Мындан тышкары Кыргыз тарап тынчтыкты сактоо боюнча комиссия түзүү демилгелесин көтөрүп чыкты. Биз бардык тармакта эки тараптуу кызматташуу боюнча макулдаштык,- деди Жапаров.

Эмомали Рахмон чек ара маселесин сүйлөшүү жолу менен гана чечүү керектигин быйыл жаздагы окуя көрсөттү дейт.

Кыргыз коомчулугунда быйыл жаздагы Баткен окуясы, 36 адамдын өлүмүнөн кийин президент Жапаровдун Тажикстанга барышы өлкө аброюна шек келтирет, Рахмон менен нейтралдуу аймакта жолугушу керек болчу деген пикирлер айтылууда. Ошол эле учурда президенттин Дүйшөмбүгө барганы эмес, ал жактан эмне маселе чечип келери маанилүү деген пикирлер бар.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан