ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ ЖОЛУ: БИР ТУННЕЛЬ 4 ЖЫЛ КАЗЫЛАТ

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушун депутаттык комиссия иликтөөдө. Комиссия мүчөлөрү жолдун Жалал-Абаддан Көк-Арт ашуусуна чейинки бөлүгүн көрүп, ашуудагы туннелдин курулушу менен таанышышты.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурлан Кайынбаев туннелдин эки тарабына 3 эстакадалык көпүрө, 2 галерея куруу зарылдыгы келип чыкканын айтты. Баштапкы долбоордо жок бул курулуштарга кошумча 21 миллион доллар акча жумшалмакчы. Чиновниктердин 2018-жылы бүтүшү керек болгон Көк-Арттагы туннелдин бүтпөй кечигип жатышын 2020-жылы башталган коронавирус пандемиясына шылтоологону кызык. Мындан тышкары “туннелге чейин буга чейин жол болгон эмес, туннель казылып жаткан тоо тектери борпоң болууда” деген жоопторду айтышты жооптуулар.

Маалыматка таянсак, бул туннелдин узундугу 3,8 чакырымды түзсө, учурда анын 2,8 чакырымы казылып бүткөн. Калган 1 чакырымын казууга дагы 1 жыл убакыт кетери айтылды. Ошентип, 4 чакырымга жетпеген туннелди казууга 4 жыл убакыт кеткени турат.

Комиссия Тогуз-Торо аймагындагы эстакадалык көпүрөлөрдү да көрдү. Курулуш дээрлик бүтүп, жээгин бекемдөө, тротуарларын аяктоо иштери жүрүп жатат деп маалымдады Жогорку Кеңештин маалымат кызматы. Асма көпүрөлөр быйыл күзүндө пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Айта кетсек, депутаттык комиссия Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушун, долбоорго жумшалып жаткан акчанын изин иликтеп жыйынтык чыгарат. Саясатчылар, эксперттер жалпы наркы 1 миллиард долларды чапчыган аталган долбоордо Бишкек ЖЭБди жаңылоо (600 долларлык кычкач), Тарых музейин оңдоп-түзөөдөгүдөй (600 долларлык жыгач экспонаттар) коррупциялык жагдайлар бар деп жоромолдоп жатышат.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан