Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Максат – мамлекеттик түзүмдү оптималдаштыруу, бирин-бири кайталаган функцияларды жоюу, бюджеттик каражатты үнөмдөө.
Жарлыкка ылайык, президенттин Администрациясынын, министрликтеринин, комитеттеринин, административдик мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын, президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылат.
Документте “Жогорку Кеңешитин аппаратынын, Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын кызматкерлеринин санын 30 пайызга чейин кыскартуу боюнча ишти жүргүзүү”, “Жогорку Соттун, конституциялык соттун, жергиликтүү соттордун органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу, штаттык санын 30 пайызга чейин кыскартуу”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу” деген сунуштар бар.
Министрлер кабинетине кыскартылган кызматкерлерге бошонуу жөлөк пулун төлөп берүү тапшырмасы берилди. Үнөмдөлгөн каражатты мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө жумшоо сунушталды.
Жолдубек Качкынбаев