.
КОЙ (21.03-20.04)
Көп нерсеге жетишиш үчүн баарынан маалымдар болуп, ылым санаган адамдардын колдоосуна таянуу керек. Таанышыңыз бир сырды айтат, ушундан улам стресске кабылууңуз мүмкүн. Чөйрөдөгүлөр менен мамиле татаалдашып кетпеши үчүн көңүлдөрүнө карап сүйлөңүз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Иште аткарууга кыйын болгон жумуш жүктөлөт, тажрыйбага, кеңештерге таянып аягына чыгарбасаңыз жетекчилик менен ырк кетет. Сүйүктүүңүз кетирген майда каталарыңызга көз жумат. Жан дүйнөнүн жаңылануусун сезүү үчүн жаман адаттардан кутулуп, келбетти оңдоо кажет.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эмгек өргүүсүнө чыгып жатсаңыз ордуңузда ишенимдүү адамдын калышын көзөмөлдөңүз. Болбосо кайра келгиче иштер топтолуп калат. Түгөйүңүз сизди көзөмөлдөп, кызгана берип жадатса уруш чыгарбаңыз. Өзүнүн катасын билип, кечирим сурайт.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Кырдаал жаңыланууну талап кылат, ошондуктан пландарды өзгөртөсүз. Каржы тартыштыгын ойлонбой туруңуз, аз калды, кененирээк жашап каласыз. Көлгө, бассейнге сууга түшүүдө кулакты сезгентип алуудан сак болуңуз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Бирөөлөр жашооңузду бузгусу келет, жол бербеңиз. Айрымдар ыңгайлуу жаңы кеңсеге көчүшөт же жетекчилиги алмашат. Чөйрөңүздө душмандардын санын көбөйтүүгө жетпеңиз. Өзүңүздөн ашыкча килограммдарды сезсеңиз спорт менен алектениңиз, диета кармаңыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жашоонун кайсы бир сферасында ийгиликке жетүүгө жылдыздар жол ачат, аракеттениңиз. Иштеген жериңиздеги шарт жакпаса башка жумушту ойлонуңуз. Түнкүсүн айрым иштерди бүтүрүүгө туура келет, жалгыз жүрбөй, жаныңызга бирөөнү кошуп алыңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үйдөгүлөр сизди бейпайга салгылары келбей көйгөйлөрдү жашырышат. Бирок ал баары бир билинет, сиз пикириңизди ачык айтыңыз. Иште чагымчылдыкка алдырбай, баарын так бүтүрүңүз. Күтүлбөгөн иштерге акчанын көп кетиши шаштыңызды алат.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Жашооңузду жакшы жакка өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилет, бирок ал үчүн кыйын кырдаалдарды жеңип өтүү керек. Бирөөлөр менен мамилени такташкыңыз келсе элдин көзүнчө эмес, жекече сүйлөшүңүз. Жан дүйнөңүз бир калыпта болбойт, табият коюнунда эс алыңыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Чөйрөдө болуп жаткан окуялардын айлампасында каласыз. Ооруп калсаңыз өзүңүзгө диагноз коюп дарыланбаңыз, врачка кайрылыңыз. Туугандар арасында сүйлөшүүлөр жүрүп, нааразычылыктар жаралат. Өзүңүздүкүн туура деп эсептесеңиз алардын сөзүн укпаңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада өзүңүзгө ишенимдүү, жагымдуу болуп чыга келесиз. Жетекчилик менен айлыкты көбөйтүү боюнча сүйлөшүүңүз ыктымал. Жумушсуз жүргөндөр убактылуу ишке орношуулары ыктымал. Сизге жакпаган адамдар менен бет келишкиңиз келбесе чакырган жерге барбаңыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада эл менен бат тил табышып, негизги көйгөйлөрдү чечүүгө жетишесиз. Адам көркү чүпүрөк дегендей, кийимге көңүл буруңуз. Тапканыңыз эң керектүүлөрдү алганга эле жетип, акча жааты ойлондурат. Курулуш же чарба иштери боюнча адистерден кеңеш алууңуз ыктымал.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Сизде потенциал жогору, энергетика орточо, аткара турган иштер көп. План түзүңүз да, киришиңиз. Маанилүү чечимдерди шашылыш кабыл албай, алгач таразалап көрүңүз. Үй-бүлөлүүлөр эңсеп отура бербей, чогуу эс алганга аракет кылуулары керек.