Бул жолу 6 баласы менен батирде жашаган жалгыз бой эненин тагдыры тууралуу сөз кылабыз. Ал күйөөсүнөн 10 жылдан ашык кордук көрүп, аягында ажырашып кетүүнү чечет. Жанаркүл Алтыбаева оор турмушу тууралуу сөз кылды.
“9-КЛАССТЫ БҮТКӨНДӨ АЛА КАЧЫП КЕТИШКЕН”
– Мен 1989-жылы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Оттук айылында төрөлгөм. 2 жашымда ата-энем Чүйдүн Боролдой айылына көчүп келип, отурукташып калган. Беш бир тууганмын. Бир агам, бир сиңдим жана эки иним бар. 9-классты аяктаарым менен мени Ысык-Көлдүн Каракол шаарына ала качып кетишти. Жолдошум мени Боролдой айылына туугандарыныкына келгенде көрүп калган экен. Апам менин тагдырым кандай болорун жакшы ойлонбой “барган жериңден кайра келбе” деп койду. Ошо бойдон отуруп калдым. Башында окутуп-чокутабыз дешкен, кийин убадаларын унутушту. Эки жыл жакшы эле жашадык. Кийин уруш-талаштар башталды.
“КҮЙӨӨМ ЧАЙНЕК МЕНЕН БАШКА ЧАПТЫ”
Жолдошум менен Ысык-Көлдө, Кеминде чабан болуп иштедик. Ичип келип мага кол көтөрө баштады. Үйдө эмне бар, эмне жок, балдары эмне менен жан сактап жатат иши жок, тапкан акчасынын баарына ичип келет. Туугандарына айтсам “мындай эмес болчу, токтолот да” деп коюшту. Агалары токтот дешсе арданып, оңолуунун ордуна колуна аркан алып “муунуп өлөм” деп коркутуп да жүрдү. Мен оңолот го деп үмүт кылып чыдап жүрдүм. Бирок ал токтолгондун ордуна күчөдү. Ичип келип колумду аркан менен байлап, атка сүйрөтүп колумду сындырды. Бир ирет чайнек менен башыма чапты. Ошондо эс-учумду жоготуп коюптурмун. Эсиме келсем башымдын баары кан. Дарыгерге көрүнөйүн десем күйөөм “Кудай албайт” деп жибербей койду. Ал сабаган учурда ордумдан тура албай апталап төшөктө жатчумун.
Мени кордоп жатканы аз келгенсип балдарын уруп-согуп, алардын жүрөктөрүнүн үшүн алды. Орто жолдо төркүнүмө бир-эки ирет кетип калдым. Ал болсо адам болом деп убадасын кат-кат берип, алып келди. Акыркы күндөрү балдарым атасы келе жатканда коркуп жашынып калышкан. Балдарымдын мындай абалын көргөнүмдө жүрөгүм канайт. Коркок, тартынчаак болуп чоңоюп кала турган болушту. Бирде ач, бирде ток калып жүрүп оорукчан болуп калышпаса экен деп да тынчсызданам. Чыдамым түгөнүп, ден соолугумдан ажырап баштаганда ажырашууга туура келди. 3 уул, 3 кызым бар. Ажырашып жатканда кичүү балам боюмда 4 айлык эле. Арадан 1 жарым жыл өтүп, азыр уулума 7 ай болду.
“7 АЙЛЫК БАЛАМ МЕНЕН ТАЛААДА ИШТЕДИМ”
Ажырашкандан кийин ата-энемдин үйүнө келдим. Бирок майда балдарым менен төркүнүмө бата албасым айтпасам да белгилүү. Ата-энем улгайып калган. Үйдө келин жок. Боролдой айылындагы бош турган үйлөрдүн бирине көчүп бардым. Ал үй эки бөлмөлүү. Балдарыма 4800 сом жөлөк пул алам. Баары кымбаттап кеткенине байланыштуу ал акча азык-түлүгүбүзгө да жетпейт. Бир кап унду 1700 сомго алсам, 6 бала менен 1 айга жетпейт. Анда-санда айылда картошка, кызылча отоо, сорттоо сыяктуу жумуштар чыкса балдарымды кошуналарга таштап иштеп калам. Бир жума мурун үйдө тамак-аш жоктугунан 7 айлык эмчектеги баламды жаныма алып, эки күн талаада иштедим. Күндүн ысыгында балам кыйналып кеткенине байланыштуу андан кийин жумушка чыккан жокмун. Балдарымдын улуусу 14 жашта. Буга чейин тайларынын колунда жүрдү. Бир жума мурун колума алдым. Мага жардамдашам деп 2 күн талаада иштеди. Бир нерсебиз жок болуп калса кошуналардан суратам, кээде балдарым ачка калат. Ажырашкандан бери жолдошум менен кабарлаша элекмин.
“ЖАШАП ЖАТКАН ҮЙҮМДҮ БОШОТ ДЕП ЖАТАТ”
Үч балам мектепке барат. Быйыл төртүнчүсү барганы турат. Карантин учурунда сабак окуганга телефонубуз жок кыйналдык. Мен азыркы күнгө чейин жөнөкөй телефон көтөрөм. Улуу балама мектептен жардам катары телефон беришкен. Бирок уулум ал кезде таене-таятасы менен жашап жаткан. Эки кызым кошунанын телефону менен сабак окушту. Мага каралашып турган кошуналарыма рахмат. Азыркы учурда биз жашап жаткан үйдүн кожоюну август айында курулуш баштай турганына байланыштуу үйдү бошот деди. Эми алты балам менен кайда барарымды билбейм. Ата-энем берген жерим бар. Ошого элдин жардамы менен 2 бөлмөлүү үй куруп алсам жакшы болот эле.
“100 СОМ БЕРЧИ, 50 СОМ БЕРЧИ ДЕП КАЛАТ”
Аты-жөнүн атагысы келбеген каарманыбыздын айылдашы биздин редакция менен байланышып, анын тагдыры тууралуу буларды айтып берди:
– Жанаркүл эже күйөөсү менен жашап жүргөн учурда Боролдой айылына келип, түрдүү талаа иштеринде жалданып иштечү. Ошол учурда эле кыйналып жашаган үй-бүлө болчу. Эже күйөөсү тиштерин күбүп, чачтарын жулуп салганын айтып калчу. Күйөөсү менен ажырашкандан кийин жашоосу таптакыр начарлаганын байкап, колдон келишинче азык-түлүк жагынан жардам бердим. Кээде 100 сом, 50 сом сурап калат. Акыры Жанаркүл эжеге жардам көрсөтөр деп элге кайрылып жатам. Анын жардам бере турган эч кимиси жок. Угушума караганда, ата-энеси 14 жашар баласын иштетип, акчасын өздөрүнө коротушат экен. Билгендердин айтымына караганда, 2 иниси эженин үйүнө келип тамагын ичип, керектүү буюмдарын алып кетип калышат экен. Кыскасы, төркүнүнөн пайда жок. Азыркы жашап жаткан үйүн бошот дешиптир. Негизи бул үйдө деле тынч жашаган жок. Мурун бир ичкич аял жашагандыктан көрүнгөн мастар келе беришет. Бир жума мурун кошунасы мас абалында терезесин таш менен талкалап салыптыр. Ичинде балдарым бар болчу деп Кемин РИИБине арыз жазса карабай жатышыптыр. Кайрымдуу эл, колдон келишинче жардам берсе жакшы болмок.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Элкарт: 9417 0894 4793 7732
Телефон: 0706 932 396
Жолдубек Качкынбаев