Онлайн оюндардан көз карандылык – психологиялык оорунун жаңы түрү дешет психологдор. Бул нерсе аракечтик, баңгизаттай коркунучтуу болбосо да, адамдардын психикасына тийгизген терс таасири көбүрөөк. PUBG, Free Fire сыяктуу экшн оюндарды адамдар эмнеге ойношот, алардын пайдасы жана зыянын иликтеп көрөлү дедик.
PUBG ОЮНУ ТҮШТҮК КОРЕЯДА ЧЫГАРЫЛГАН
PUBG – англисче “PlayerUnknown’s BattleGrounds” сөздөрүнүн кыскартылып алынганы. PlayerUnknown – оюндун негиздөөчүсү Брендан Гриндин лакап аты (ник), ал эми BattleGrounds сөзү кыргызча “согуш талаасы” деп которулат.
Жаралуу тарыхы: PUBG оюну 2017-жылы Түштүк Кореялык “PUBG Corporation” компаниясы тарабынан иштелип чыгып, элге сунушталган. Алдынкы геймдизайнерлердин бири Брендан Грин япониялык “Падышалык согуш” тасмасына таасирленип PUBG оюнун жаратканын айтат.
Оюндун сюжети: Бир учакта 100гө жакын адам алдын ала тандалган карта боюнча парашют менен “согуш талаасына” конот. Эреже боюнча, жалгыз, экиден жана төрт адам болуп команда түзсө болот. Оюндун башкы максаты – согуш талаасында көбүрөөк аман калып, көп каршылашын өлтүрүү. Орточо алганда бир раунд оюн 30 мүнөткө созулат. Ар бир раунддун соңунда оюнчулар канчалык көп убакыт тирүү калганына карап атайын оюн ичинде берилчү валюта менен сыйланат. Ал валютага оюнчу баш кийим, өтүк, ар кандай формадагы кийимдерди, курал-жарактардын түрлөрүн сатып алса болот.
PUBG ЖАРАТУУЧУЛАРГА 3 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛГЕН
Garena Free Fire же болбосо Free Fire (эркин от) онлайн оюну вьетнамдык компания тарабынан иштелип чыккан. 2017-жылы Android жана iOS мобилдик системдерине кошулган. Оюндун сюжети дал эле PUBG`дей, анын көчүрмөсү деп да эсептелинет.
Статистика боюнча PUBGни кытайлыктар, ал эми Free Fire`ды латын америкалыктар көп ойношот.
PUBG оюну жаратуучуларга ушул күнгө чейин 3 миллиард доллар киреше алып келгени айтылат.
“ОЮНДАН КӨЗ КАРАНДЫ БОЛУУНУН БЕЛГИСИ – ҮЙДӨГҮ КӨЙГӨЙЛӨР КЫЗЫКТЫРБАЙТ”Айканыш Чониева, психолог:
Онлайн оюндарды кимдер, эмне үчүн ойношот?
“ИШКЕ АШПАЙ КАЛГАН МАКСАТТАРЫНА КОМПЕНСАЦИЯ КЫЛЫШАТ”
– Онлайн оюндардан көз каранды адамдар – жашоодогу чыныгы көйгөйлөрүнөн качкандар. Алар реалдуулукта ишке ашпай калган максаттарына компенсация кылып виртуалдык дүйнөдө ийгилик жараткысы келет. Кайсы бир каармандын ролун аткарып, өзүн укмуш кыйын элестетип алат. Ал чөйрөсүндөгүлөргө, өзүнө мыкты экенин далилдегиси келет.
Көз каранды болуп калгандын белгилери:
Көз карандылыктын 3 баскычы:
1. Кызыгуу. Бул баскычка 1-2 ойноп “даамын татып” алып, бош убактысында анда-санда кирип ойноп турган адамдар кирет.
2. Шыктануу. Бул этапта адамдын оюнга болгон кызыгуусу күчөп баштайт. Такай ойноп, тартыш болсо да убакыт таап каалоосун канааттандырганга аракет кылат.
3. Көз карандылык. Телефонго же компьютерге баш-оту менен кирип кеткен оюнчу. Оюнду кумарга айлантып алгандар.
Пайдасы
Онлайн оюндардын зыяндуулугу
3 жылдан бери PUBG ойногон Нуртилек Жунусов:
“КЫЙЫН СТРАТЕГДЕР ГАНА PUBG`ни МЫКТЫ ОЙНОШОТ”
– Нуртилек, айтсаң, PUBG`ни эмнеге ойнойсуң, анын пайдасы кандай, зыянын билесиңби?
– Зыяны – убактың коройт, өтө берилип көз каранды болуп калган оюнчулар форма алууга, эксклюзивдүү курал-жарактарга ээ болууга атайын акча сарпташат. PUBG`нин пайдасы – адамды сезимталдыкка, кокустан пайда болчу окуяларга бат реакция кылууга үйрөтөт. Мисалы, согушту алып баруунун тактикасын өздөштүрсө болот. Кыйын тактиктер, стратегдер гана PUBG`ни мыкты ойношот. Командалык оюн болгондуктан өнөктөштөр бири-бирин куткарып, жол көрсөтөт. Айтор, тирүү адамдар менен кадимки эле согуштагыдай жүрөсүң, болгону виртуалдык дүйнөдө. Дүйнөлүк оюн болгондуктан чет өлкөдө жашаган адамдар менен баарлашууга кенен мүмкүнчүлүк болот. PUBG`ден таанышып, сүйүшүп жолугушкан мисалдарды билем.
– PUBG`нин Free Fire`дан айырмасы?
– Free Fire`да каармандар мультик сыяктуу. Өспүрүмдөр көбүрөөк ойносо керек деп ойлойм.
– Бул оюнга акча коротуп көрдүң беле?
– Жок, мен бекер берилчү курал-жарактар менен ойнойм. Бирок менде “МК Ледник” деген курал бар, ошону сат деп 2 миң сом сунушташкан, сатпай койгом. Ушул үлгүдөгү куралды орусиялык оюнчулар 20 миң рублга сатып алышкан экен. Оюнчулар көбүнчө түрдүү эффекттерди берген эч кимде жок курал-жарактарга кызыгышат.
ОНЛАЙН ОЮНДАРДЫ ОЙНОЙСУЗБУ?
Ильяз Абдыразаков, ырчы:
– Былтыр карантин болгондон баштап PUBG ойноп баштагам. Ырчылар, аранжировкачылар чогулуп бир команда болуп ойнойбуз. Арасында Бек Борбиев, Айдана Дека бар. Мажит кыйын ойнойт. Мага тааныштар менен ойногон жагат, анткени оюн шаңдуу, жандуу болот. Өнөктөштөр менен кеңешип, жардам берип жеңишке жеткенге аракет кыласың.
Мажит, ырчы:
– Бул оюнду 2 жылдан бери ойнойм. Ырчылар арасында көп эле оюнчулар бар, бирок ойной албай жөн эле жүргөндөрү да көп (күлүп). Ойногонго мээ керек, чогулуп тактика түзүп ойноо зарыл. Менимче, футболду, шахматты мыкты ойногондор, күч түзүмдөрүндө иштегендер PUBG`ни мыкты ойнойт. Анткени оюндун ыкмасын өздөштүрүү баарынын колунан келе бербейт. Ал эми зыяны – жаш балдарга, өспүрүмдөргө болбойт деп ойлойм, бул оюн чоңдордун оюну.
Лунара Бекиева