«ЖОК ДЕГЕНДЕ ШОКОЛАД АЛЫП БЕРЧИ»

– Сиз менен кайдан тааныштык эле, бийкеч?- WhatsApp’тан билдирүү келди. Бош отургам. Убакытты өткөрүү үчүн кайдан-жайдан жаза калган жигит менен тамашалашып таанышууга өттүм.

– Мурдагы жашообузда.

– Ошондой, сизди көптөн бери тааныгандай сезип жатам.

Чын эле буга чейинки тааныштардай бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнүшүп сүйлөшүп кеттик. Тамашабыздын ичинде экөөбүз үйлөнүп да алдык.

– Апам жоолугун камдап сени эле күтүп жатат.

– Анда бол, алып кет. Дароо эле үлпөт көйнөк кие чыгайынбы?

Сенден ашып түшүп тамашалашам го, чиркин.

Жазышып көпкө жүрдүк. Телефондун артында кыйын болгонум менен, жолугууга даай албай жүрдүм. Акыркы күндөрү мен да сени көргүм келип, сага тартыла баштадым. Алгачкы жолугушууга чыгып баратканда эле толкундангам. Бир жигиттин жанында өзүмдү мынчалык эркин сезбептирмин, мынчалык ачылып сүйлөбөптүрмүн, эркелебептирмин, толкунданбаптырмын. Бул толкундануунун жүрөгүмдү кытыгылаган башкача күчү бар болчу. Азыр деле сени көргөндө ушул сезимдер пайда болот. Мен жашоодо мынчалык көп сүйлөгөн кыз эмесмин. Адамдарга көп ачыла бербейм. Сага келгенде жадырап-жайнап, оюмдагынын баарын айткан, каалаганын кылган, ашып түшүп тамашалаган кызга айланам. Сен айткандай, экөөбүз эски тааныштардайбыз.

– Сонун кыз турбайсыңбы,- деп жакшы көргөн көздөрүң менен карагансың алгачкы жолугушууда. Ушул көз карашың жаккан.

– Башкача болушу мүмкүн эмес,- кылыктана алганыма өзүм таң калам кээде.

Баса, менин номерим анын телефонуна кайдан барып калганын азыр деле билбейбиз. Ойлонуп көрүп жообун таппай, тагдыр бизди табыштырды деп жоруп койдук.

Экөөбүз жүргөндө убакыт чындап токтоп калат. Мурда айтышса таң калчу элем, убакыттын өткөнүн байкабай калуу дегенди сени менен сездим, адамдар бири-бирине социалдык тармактардан дагы кызыктуу болорун сени менен билдим. Сүйүү деген ушул окшойт дейм ичимден.

– Сага менин эмнем жагат?- деп сурадың бир күнү. Чын эле эмнең жакты? Өзүмө суроо бердим.

– Жашоого жеңил караганың, өзүңө болгон ишенимиң, чын дилиң менен жакшы көргөнүң.

Сен мага “Титаник” тасмасын элестете бересиң. Ал тасмада Роза статусу бийик болочок жолдошун чанып, такыр башка чөйрөгө таандык, эртеңки күндөн коркпой эркин, каалагандай жашаган Жекти тандап кетет эмеспи. Өзүмдү Розага окшоштурбайм, албетте. Бирок сен менин рамкадагы жашоомдо өзгөчөлүк болдуң. Сендеги азыр жана ушул жерде жашай алган, жашоодон ырахат алып, эртеңки күн менен баш оорутпаган эркиндигиңди сүйдүм окшойт. Аныңды го сүйдүм. Бирок мен күйөөмдү мындай элестеткен эмесмин. Сен ал талаптарымдын бирине да дал келбейсиң. Мени таң калтырган адаттарың, сапаттарың да бар. Мен адамдардагы маданиятсыздыкты жаман көрөм. Баарынан эле жаман көргөнүм – түкүрүнүү. Сен адамдын алдына чыгып алып, ойлонбой эле түкүрүп кете бергендерденсиң. Этикадан түшүнүгүң жок. Бир канча "тилде" эркин сөгүнөсүң. Сылыктык, адамды сыйлоо деген жок. Элестеткиле, ушундай адамды сүйдүм. Жүрөгүм акылым чийип алган эрежелерге баш ийбей койду. Сени сүрөттөп бер десе, “сөгүнчөөк, кызуу кандуу, өзүнө ишенип алган көчөнүн баласы” деп сүрөттөмөкмүн. Ошентип эле сүрөттөп бердим курбу кызыма.

Дайыма костюм кийген, илимий иштерди, глобалдык маселелерди сүйлөгөн, айымдарды сыйлай билген, билимдүү, интеллигент жигиттер да артымдан чуркачу. Мен элестеткен күйөөм ошолордой болчу. Алар кеңсеме гүл жиберген, көңүлүмдү караган, чоң-чоң белектерди бергендер эле. Бул учурда ушундай интеллигент чөйрөдөн Улан сөз айтып жүргөн. “Кыздар назданышы керек да” деп назданып анын сунушу тууралуу ойлонуп жүргөм. Сага келгенде ойлоном деп да баш ооруткан жокмун. Биринчи жолугушууда эле “кыз-жигит бололу” деген сунушуңду араң эле тургандай кабыл албадымбы. Рамкадан чыгуу мага кызык сезилди. Жүрөгүмдү угуп, сен сыяктуу каалаганымдай жашагым келди. Сен мага Уландай болуп жумушума гүл жөнөткөн жоксуң. Кайдагы гүл, сен такыр эле кыздарга мамиле кылууну билбейсиң.

– Жок дегенде шоколад алып берип койчу, сүйүнүп калайын,- дедим бир жолу.

– Алып беребиз,- деп койдуң. Бул сөзүмө көңүл деле бурган жоксуң. Башка ишке алаксып кеттиң. Мындан 2 ай мурда бирөө "сен ушундай балага турмушка чыгууга макул болосуң" десе, аны акылынан айнып калган деп ойломокмун.

Жакында үйлөнөбүз. Сен мага “ушул сүйүүнү өмүр бою сактап калабыз” деп сөз бердиң. Ишендим. Анткени сенде сөзүңө турган сапат бар. Мен болсо акырындап айрым сапаттарыңды, көнүмүш адаттарыңды оңдоп алам деп үмүт кылып турмушка чыгууга макул болдум.


Айзада

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Sonyasonya
2021-07-05 11:08:59
Жон эле койбопсун,жашоон ото татаал болуп калат. Азыр сага рамкадан чыгуу кызык болуп атат,бирок жашоого келгенде андай адамдар мн жашоо ото оор,тажайсын
+6
Real98
2021-07-05 14:28:02
Үйлөнгөн соң чыныгы жүзүн ачат,өкүнүп калба. Терең изилдеп көр,сынап көр. Менимче сенин жигитиң ичет,чегет. Көп кыздар м-н сүйлөшкөн, тажрыйбасы мол. Балдар м-н сүйлөшпөгөн сени оңой эле кайырмака илип алды... Так что көзүңдү чооооң ач садагасы.
+5
Miraida-toktosunova
2021-07-05 17:47:54
Тийбей эле койчу балким онолбой калат андан хужедир билбейим жашоодо андай адамдар онолбойт бир кун журогум ооруп жатат деп жазып чыкба
+5
Mubarak
2021-07-06 23:07:19
Ммдааа онолбой калса жаман
.же ал онолот же сен ал кандай болсо ошол бойдон кабыл алып коносун.кантседа бактыллу бол.андай "дерзкийлер"чындап суйушот бирок
+1
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан