Авторлорго таянсак, аталган шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болуп, анда алдыңкы билим берүү системин киргизүү, заманбап ден соолукту чыңдоочу жайлар жана бизнес борборлорду, стадиондорду куруу, жогорку технологиялык парктарды, ошондой эле каржылык-кредиттик мекемелерди жайгаштыруу каралууда. Шаар 4 миң гектар аянтты ээлемекчи. Өндүрүштүк инфраструктурасы “акылдуу шаар” классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын, ресурстарды жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн пайдалануу аркылуу жашыл экономика принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.
– Инфраструктура 500 миң туруктуу жашоочуга деп эсептелген. Резервдик потенциал 700 миңге чейин чыгат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин деп болжолдонууда. Шаарды үстүнөн караганда комуз музыкалык аспабына окшош болот – деп айтылды.
Аталган долбоор боюнча ар тараптуу анализ жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Жерлерди трансформациялоо өңдүү иштерди бүтүрүү үчүн министрлерге тапшырмалар берилгени айтылды.
Жолдубек Качкынбаев