Төрүбүздө “Бажарики” тасмасында оштук күйөө баланын, “Кошунаны тандабайт” сериалында Диананы сүйүп калган жигиттин ролун аткарган, көптөгөн клиптердин көркүн ачкан актёр, вайнер, өзүнчө эле “красавчик” Максат Усенов. Күлкүлүү болду маегибиз. Анан да актёрдун адаттан тыш ойлору айрымдарды таң калтырышы мүмкүн.
– Максат, салам! Хайпка көз карашыңыз кандай?
– Салам. Менин жашоомдогу эң чоң хайп – бул менин атамдын аты. Атамдын аты Полковник. Күч органдарына түшүп калсам “Атаң полковникпи?” деп сурашат. Анан ал кишини бир карайм да, көздөрү титиреп жаткан болсо “ооба” деп коём. Коркпой туруп сураса чынын айтам.
– Мыйзамды көп бузат окшойсуз?
– Такыр бузбайм. Ошон үчүн эч нерсем жок. Мен жөнүндө интернетте маалымат аз экен. Максат Усенов деп издесем казакстандык популярдуу жигит чыга берди. Демек, бир нерсе кылыш керек экен дедим. Биринчи кечирим сурап коюп, анан хайп жаратайын деп жатам. Азыр эле кечирим сурап коёюнчу. Кыргыз элим, мындан кийин хайп болуп популярдуу болуп кетсем, кечирип коюңуздар. Мен атайлаган жокмун, жөн гана ачууга алдырып койдум. Ушул видеону сактап койгулачы. Анан “кечирим суроо органына” жөнөтүп койгулачы. Бизде бар го ушундай. Билбейм, мен апамдан кечирим сурасам деле токмок жечүмүн. “Кечирип коюңузчу” десем деле “мейли, экинчи андай кылба” деп туруп жаткыра чапчу да.
– “Кудай ай, мени эмнеге мынча сулуу жаратып койгонсуң?” деген учуруңуз болобу?
– Андай болбогон учур болбойт. Күзгүнү карганда эле “омей, бул ким? А мен да” деп өзүмө суктанам. Бирок өзүмдү сулуу деп сезбейм, жөн гана “красавчикмин” да.
– Сулуу менен “красавчик” эки башка нерсеби?
– Ооба. Сулууну апасы сулуу кылып төрөйт. Мен жакшы сүйлөп, пикап “мектептерди” бүтүп, өзүмдү өзүм “красавчик” кылып алгам. Мисалы, азыр сага деле жагып жатам да, туурабы? Жанатан бери мени эле карап отурасың го.
– Ооба да. Ырчы Алтынай Жайнакова дагы сулуубу?
– Ал “Я есть певица, журналистка” деген кызбы? Жок, ал сулуу эмес. Алтынай Жайнакова, сен сулуу эмессиң. Ушул жерден Жайнакованын ордуна Эмилбекова десе болобу? Тамаша. Сулуулар көп, ай. Чынын айтсам, билбей деле калам, жыл сайын сулуулар өзгөрүп жатат. Сулуулугун көргөнгө жетишпей калам. Кичине сулуу болуп туруп эле эрге тийип кетишет.
– Алтынай Жайнакова менен клипке түшкөн жактыбы?
– Мага эмес, Алтынайга жакты. Мен көңүлдөштөрдүн ролун жакшы ойнойм да.
– Каш капкара болушу үчүн канча килограмм осмо коюш керек?
– Осмону билбейм. Бирок каш кара болушу үчүн жок дегенде өзбектер бар жакта жашаш керек. Андан кийинкиси соттун чечими менен. Бирок, айтып коёюн, менин ата-энем кыпкыргыз. Эч кандай кан аралашкан эмес. Билбейм, анан эмнеге ушундай “красавчик” болуп калгам. Мен күнөөлүү эмесмин. Соттун чечими да чыккан эмес.
– Чыгармачылыкта кимдер менен доссуз?
– Мага акча бербегендердин баары менен досмун. Кылган жумушуңа акча бербей койсо, айла жок дос болуп каласың да.
– Бир жерде “Курал Чокоев менен айла жоктон дос болуп жүрөм” дептирсиз. Экөөңөрдү окшоштурушкандар да бар.
– Мен го сулуумун. Чач жасалгамдан байкасаңар болот. Бирок эркектин эң сулуу органы чач эмес да, туурабы? “Чачын карасаң сонун экен” дешпейт да.
– Оштук күйөө бала кандай болушу керек? “Бажарики” тасмасындагыдайбы?
– Тың аферистпи? Оштук күйөө бала өнөрлүү, ашканага жакын, экспрессивдүү болушу керек. Андан ошону күтүшөт деп ойлойм.
– Сиз ошондойсузбу?
– Ошондой күйөө бала болуп бере алам. Эгер силерге убактылуу экспрeссивдүү күйөө бала керек болсо, чалгыла. Мага жүз миң берсеңиздер жетет, миллион дебейм.
– Адамдарды бал тилге салып алдаганды да жакшы билсеңиз керек?
– Билем. Жакшы сүйлөйм. Жыланды, жыландын кайненесин, керек болсо бүт үй-бүлөсүн ийининен чыгарып, кайра киргизип коё алам.
– Сатып кетмейиңиз да барбы?
– Эл сууга алып барып сугарбай келсе, мен сууга алып барып минимум чөктүрүп келишим мүмкүн. Сатып кетпейм. Кудай берген ырыскы жетет. Мен реалдуулук менен жашайм. Мисалы, бай болоюн дебейм. Анткени болбосумду билем. Өзүмдү алдабайм. Ошондуктан мени “пессимистсиң” дей беришет. Баарыбыз бай, депутат болуп кетсек, кара жумушту ким кылат? Бардык негизги ролдорду, жакшы ролдорду Шумага окшоп бир актёр ойной берсе, көңүлдөштүн ролун ким ойнойт. Туурабы, Шума?
– Кандай кыздар жагат?
– Назик, катуу сүйлөп койсоң ыйлап жиберген кыздар жагат. Ошондо аны коргогуң келип, өзүңдү эркек сезесиң.
– Аялыңыз ошондой беле?
– Жок ай, сүйлөсөң уруп коёт ал. Ошон үчүн кетип калгам.
– Чын эле жеке жашооңуз тууралуу айтыңызчы.
– Ажырашкам. 2 балам бар. Чындыгында, расмий түрдө 3 балам бар.
– Кандайча?
– Аялым экөөбүздүн ортобузда 2 балабыз бар. Ажырашкандан кийин түрк кыз менен сүйлөшкөм. Түркияда да бир кызым бар.
– Жарашайын деген оюңуз жокпу?
– Коё турчу, ары-бери жүрүп алайын. Сага эмне жамандык кылдым?
– Жетише элексизби?
– Кайдан? Пандемия болуп калбадыбы.
– Эмнеге жашыңызды жашырасыз?
– Кыздарга 28 жаштамын дейм. 30дан ашкан мырзаны кыздар “күйөөгө тием” деген көз караш менен карашат. Жаш бала болсо “жөн эле жүрсө болот” деп кабыл алышат. Менин үйлөнгүм келбейт.
– Эмнеге? Ал жакта ушунчалык жаманбы?
– Сүйүү мамилеси, үй-бүлө адамга эң кымбат болгон эркиндикти алып коёт.
– Ошон үчүн ажыраштыңызбы?
– Тажадык. Ал орус улутунан. Биздин менталитеттен, кайын журттун талаптарынан тажады окшойт. Мен деле тажадым.
– Канча бир туугансыз?
– 8 бир тууганбыз. Көрдүңбү? Атам "красавчик" да. Расмий түрдө 8. Расмий эмес, менимче, 25 болушу керек. Бир туугандарым, окуп жатсаңар, силерге салам айтам.
– Сиздин расмий эмес канча балаңыз бар?
– Санын айтпай эле коёюн. Кыргызда жакшы сөз бар, “атаңдан артык уул бол” деген. Атамдыкы 25 болсо, калганын өзүң эсептеп ал. Эл азыр мени жаман көрүп жатат го, ээ? Өлө шүмшүк бала экен деп.
– Ошентишет го. Эмнеси болсо да аман болуңуз.
Перизат Музуратбекова