Жиган менен Емельяненко беттеши: СПОРТПУ ЖЕ ХАЙППЫ?

Жакында рэп ырчысы Жиган легендарлуу орус мушкери Фёдор Емельяненконун агасы Александр Емельяненко менен беттеш өткөрөрүн жар салган. Орус басылмалары рэп ырчысы бул беттеш үчүн уюштуруучулардан 50 миллион рубль сураганын жазып чыгышты. Ал эми Емельяненконун менеджери Жиган менен рингге чыкканы үчүн мушкерге 15-20 миллион рубль сунушталганын ачыкды. Көпчүлүк атактуулардын мындай жоругун пиар жүрүш, хайп катары кабылдашты. Бирок атактуулар беттеш алдында өтчү дуэлге чыгып, бири-бири менен кез келүү жөрөлгөсүн жасашты (жүзмө-жүз тиктешүү). Бул окуя боюнча Фёдор Емельяненко журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “Жигандын күйөрманы эмесмин. Менин оюмча, ырчы сахнадагы , мушкер рингдеги ишин кылышы керек. Мага деле хайп үчүн бул өңдүү беттештерге катышуу сунушу түшкөн. Бирок макул болгон эмесмин” деп билдирген.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 970, 8-14-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан