“Өмүр белеги”, “Жаныңда” деген ырлардын аткаруучусу, “Кыз-Бурак” тобунун мурунку солисти Азалия турмуш жолуна аттанды. Ал сүйүктүүсү Данияр мырза менен Түркиядан баш кошуп, учурда ошол жакта эс алып жүрүшөт. “Үйлөнүү үлпөт тоюбузду өткөрбөйбүз” деген жан шериктер сүйүү баянын айтып беришти.
– Саламатсыздарбы? Куш боо бек болсун! Алгач эле кайдан табышканыңыздарды айтып бериңиздерчи.
Данияр: – Чоң рахмат. Биз Инстаграмдан таанышканбыз. Мен мурда эле Азалияны Инстаграм баракчасынан сүрөттөрүн, видеолорун көрүп жактырып жүргөм. Чыгармачылыгына да баам салып турчумун. 2020-жылы декабрь айында жооп берсе керек деген үмүт менен жазып көрдүм. Кудай жалгап, жооп берип калды.
Азалия: – Мага Инстаграмдан көп эле жазышат. Башында маани берген жокмун. Бир күнү жооп берип койдум. Анан сүйлөшүп кеттик. Номеримди сурады, бир аз кылыктанып жатып бердим. Анан видео байланыш аркылуу чалды.
Д.: – Ошондо эле бири-бирибизди жактырдык деп ойлойм. Мага аябай жакты. Ошондо экөөбүз 12-13 саат тынымсыз сүйлөшкөнбүз.
А.: – Башында дос катары сүйлөшөм деп ойлогом. Бирок Данияр “дос болгум келбейт, сүйлөшүп бири-бирибизди жакындан тааныйлы” деди. Бул чет өлкөдө жашайт. Мени дароо эле ошол жакка чакырды. Мындай сунушту ар бир кызга жасай бербейт деп ойлойм. Мамилеси түз экенин, жакын адам болгусу келгенин байкадым. Чын дили менен сүйлөп жатты, маанилүү суроолорду берди. Данияр менин адамым экенин 10 күн аралыгында эле билдим. Анткени ошол убакытта бири-бирибизди жакшы билип калдык, жашоого болгон көз карашыбыз бир чыкты. Мен бул адамды көпкө күттүм. Башка жигиттер менен сүйлөшүп көрдүм. Бирок жүрөгүм бир адамды күтүп жүргөндөй сезиле берчү. Ал адам Данияр экен.
Д.: – Жаңы таанышканда телефон колумдан түшпөй, түнү менен уктабай Азалия менен сүйлөшүп, өзүмдү башкача сезип, мектеп окуучусундай эле “учуп” калдым (күлүп). – Канча убактан кийин кыз-жигит катары сүйлөшө баштадыңыздар?
Д.: – Таанышканыбызга 1 ай болгондо, 31-декабрь күнү, Жаңы жылга белек катары кыз-жигит болуп сүйлөшүү сунушун киргиздим.
А.: – Ооба, мага күтүүсүз болгон. Жумушта Данияр менен телефондон сүйлөшүп отурсам мага курьер келгенин айтышты. Эшикке чыксам кучак толо роза гүлү менен шоколад алып келиптир. Катты окусам, “2020-жылы сени тапканыма аябай кубанычтамын. Кел эми, 2021-жылга бирге кирели. Менин сүйлөшкөн кызым болчу” деп балдай ширин сөздөрдү жазыптыр. Окуп, “бул сенден турбайбы” деп кыйкырып жибердим. Анткени видео байланыш аркылуу баарын көрүп турган. Жагымдуу сюрприз болду. Ошол жерден “жан, сүйлөшкөн кызым болчу” деди. Макул болдум. Мен бул сунушту күткөн экенмин.
– Сонун го. Анан качан көрүштүңөр?
Д.: – Кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштагандан 1 айдан кийин жумуштарым менен Кыргызстанга бардым. Ошондо көрүштүк. Бирге көп убакыт өткөргөнгө аракет кылдык. Ошол учурда сүйүүбүз бекемделди. Жашоомду ушул кыз менен өткөргүм келгенин түшүндүм, үй-бүлө курууну чечтим. Баш кошуу сунушун киргизип, сөйкө салып “брондоп” койдум.
– Азалия, баары тез болуп жатканы чочуткан жокпу?
А.: – Кээде тез болуп жатат деп ойлоп жаттым. Бир чети мен буга даяр болчумун. 2020-жыл кирип келе жатканда быйыл жүрөгүмдүн жарымын табам деп максат койгом. Андыктан бул да болсо Кудайдын белеги. Сүйгөн адамыңдан баш кошуу сунушун алган сонун экен. Бул көз ирмемдер, андагы сезимдер өмүр бою унутулбайт. Ушундай жанды буюрганына Кудайга күндө ыраазычылыгымды билдирип жатам.
– Анда жолдошуңуз менен кенен тааныштырсаңыз.
А.: – Данияр Бишкекте төрөлүп-өскөн. Москвада билим алган, IT тармагында иштейт. Экөөбүздүн жашыбыз тең. Жолдошумда чыныгы мырзаларга тиешелүү бардык сапаттар бар десем жаңылышпайм. Жумшак, ошол эле учурда катуу, мени түшүнө билген, камкор, жоопкерчиликтүү, ыймандуу. Бир туугандарын, ата-энесин, айымдарды сыйлай билген мыкты инсан. Көңүлүмдү карап турат. Жолдошум мени күндөн күнгө бактылуу кылып жатат.
– Данияр, Азалия кандай айым экен?
Д.: – Азалия жан дүйнөсү таза, эч кимге жамандык каалабаган, оюн ачык айткан, өзүнө ишенген кыз. Ошол сапаттарын жактырдым. Адамды берилип чын дили менен жакшы көрө алганы жагат.
– Түркиядан нике кыйдырып үйлөнүпсүздөр...
А.: – Данияр сөйкө салып кеткенден кийин Түркиянын Стамбул шаарында жолугуп, нике кыйдырдык. Ата-энем, башка жакын туугандарыбыз онлайн күбө болушту.
– Ким романтик?
Д.: – Экөөбүз тең. Эркек болгон соң мен көбүрөөк сюрприздерди жасайм. Сүйгөн адамымды кубандырып туруу мага жагат.
А.: – Данияр керектүү учурда сюрприздерди жасап, гүл берип турат. Түркияга келер алдында бир ирет күтүүсүздөн кучак толо гүл жиберип, “сени абдан жакшы көрөм. Сенсиз жашоомду элестете албайм. Буюрса, экөөбүз бактылуу болобуз” деп кат жазып жибериптир. Кыздар ушундай сөздөрдү укканды жакшы көрөбүз го. Ар бир сюрпризинен кийин сүйүүм күчөп турат. Даниярдын жанында ар бир учур романтикалуу өтөт.
– Жолдошуңуз чыгармачылыгыңызды кандай кабыл алат. Ырчылыгыңыз уланабы?
А.: – Данияр чыгармачылыгымды сыйлайт. Бирок бир аз кызганат. Жигиттер менен тартылган клиптеримди көргүсү келбейт. Ырчылыгым уланабы, аны убакыт көрсөтөт. Азыр биринчи орунда үй-бүлөм жана Даниярды бактылуу кылуу турат.
– Кыргызстанга качан келесиздер? Үйлөнүү тою болобу?
А.: – Азыр Түркияда эс алып жатабыз. Жакын арада Кыргызстанга барабыз. Үйлөнүү той кылбайбыз деп чечкенбиз. Азыр карантин, анын үстүнө акчаны, убакытты короткубуз келген жок. Бири-бирибизди тапканыбызга эле сүйүнүп жүрөбүз. Болгону досторубуздун арасында чакан той өткөрөбүз. Сүйүү баянын тартып, фотосессияларды жасайбыз. Бул кийин балдарыбыз, неберелерибизге айтып бергенге жакшы. Расмий түрдө чет өлкөдөн баш кошкону турабыз. Данияр чет өлкөнүн жараны болгондуктан убагы келгенде ошол өлкөгө барып жашайбыз.
– Кайда болсоңуздар да бактылуу болуңуздар!
Перизат Музуратбекова