Футбол дүйнөдө №1 спорт экени талашсыз. Мындан улам футболчуларга да суроо-талап жогору. Америкалык Forbes журналы Роналдуну футбол спортунун тарыхында миллиард киреше тапкан алгачкы футболчу деп тапкан. Учурда Европада жылдын маанилүү Евро-2020 чемпиондугу өтүп жатат. Бул чемпиондуктун эң кымбат футболчуларын, командаларын тизмектейбиз.
ЭҢ КЫМБАТ КОМАНДА – АНГЛИЯ
Англия курамасынын баасы 1 миллиард 250 миллион доллар турат. Евро-2020 чемпиондугуна жаш, таланттуу футболчулары менен келип, өзгөчө дымак менен финалды көздөй баратышат. Бул команданын 10дон ашык футболчусунун ар бири 50 миллион евро гонорар алат. Анын арасында жарым коргоочу Жуд Беллингемдин баасы 20 миллион еврого көтөрүлүп, учурдагы ставкасы 55 миллион еврону түзөт.
Белгилей кетсек, “Беллингем бул жолку чемпиондуктун эң жаш футболчусу болду” деп жазат УЕФАнын расмий сайты. Кызыгы, Англия курамасынын акчасына Орусиянын 6 курама командасын (191 миллион евро) сатып алса болот.
Франция – футбол курамасына 1 миллиарддан ашык каражат короткон экинчи мамлекет. Алардын курамасы 1 миллиард 30 миллион еврого бааланат. Ага карабастан, Европа чемпиондугунун плей-оффтук баскычында команда Швейцариядан утулуп калып, оюндан четтеди. Коргоочу Рафаэль Варан (70 миллион евро) менен Кингсли Коман (65 миллион евро) Франциянын эң көп гонорар алган оюнчулары.
3-орундагы “Немис машинасы” атка конгон Германия курама командасынын баасы 936 миллион евро турат. Немистер бир эмес, бир нече таланттуу футболчулардын муунун тарбиялап келген өлкө.
Ошондой эле эң кымбат курама командалардын ондугуна Испания (915 миллион евро), Португалия (872,5 миллион евро), Италия (764 миллион евро), Бельгия (669,4 миллион евро), Нидерланды (637 миллион евро) жана Хорватия (375,8 миллион евро) кирет.
АКЧА ФУТБОЛЧУЛАР ҮЧҮН СТИМУЛБУ ЖЕ?..
Евро-2020 чемпиондугунун тайпалык баскычында ыргыган Орусия курамасына нааразы болгон орустар “футболчуларга миллиондоп акы төлөөнү токтотуу керек” деп чыгышты. Социалдык тармактын жинденген колдонуучулары “футболчу Зобнин айына 26 миллион евро алат экен. Биз ал акчаны өмүр бою иштесек да таппайбыз. Футболчуларды эркелеткенди токтотушубуз керек” деген пикирлерди айтышты. Ал эми атактуу теннисчи Марат Сафин: “футболчуларыбыздын айлык акысы Европаныкындай, бирок деңгээлибиз аларга жетпейт. Жигулиге Мерседестикиндей акча төлөп баштаганда Жигули өзүн премиум класстагы унаа экенмин деп ойлоп алат. Биздин футболчуларыбыз да ошондой болуп жатышат. Мындан улам мотивация, өзүнө болгон баа жөн эле көтөрүлүп кетиши мүмкүн. “Менде баары жакшы, жылына 3-4 миллион евро алам, жеңип эмне кылам?” деген ой болушу мүмкүн”,- деген пикирин билдирди.
МБАППЕНИН АКЧАСЫНА 4 КУРАМА КОМАНДА САТЫП АЛСА БОЛОТ
Европа биринчилигинин эң кымбат футболчусу – франциялык Килиан Мбаппе. Анын баасы 160 миллион евро. Салыштыруу иретинде айтсак, Мбаппенин гонорары турнирде катышып жаткан 4 курама командадан (Финляндия, Венгрия, Түндүк Македония жана Словакия) да кымбат турат. Француздардын үмүтү болгон 22 жаштагы Мбаппе Швейцария менен оюнда пенальтилер сериясында каршылашынын дарбазасына гол киргизе албай, көпчүлүктүн жемесинде калды. Француз басылмалары Франциянын чейрек финалга чыкпай калышына дал ушул Мбаппени күнөөлөшүүдө.
Ошондой эле англиялык Гарри Кейн (120 миллион евро) менен Жейдон Санчо (100 миллион евро), бельгиялык Кевин де Брёйне (100 миллион евро) менен Ромелу Лукаку (100 миллион евро) Европа чемпиондугунда эң көп акы төлөнгөн футболчулардын бештигине кирди.
КАЙСЫ ФУТБОЛЧУЛАР АРЗАНДАП КЕТТИ?
Футболчулардын гонорары кайсы убакта арзандап кетет деп ойлойсуз? Талаада мыкты оюн көрсөтпөй калганда, гол киргизбей калганда, сары айып кагазын көп алганда деп жооп берерсиз, балким. Чет өлкөлүк басылмалардын маалыматында футболчулардын жашы 30дан өткөндөн кийин баасы да түшө баштайт. Мүмкүн, ушул себептен Роналду бул турнирдеги эң көп акы төлөнгөн футболчулардын катарына кирбей калды. Анын Европа биринчилигиндеги баасы 45 миллион евро. Бирок Роналду журналисттердин анын байлыгы тууралуу берген суроосуна “Мен азыр акчага муктаж эмесмин. Максатым – футболдун тарыхында атымды жазуу, командам менен ийгиликке жетүү” деп жооп узаткан. Мындан сырткары германиялык футболчу 31 жаштагы Тони Кроостун гонорары 10 миллион еврого, 30 жаштагы франциялык футболчу Виссам Бен Йеддердин гонорары 5 миллион еврого жана италиялык Чиро Иммобиленин баасы 7 миллион еврого арзандап кеткен. Белгилей кетсек, атактуу футболчу Тони Кроос мындан ары Германия курама командасы үчүн ойнобой турганы айтылууда.
Лунара Бекиева