Максат Кулуев, ырчы: “СӨЗҮНДӨ СӨӨЛӨТҮ ЖОК ЫРЛАР КӨБӨЙДҮ”

Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” тобунун жетекчиси, обончу, ырчы, төкмө акын Максат Кулуев менен баарлаштык. Таланттуу инсан чыгармачылыктагы чыйыр жолу, балалыгы, үй-бүлөсү тууралуу кеп курду.

Туулган жылы, күнү – 1983-жыл, 8-апрель

Туулган жери – Бишкек шаары

Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетин жана Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн

Репертуарындагы ырлары – “Сулайман тоо сулуусу”, “Теңим бар”, “Жөнө балам”, “Ай, энем”, “Сезимдешим”, “Кара кыргыз” жана башкалар.

Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы

– Максат мырза, саламатсызбы? Маекти чыгармачылык чыйыр жолуңуздун түптөлүшүнөн баштайлы. Бул жолго сизди ким жетелеп келди?

– Саламатчылык. Оору күчөп жаткан кырдаалда Жараткан баарыңыздарга дем-күч, сабырдуулук берсин, сак жүрөлү деген тилек менен маегимди баштагым келди. Чыгармачылыгым айылда жүргөндө, бала кезимде башталган. Мен 5-класска чейин Таласта, чоң ата-чоң энемдикинде жүрүп окугам. Кийин Жумгалга таята-таенемдин колуна баргам. Ошондо эле ырга дилгир болчумун. 2-классымда Дилдекан деген класс жетекчим кайсы айылда музыкалык сынак же иш-чара болсо эле мени алып барып ырдата берчү. Ошол эжекем тай кезимде таптап, шык берди. Ал кишинин сүрөөнү, колдоосу менен комуз черткенди билбесем да колума комуз алып ырдачумун. Андан кийин көптөгөн залкар устаттарым болду. Булактын көзүн ачкан Дилдекан эжекеме ыраазычылык билдирем.

– Ырдын текстин, обонун качан жаза баштадыңыз?

– 9-класста окуп жүргөндө башталды. Мидин Алыбаевдин 2 ырына обон жаздым, кийин өзүм да ыр жаза баштадым. Ал ырларды классташтарым менен ырдачу элек. Ошол кездеги обондуу ырларымды кээде ырдап калам.

– Артты кылчайып бала кезди эстегенде эмнелер эске түшөт?

– Таята, таенем чабан болчу. Таза абада, тоонун башында кой кайтарып, тезек терип жайлоодо жүргөн кезим эсимден кетпейт. Таята, таенемдин көздөрү өтүп кетти. Алар Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында өмүр бою жашашты. Аким таятам менен Корголдой таенемдин арбактарына таазим кылам. Жаткан жерлери жайлуу болсун!

Негизи кичи мекеним Таластын Бакай-Ата районунун Кара-Суу айылы. Чоң атам Чойбек Кулуй уулу сөз баккан, чечен киши болгон. Комуз чертип, тамашалуу, куйкум сүйлөгөн киши эле. Биздин тукумдан обончу Тургуналы Нурматов чыккан. Тургуналы агабыздын атасы менен менин чоң атам бир тууган. Таякелер жактан Таш-Дөбө айылынан чыккан атактуу обончу, ырчы, “Ой комузчу, комузчу, чертип койчу комузду”, “Белестеги беш ыргай” деген ырлардын автору Абдыкалый Темиров таятамдын бир тууганы.

– Сөздүн гүлүн терип, сөз баккан адам катары азыркы жеңил-желпи ырларга оюңуз кандай?

– Кыргызда эле эмес, дүйнөдө ушундай агым болуп кетти. Сөзүндө сөөлөтү жок, орунсуз, ыргактарында түшүнүксүз нерселер бар ырлар көбөйдү. Мындай ырларды эл өзү каалап угуп жатат, бирок элдин табитин бузбаш керек эле. “Эл каалаганын угуп алат” деген принциптеги досторум көп. Бирок мен жеңил-желпи ырларды жактырбайм. Элдин алдына таштанды сала бербеш керек. Иргелген кесектерин, даамдуусун бериш шарт. Бул бир гана адамдын колунан келбейт экен. Маданият министрлиги баш болуп, радиолор төш болуп күрөштү баштоо зарыл.

– Ырчылар “ыр, обон жазып бериңиз” деп кайрылышабы? Калем акыңыз канча?

– Кайрылышат, бирок көбүнөн баш тартам. Байма-бай жазгандардын катарына кирбейм. Өзүмдү кыйнагым келбейт. Ыңгайы келсе сөзү, обону менен жазып берем. “Калем акыңыз” деп өздөрү көкүрөгүнөн чыккан сумманы беришет. Кээде башыңа чыгып алган жаштар болуп калат. Аларды үркүтүш үчүн “ушунча берсең жазып берем” деп чоң сумманы айтып качырам (күлүп). Ар бир кылган эмгегиңдин акыбети кайтыш керек. Кээде 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин беришет. Сөзү, обону менен андан көп, 100 доллардан 100 миң сомго чейин болуп калат.

– “Эл шайырлары” тобун кантип жетектеп калдыңыз?

– Башында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында иштечүмүн. Бир күнү эле Аалы Туткучев досум келип, “Тууганбай Абдиев агай сени филармонияга чакыртып жатат” деп калды. Бирок мен “театрда эле иштейинчи” деп барбай койдум. Кийин Азамат Болгонбаев досум чалып “Маке, “Эл шайырлары” тобуна келе кал. Жамаат чакыртып жатат. Мен белгилүү себептер менен жумуштан кетип жатам. Ордума кирип кал” деди. Ошентип анын ордуна кирип калгам. Ал кезде топту Мурадил Сагынбаев агабыз жетектечү. Мурадил агабыз күтүүсүздөн дүйнөдөн өтүп кеткенде Якутияда гастролдо жүргөм. Аябай жаман болдум. Кесиптештерим “топту төкмө акын жетектеш керек” деп мени шайлап, жетектеп калдым. Топто төбөсү элге көрүнгөн залкарлар бар. Репертуарыбызды жаңыртып жакшы гастролдодук. Пандемия башталгандан бери иш токтоп калды. Буюрса, күзүндө концерт беребиз.

Мындан сырткары улуттук өнөрдү өстүргөн “Айтыш” коомдук фондунун мүчөсүмүн. Ал жерден залкар акындар Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев агалардын батасын, сабагын алып, катарлаш жүрдүм. 2018-жылы чыгармачылыгымдын 20 жылдыгына арналган чоң концерт бергем.

– Биринчи угарманыңыз келинчегиңиз экенин айтып келесиз...

– Өмүрлүк жубайым Айнура Чолпонкулова менен Искусство институтунда чогуу окуп, театр-кино факультетин бүтүргөнбүз. Студент кезибизде баш кошконбуз, 2 балабыз бар. Улуу балам Бекзат 10-классты, кызым Айхан 8-классты бүтүрдү. Акыл-эстүү, зирек балдар. Уулум IT жаатына кызыгат, кызым сүрөттү жакшы тартат. Келинчегим болсо “Учур” театрында 10 жылдан ашуун иштеди, Искусство институтунда мугалимдик кесипти аркалады. Азырынча үйдө эс алууда.

– “Теңим бар” ырыңыздын тарыхы тууралуу айта кетсеңиз.

– Турмушта ар кандай кырдаал болуп калганда эркектер үй-бүлөсүн таштабасын, үй-бүлөнүн туткасы бекем болсун деген максатта бул ырды жазгам. Анткени келинчегиң туруп башка бирөөнү сүйүп калып, баарын таштап кетип калган болбойт да. Ыр өз мүдөөсүнө жетип, көп адамга таасир берди окшойт.

Жакында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арнап “Азаттык” деген ырымды да жаздырдым. Майрам күнү элге тартуу кылайын деп жатам.

– Анда чыгармачылык эргүү каалайлы. Маегиңизге рахмат!

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Isikkolumkeremet
2021-07-13 23:50:28
Туура колдойм.бизде сынчы болуп иштеген адамдар болуш кк эле да. Жанагы девушка из тиктока деп тантыраган эмени сарайга барып кон оодар деп айткылачы.куйгузбой кишини...
+3
Real98
2021-07-15 14:38:47
Теңим бар деген ырды бойдок болсом да сүйүп угам.
0
№ 970, 8-14-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан