41 ЖЫЛДАН БЕРИ КЕТМЕН, КҮРӨК ЖАСАП КЕЛЕ ЖАТКАН УСТА

Аманкул Курманалиев Таластын Кара-Буура районундагы Шекер айылынын жашоочусу. Ал кетмен, казык, күрөк, така жана ага мык, соко жасап, шире чыгарчу жана арпа, буудай, жүгөрү тарта турган шаймандарды жасап эл керегине жарап келет.

– Мен 1971-жылы аскерден келген соң трактор айдап баштадым. 1980-жылы тракторчулардын бригадири болуп шайландым. Ошондон тарта бузулган тракторлорду оңдоого, керектүү жерлерин ширетүүгө, үйгө керектүү күрөк, кетмен дегендерди өзүм жасап алууну баштадым. Устачылыгымдын башталышы ошол мезгил болду окшойт. Союз тараган соң талаачылык, мал чарбачылык иштерге соко, така, казык, күрөк, кетмен дегендер таңсык болуп калды. Темирден жасап баштадым. Ошентип уста катары атым чыкты.

Бир кезде свет көп өчө баштап, элди жүдөттү. Эмне кылсам деп отуруп кичи ГЭС жасадым. Диаметри 3 метрдей болот. Ал учурда арыкта суу толо токтобой агып турчу. ГЭСти ошол арыкка орнотуп, 10 чакты үй свет менен камсыз болуп калды. Анын үстүнө ошол учурда элде акча жок, электр энергиясынын акчасын төлөй албай калсак светти өчүрүп кетчү. Кийин свет өчпөй калды, суу тартыш болуп арыкка суу бир келсе, бир келбей калды. Ошентип ГЭС иштебей турат. Эгер арыкка суу токтобой келсе иштейт.

Айылда жашаган соң жүгөрү, арпа, буудай тартып шак кыла турган шаймандар керек, андай шайман жасадым. Жүгөрүнү токмоктоп, жүгөрүсүн сотосунан ажыратып берчү да шайманды жасап чыктым. Эл 100 килограмм шак тарттырса 8 килосун калага алып калам. Той-топурга, кышкыга деп жемиштерден шире сыгып, даярдап алуу керек. Ошентип шире сыгуучу шайман жасадым. Ширелүү 50 килограмм алмадан 35-40 литрдей шире чыгат. Конок тосот элем дегендер алмасын алып келсе шире чыгарып жатканда бышкан кызыл кызылчадан азыраак кошуп жиберем, өңү кыпкызыл болуп калат. Менин шаймандарымдан колдонгонго коңшу 5-6 айылдын эли келет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kkkk3259780
2021-07-12 09:27:15
Колунузга береке!!
+6
Baatirbek81
2021-07-12 13:29:12
Көп жашаңыз!
Элдик киши деп ушундай адамды сыйлаш керек.
+3
№ 970, 8-14-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан