Бардык нерсе өз убагында болоруна ишенесизби? Кеч дагы эмес, эрте дагы эмес. Кичинекей София бул айымдын жашоосуна да өз убагында келди. 16 жыл күттүрдү деўизчи. Бирок ата-энесин бул кубанычка даярдап жатты да. Көпкө күттүрүп, зарыктырган наристе азыр энесинин боорунда жатат. Кырктын кырында кыздуу болгон Гүлжайна Атаканова эне болуу бактысы менен бөлүшүп, маек курду.
– Гүлжайна айым, саламатсызбы? Кызыңыздын бешик боосу бек болсун! Улуу кызыңыздан кийин наристе жытын 16 жыл күткөн экенсиз. Кандай сезимдер болуп жатат?
– Саламатчылык. Каалоо-тилектерге рахмат! Көкүрөктөгү сезимдеримдин баарын сөз менен айтып жеткире албасам керек. Биринчи жолу балалуу болуп жаткандай жан дүйнөм эрип, кызымды кучагыма алган сайын өзүмдү бактылуу сезип, Кудайга чексиз ыраазычылык билдирип отурам. Биринчи жолу кыздуу болгондо жаш болгонум үчүн, турмуштун ысык-суугун билбегенге бала ушунчалык бактылуу кыларын сезген эмесмин. Азыр жон терим менен сезип, балалуу болуу бул дүйнөдөгү эң бактылуу көз ирмем экенин туюп жатам. Кызымдын атын София койдук. – Наристе багууну унута элек экенсизби? Кыйналган жоксузбу?
– Унута элек экенмин. Эч кандай кыйынчылык болгон жок. Тескерисинче, сагынып калыптырмын. Сонун багып жатам.
– Кош бойлуулугуңуз кандай өттү?
– Жеңил өттү. 9 ай болгондо гана буту-колум шишип бир аз кыйналдым.
Өзүм эле төрөдүм. “Кесарево жолу менен төрө” дешти. Бирок мен “күчтүүмүн, өзүм төрөйм, кесарево болбошум керек” деп өзүм төрөдүм.
– “Анкалайф” клиникасынан ЭКУ жолу менен көз жардыңыз. Бул кадамга канча убакыт даярдандыңыз? Буга чейин ЭКО кылууга аракет кылдыңыз беле?
– Аталган клиникага аябай ыраазычылыгымды билдирем. Алардын жарнамасын көргөндөн кийин консультация алганы баргам. ЭКУга 1-2 ай гана даярданат экенсиң. Бирок меники карантин маалына туш келип калганы үчүн клиника иштебей калып, дарылануум 5-6 айга созулуп кетти.
Биринчи жолку ЭКУ ыкмасы ийгиликтүү болду. “Табигый жол менен төрөйм” деп аябай аракет кылып, ысык уколдорду алып, жатын түтүкчөлөрүн ачтырып, ооруканага жатып, эмне деген гана дарыларды ичкен жокмун.
– Наристе жытына зар болуп жүргөн аялдардын үмүтүнө шоола чачтыңыз окшойт...
– Албетте, ар бир үй-бүлөдө наристенин үнү жаңырып турсун. Эгерде бирөөлөр бала жытына зар болуп, бирок кандайдыр бир себептерден балалуу болууга мүмкүнчүлүк болбой жатса, сөзсүз “Анкалайфка” кайрылып, кеңеш алыңыздар. Сиздер дагы мага окшоп бала жытына балкыңыздар.
– Сиз 16 жыл күтсөңүз, жолдошуңуз деле бала жытын чыдамсыздык менен күттү да?
– Жолдошумдун мурунку турмушунан балдары бар. Мени менен жашагандан бери эле балалуу болгусу келип күтүп жүрдү.
– Сизди төрөт үйүнөн чыгарып жатканда апаңыз көзүнө жаш алып, сүйүнүп жүрдү. Сизге көп кабатыр болсо керек?
– Апам аябай толкунданды, сүйүндү. Боюмда болгондон баштап аябай кабатыр болуп жатты. Бала үчүн энедей күйгөн эч ким болбосо керек. 9 ай болгондо шишип, кыйналып баштаганымда жаныма келип алган, төрөгөнчө жанымда болду. Кызымдын кыркы чыккыча жанымда болот.
– Мурунку жолдошуңуз менен балалуу боло албай, эки ажырым жолго түшкөнүңүздү айткан элеңиз. Баланын жоктугу гана ортодогу сезимди суутуп койду деп ойлойсузбу?
– Ооба, эгерде балалуу болгонубузда жакшынакай эле жашап жатмакпыз. Ортобузда андан башка уруш-талаш болгон эмес. Ал жакшы адам болчу. Дагы деле ал тууралуу жаман сөз айта албайм. “Ошол убакта эле ЭКУну тандасам болмок” деп да ойлогон жокмун.
–Материалдык байлыкпы же сүйүүбү? Кайсыны тандамаксыз?
– Албетте, сүйүүнү тандамакмын. Материалдык байлыкты иштеп тапсам болот. Жүрөгүм сүйүүгө толуп, жанымда сүйгөнүм колдоп, жакшы сөзүн айтып турса, ошол эки адамдын сүйүүсү материалдык байлыкты чакырат. Байлыкты адам таба алат, бирок сүйүүнү издеп таба албайт. Ал Жараткандан берилген белек. Анткени эки адамды жөн жерден жолуктурбайт.
– Чыгармачылыгыңызга да орун берели. Декреттик өргүүдөн качан чыгайын деп пландап жатасыз?
– Чыгармачылыктан кеткен жокмун. 9 айга чейин иштеп жүрдүм. Кызымды торолтуп аларым менен кайрадан чыгармачылык жолумду улайм.
– Өткөнгө өкүнбөйсүзбү?
– Эч качан өткөн ишке өкүнбөш керек. Анткени ар бир ишти ийгиликке жетейин деп жасайбыз. Бирок туура эмес болуп калса өкүнбөй, сыноо, сабак катары кабыл алыш керек. Ошондуктан мен өткөн өмүрүмө, жасаган ишиме өкүнбөйм. Алдыда жакшылыктар күтүп турганын билем.
– Ишенген досторуңуз сатып кеткен учур болдубу?
– Жакын курбум сатып кеткен. Бирок бирөө сатып кетсе башкалар да ошондой деп ойлоп калбаш керек. Жакшы адамдар көп. Азыр ишеничтүү, достукка бекем курбулардан куру эмесмин.
– Кызыңыздын өмүрү узун болсун! Маегиңизге рахмат!
Динара Абдыкадырова