Жаш, энергиялуу, тойдо кары-жаштын баарын бийлеткен ырчы Айтурган Эрмекова учурда Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында солист катары эмгектенет. Ал чыгармачылыгы, үй-бүлөсү, мүнөзү тууралуу жакшы маанайда ой бөлүштү.
– Айтурган, салам! Маекти кайсы жактын кызысың, кандай үй-бүлөдө төрөлдүң дегенден баштабайлыбы, ээ?
– Саламатчылык. Мен Ош шаарында төрөлүп-өскөм. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз, үч кыз, бир уул. Ата-энем чыгармачыл адамдар эмес, атам күч органында 35 жыл иштеген, азыр пенсияда. Апам үй кожойкеси, негизги иши бизди тарбиялоо болду.
– Өнөр жолуна кантип келип калдың?
– Ата-энемдин айтышы боюнча, кичинемден эле ыр-бийге шыктуу, жаным тынбаган тың кыз болгон экенмин. Ата-энем “отуруштарыбызга ээрчитип барсак бийлеп, такыр тартынчу эмессиң” дешет. Ырдаганды жакшы көрчүмүн. Үйдө эски видеокассеталар бар, ошолорду көрүп “ии, башынан эле ырга шыктуу болчу экем” деп калам. 7-8-классымда "Кыз-Бурак" тобуна келип, алгачкы ирет сахнага аталган топтун курамында чыккам. 5 жыл топто ырдадым.– Кийин топтон эмнеге кетип калдың?
– Келишим 5 жылга түзүлгөн. Кийин турмушка чыгып, балалуу болуп, бир аз чыгармачылыкта тыныгуу болду. Анан өзүм жеке ырчы катары атымды чыгарайын деп ойлодум. Топтун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова менин устатым. Бул кишиден көп нерсе үйрөндүм. Азыр деле мамилем жакшы, эч кандай урушпай-талашпай эле кеткем. Топтун мүчөсү катары азыр чакырышса барып ырдайм, жакшы мамиледебиз.
– Турмушка чыгып тыныгуу жасадым деп жатпайсыңбы? Адатта ырчылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүү оорбу?
– Ар бир кесип эле кыйын го, бирок чыгармачылык жолду алып кеткен андан да кыйын. Мени алыс жактарга көп чакырышат, "жол азабы – көр азабы" дегендей, кыйналып каласың. Анан баракчамды кошо ала кетүү керек болот. Түнү менен монтаждап чыгарасың. Үй-бүлөмдүн эртең мененки тамагын даярдайм, анан бир күнү бүтүрчү жумуштардын баарын блокнотко жазып алам. Бир күнгө 10 иш бүтүрөм деп пландасам ошонун 8-9ун бүтүрөм. Тыным жок болгон үчүн да арыкмын го деп ойлойм.
– Байкашымча, чечкиндүү кыз экенсиң, бул мүнөз сага пайда алып келеби?
– Туура (күлүп). Тарс-тарс сүйлөп, шар жүрөм. Кемчиликти бетке айткан киши чөйрөгө жакпайт эмеспи. Ушундан улам кээде жабыркап калам. Эми мүнөзүм ушундай болсо башкача боло албайм да. Бирөөнүн артынан сүйлөй албайм, ичимде да сактай албайм. Өтө эле эмоционалдуу адаммын десем болот. Мунун пайдасы да, зыяны да болот.
– Эмнеден ырахат аласың?
– Тирүүлүктөн, көзүм көрүп, сезип, туюп турган бардык нерседен ырахат алам. Шүгүрчүлүктү көп айтам, ден соолук, буюрса, жакшы, ата-энем, жакындарым жанымда. Шайыр жүрөм, ырдап-бийлегенден ырахат алам. Күйөрмандарымдан энергия алам. Азыр сизге интервью берип жатам, мындан да ырахат алам (күлүп). – Көп учурда башка бирөөлөрдүн ырын ырдайсың деген сын айтылып жүрөт...
– Мындай жооп берейинчи: мен эле эмес, сахнада жүргөн бардык ырчылар башкалардын ырын ырдайт. Мен көп учурда башка улуттардын ырын ырдап, алар хит болуп кетип, мени эле бирөөлөрдүн ырын ырдайт деген пикир пайда болуп калыптыр. Мен аткаруучумун да, жашым 50дөн ашып калганда, балким, автордук ырларымды тартуулайм, ким билет. Бирөөнүн ырын деле ийине жеткире, жүрөгүң менен элге сиңдирип ырдасаң сонун да.
– Сулуу кызсың, тойлордо, жолдордо жүрөт экенсиң, жолдошуң кызганбайбы?
– Жолдошум башынан эле менин чыгармачылыгымдын күйөрманы. Ал мени Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарада аянтта ырдап жатканымда көрүп жактырып калыптыр. Мени изилдеп, издеп көп жүрүптүр. Анан таанышып калдык. Ал сахнадагы Айтурганды жактырып калган да. Ошол үчүн чыгармачылыгымды колдойт. Өзү башка чөйрөдө иштеген адам, бирок музыканы жакшы түшүнөт. Мен ыр жаздырсам, аны да өзү көзөмөлдөйт. Сахнада ушундай колдоочум бар болгон үчүн жүрөм. Ырчы экенимди билип үйлөнгөнү үчүн, көп учурда жанымда жүргөнү үчүн да көп кызганбайт. Эми сиз деле мени сулуу деп кеттиңиз, жакшынакай кыз ырдап жатса эркектер, албетте, көңүл бурат. Бул турган иш. Жолдошум “сага бирөө тийишсе, көз салса мен өзүм аны менен чечишип алам. Сен өзүңдү жакшы алып жүрсөң эле болду” деп калат. Эң негизгиси, мен бирөөнүн аялы экенимди унутпайм, жолдошумду сыйлайм, ошондуктан ал мага ишенет.
Эркектердин тийишкенинен турмушка чыга электе деле маселе жаралчу эмес. Эркектей чечкиндүү жүрүп, өзүмдү өзүм коргой алган айымдарга кирем. Кээде ырдап жаткан учурда тийишсе кагып сала албайсың, оңтойсуз учурлар болуп калат. Кагып салган деле туура эмес го, күлүп “кечиресиз, бош эмесмин, жолдошум бар” деп өтүп кетем. Андай учур деле көп боло бербейт, жолдошум бар экенин баары эле билишет.
– Балалуу болуу сени өзгөрттүбү?
– Көп деле өзгөрүү болгон жок. Ошондой элемин, ал тургай келбетим деле өзгөргөн жок. 90-60-90 боюнча эле калдым (күлүп). Өзгөргөн нерсе – 100 пайыз мээримдүү болуп калдым.
– Айтурган, чыгармачылыгың өркүндөй берсин.
Нуржамал Жийдебаева