Сурамжылоого катышкандардын 69 пайызы парламентке, 61 пайызы сотторго, 51 пайызы прокуратурага, 47 пайызы милицияга ишенбей турганын айтышкан. УКМКга ишенем дегендер 49 пайызды түзгөн. Саясий партияларга ишенбей турганын билдиргендер 70 пайызды түздү.
Компания өкүлдөрү сурамжылоонун жыйынтыгынан улам азыркы бийликке карата элдин ишенимин “жогору” деп баалады. Эл көбүрөөк ишенет деп армия жана диний уюмдар белгиленет. Ал эми укук коргоо органдарына ишеним төмөн.
Эскерте кетсек, 2021-жылы Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,84 пайыз добушу менен президент болуп шайланган.
Жолдубек Качкынбаев