ЕВРОПАНЫН КУБОГУ РИМГЕ КЕТТИ

Жылдын маанилүү окуясы – футбол боюнча Европа чемпиондугу соңуна чыкты. Англиялыктар менен италиялыктарды финалда беттештирген бул чемпиондукта кызыктар көп болду. Анда сөз башынан болсун.

ФУТБОЛ ҮЙҮНӨ – АНГЛИЯГА ЭМЕС, РИМГЕ КАЙТТЫ!

Футбол боюнча көпчүлүк чемпиондуктарда ырдалып, гимнге айланып калган “Football's Coming Home” (кыргызча: футбол үйүнө кайтат) ырын быйыл англиялыктар өзгөчө дем менен ырдашып, “титул бизде калат” деген үмүттөрү чоң болгон. Буга себептер көп эле. Англиянын курамасы жаш, эң кымбат команда. Тайпалык баскычта, плей-оффто, жарым финалда мактоого татырлык оюн көрсөтүштү. Анан англиялыктарга өз дубалдары да жардамга келмек, анткени финалдык оюн Лондондун “Уэмбли” стадионунда өттү. Тилекке каршы, жогоруда аталган себептер англиялыктарга титулду өз үйүндө алып калууга жардам берген жок. Италиялыктар пенальтилер сериясында мыктылыгын көрсөтүп, 3:2 эсебинде англиялыктарды утуп, кубокко ээ болушту. Дүйнө эли римдиктер менен англиялыктарга футбол үчүн рахмат айтса болот. Футбол Байыркы Римде пайда болсо, орто кылымдарда Улуу Британияда өсүп-өнүгүп, дүйнө элине жайылган. Андыктан англиялыктардын “футбол үйүнө кайтат” деп ырдоосу таң калычтуу эмес, футболду “багып, чоңойтуп, билим берип, эрезеге жеткирген” дал ушул англиялыктар экени талашсыз.

ИТАЛИЯЛЫК КҮЙӨРМАНДАР САБАЛЫП...

Өз үйүндө футбол майрамын өткөрүп жаткан англиялыктар оюн баштала элек жатып жеңишти эрте майрамдап башташкан. Көчөдө унааларды токтотуп айдоочусун бийге тартып, метродо шатырап ырдап, секирип бийлеп, айтор, эмоциясы толкуп-ташкан күйөрмандардын маанайынан улам кубок англиялыктарга буюрат окшойт деп ойломоксуз. 65 миң адамга эсептелген стадионго көпчүлүк батпай, айрым ашынган күйөрмандар тыгын жаратып, топ-топ болуп стадионго билети жок кирүүгө аракет кылышты. Мындан улам полиция менен футбол фанаттарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Айрым бейбаш топтор стадионго билети жок кирип кетүүгө үлгүргөн. Бирок оюндун жыйынтыгынан кийин жеңилүү ызасына чыдабаган англиялык күйөрмандар 3 италиялык күйөрманды сабап, аларды полиция кызматкерлери токтотуп калышты. Италиялык күйөрмандарга таш, бош бөтөлкөнүн идиштерин ыргытып, арасында “К чёрту королеву!” деп кыйкыргандар да болду. Футбол күйөрмандарынын бейбаштыгынан улам Лондондун көчөлөрү таштандыга толуп, кооз шаар бат эле булганыч шаарга айланды. Полиция бул күнү бейбаштык кылган 45 адамды кармаганын кабарлаган.

ФИНАЛДАН КИЙИН АНГЛИЯДА РАСИСТТИК ЖАҢЖАЛ КУРЧУДУ

Италиядан жеңилген соң айрым англиялык социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында пенальти тээп каршылашынын дарбазасына киргизе албай калган кара терилүү Маркус Рэшфорд, Жейдон Санчо жана Букайо Саканы айыптагандар чыкты. Кээ бири аларды расалык кемсинтип, кубоктон кол жууганына күнөөлөшкөн. Бул окуяга өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон да үн катып, "Англия курамасы баатыр катарында сыйланууга татыктуу жана социалдык тармактарда расалык айыптоолорду укпашы керек. Бул одоно мазактоосу үчүн адамдар өздөрүнөн уялышы керек" деген.

Ал эми, машыктыруучу Гарет Саутгейт: “Италиялыктардан жеңилип калганыбызга футболчуларыбызды күнөөлөбөйм. Анткени балдар өзүн толук түрдө оюнга берип, жан үрөп чуркап болгон аракетин жасашты. Мындан артык жакшы болушу мүмкүн эмес эле. Англия акыркы ири турнирлерде мындай жыйынтык көрсөтө элек. Биз алар менен сыймыктанышыбыз керек”,- деген.

ИТАЛИЯ ЕВРОПА КУБОГУН ДА, “ЕВРОВИДЕНИЕНИ” ДА СҮЙРӨП КЕТТИ

Италия курамасынын жеңишин түрдүү басылмалар жазып баштады. Дегеним, айрым Европа басылмалары “Италия бул жылы “Евровидение” музыкалык сынагын да, Европа кубогун да үйүнө сүйрөп кеткен жалгыз өлкө” деп жазышууда. 2021-жылдагы “Евровидение” музыкалык сынагында италиялык “Mаneskin” рок-тобу жеңишке жетип, кийинки жылдагы сынакты өз өлкөсүндө өткөрүү жөрөлгөсүн алып берген.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Роналду 5 голу менен "Евро-2020" турниринин “Мыкты бомбардири” аталды. Чехиялык чабуулчу Патрик Шиктин дагы 5 голу бар экендигин белгилей кетүү керек. Бирок Криштиану Роналду андан кошумча көрсөткүчтөрү боюнча ашып түштү.
  • Испаниянын жарым коргоочусу Педри чемпиондуктун “Мыкты жаш оюнчусу” деп табылды.
  • Италия курамасынын дарбазачысы Жанлуижи Доннарумма Европа кубогунун "Эң мыкты оюнчусу" деп табылды.
  • УЭФАнын каражат тапчу булагы – телетрансляцияларды башка өлкөлөргө сатуудан түшөт. Экинчиси – өнөктөштөрдөн жана стадионго келген көрүүчүлөрдөн түшөт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 971, 15-21-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан