5 баланын энеси: “КҮЙӨӨМ 16 ЖАШАР КЫЗЫМДЫ ЗОРДУКТАП, МЕНИ КАРЫЗГА БАТЫРЫП КАЧЫП КЕТТИ”

Өткөн аптада Таласта өгөй атасы өспүрүм кызды 2 жылдай зордуктап келгени тууралуу кейиштүү маалымат тарады. Кылмышка шектүү бул окуя ачыкка чыккандан кийин качып кетип, бүгүнкүгө чейин колго түшө элек. Өспүрүм кыздын апасы бизге бул окуянын чоо-жайын айтып берди.

“ШЕКТҮҮ КОЛГО ТҮШӨ ЭЛЕК”

Талас ОИИБинин басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат таратты:

– 2021-жылдын 22-июнь күнү саат 20:48 чамасында Кара-Буура РИИБине Чымгент айылынан 1986-жылы туулган Б.Р. аттуу аял чалып, 2005-жылы туулган кызы У.Ини өгөй атасы күч колдонуп зордуктап жүргөнүн билдирген. Өгөй ата 1971-жылы туулган Б.Б. деген жаран.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда өгөй атасы Б.Б. качып кеткендиги, жүргөн жери белгисиз болуп жаткандыгы аныкталган.

Текшерүү учурунда жабырлануучунун апасы кызынын зордукталганын уккандан кийин ошол замат милицияга барбай, 2-3 күн өткөндөн кийин кайрылганы белгилүү болду. Зордукталган кыздын апасы шектүү менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, убакыт өтүп кеткендигин билдирген.

Аталган факты Кара-Буура РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-берене (зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кылмыштын бетин ачуу максатында Б.Бнын жүргөн жерин тактоо боюнча багыттамалар берилип, кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Шектүүнү издеп табуу боюнча милиция кызматкерлери тарабынан атайын иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

“КЫЗЫМДЫ 2 ЖЫЛДАЙ ЗОРДУКТАП ЖҮРҮПТҮР”

Жабырлануучунун апасы Алия (аты өзгөртүлдү) "шектүү кызымды уруп-согуп, коркутуп да жүрүптүр" дейт:

– Биз Талас облусунун Кара-Буура районунда жашайбыз. Биринчи жолдошум менен 2012-жылы ажырашып кеткем. Андан 3 балам бар. Экөөбүз 10 жылдай жакшы жашадык, кийин ал туура эмес жолго түшүп кетти. 2014-жылы экинчи ирет турмушка чыктым. Бул жолдошум экөөбүз 7 жарым жыл аралыгында 2 балалуу болдук. Биринчи турмушумдагы улуу кызым башында тайларынын колунда болчу, 11 жашында өзүбүзгө алдык. Кызым мектепти жакшы окуп жаткан. 2019-жылы кичүү баламдын жүрөгү ооруй турганын билдик. Ошол бойдон бутум бутума тийбей жүгүрүп, балам менен алек болуп калдым. Уулумду дарылатып жүргөнүмдө жолдошум кызымды уруп-согуп, коркутуп, өзүнүн жосунсуз жоругун жасап баштаган экен. Мен уулумду Түштүк Кореяга алып барып операция жасатып келдим. Кыскасы, күйөөм кызымды мага байкатпай 2 жыл зордуктап жүрүптүр. Кызым азыр 16 жашта.

“КАЙЫН ЖУРТУМ КҮЙӨӨМДҮН КАЧЫШЫНА ЖАРДАМ БЕРДИ”

– Долон айыл өкмөтүнө төркүнүмө кыздарым менен барып, убактылуу иштеп акча таап жаткам. Күйөөм “тоого барып эс алабыз, улуу кызыбызды ала кел” деди. Мен “ал барбай эле койсун” деп каршы болдум. Күйөөм “ала кел” деп урушту. Ошондо шекшип калдым. Андан бир күн мурун жеңем экөөбүз кызыма ич кийим алып берели деп жатканда жеңем кызымдын эмчеги жарылып кеткенин байкап калды. Жаман ойлой алган жокпуз. Бирок күйөөмдүн жанагы сөздөрүнөн шектенип, кызым уктап жатканда төшөгүн ачып курсагын байкап, кош бойлуу экенин билдим. 21-июнда туугандарыбызды чогултуп, күйөөмдү ортого салдым. Алар “антпе, тигинтпе, жашай бер” дегенден башка эч нерсе дешкен жок. Буюмдарымды алып төркүнүмө кетип калдым. 22-июнда мени кайын журтум чакырып, жолдошума таандык болгон 3 гектар жерди сага каттатып беребиз деп алдашты. Көрсө, күйөөм качып кеткенче алар мени арыз жазбай турсун деп амалданып жатышкан экен. Ошол күнү милицияга кабар берип, алардын көзүнчө күйөөм менен телефон аркылуу сүйлөшүп, “мен сени кармап берем, кел” дедим. Ал 500 метр аралыктан баарын көрүп туруптур. Анан эки инисинин жардамы менен качып кетип, бүгүнкүгө чейин дайыны жок. Милиция эмне себептен кармай албай жатканын билбейм. Мени арызды 2-3 күн кеч жазды деп жалган айтып жатышат.

“КЫЗЫМДЫ АСЫНЫП ЖАТКАН ЖЕРИНЕН КАРМАП КАЛДЫМ”

Кызымды 3-июлда дааратканага барып, асынып жаткан жеринен кармап калдым. Ал “жүрөгүңүз ооругандыктан көргөн кордугумду сизге айта албай жүрдүм” деди. Ачык айтсам апамдын жүрөгү кармап өлүп калат деп коркуптур. Мен байкап калбаганда бул көрүнүш улана бермек экен. Күйөөм качып кетерден 2 ай мурун жер иштетүүгө деп мага банктан 250 миң сом насыя алдырган. Ага 3 гектар жерге төө буурчак айдаганбыз. Андан сырткары да карыздарыбыз бар. Эми ушунун баары менин моюнумда калды. Азыр кызым менен, же насыя менен алек болушту билбей отурам.

Күйөөм менден мурун 2 аял кетирип, бирөөнү зордуктап түрмөгө отуруп чыккандыгын баш кошуп, жашап калгандан кийин билдим. Мурун билсем тийбейт элем. Күйөөмдүн 3 гектар жери башка адамга катталган. Ошол адам бул окуядан кийин жерди бизге өткөрүп берем десе, кайын журтум аны “жерди бизге, туугандарына, жаздырасың. Болбосо үйүңдү өрттөп кетебиз” деп коркутуп коюптур. Эми күйөөмдүн туугандары мени жер эмес, төө буурчакка да жолоткулары жок. 5 балам бар болгондуктан кайын журтум менен урушсам да буурчактын түшүмүнө ээ болушум керек.

Кайын журтум “үйүңдөгү 7-8 торпокту алып кеттиң” деп жатат. Бул малдын мага да, күйөөмө да тиешеси жок. Балдарымдын жөлөк пулдарынан чогулган акчага алынган мал. Ага эч ким кийлигишпеши керек. Кызымдын тагдыры талкаланып жаткан учурда кайын журтумдун мага жасаган мамилеси жан кейитет. Күйөөм эркиндикте жүргөндө бизге келип кол салабы деп коркуп жатабыз. Ал сөзсүз жазасын алышы керек.

“ИНИМДИН КАЙДА ЭКЕНИН БИЛБЕЙБИЗ”

Кылмышка шектүүнүн атын атагысы келбеген бир тууган агасы төмөнкүлөргө токтолду:

– Келинибиз бул окуядан кийин үйүндөгү 15 торпоктун баарын алып кетти. Андан башка эмне керектигин билбейбиз. Бул аялга болгону дүнүйө керек. Инисинин качышына бир туугандары көмөктөштү деген сандырак сөз. Биз өзүбүз анын өлүү же тирүүсүн билбей жатабыз. Келинибиз бул убакытка чейин андай иш болгонун билген. Эки жылдан бери билбей эмне болуптур?! 3 гектар жердеги төө буурчактын түшүмүн алат. Бирок жер инимдин бул аялга үйлөнө электеги мүлкү болгондуктан бербейбиз. Өзү аман-эсен табылса акыры балдарынын бирине өткөрүп береттир. Инимдин күнөөлүү же күнөөсүздүгүн экспертиза чечет. Кандай болгон күндө да мыйзамга баш ийебиз.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Birimdik5555
2021-07-19 14:08:57
Кайын агасы да уялбай 3 гектар жерин бербейбиз дейт, эки уулу бар экен бериш керек да байкуш аял кызынын тагдыры эмне болот эми
+17
Nina.alex
2021-07-19 14:13:27
Эптеп эле аялды жаманатты кылыш керек. Озу куноолуу деп. А качып жургон преступник суттон ак
+16
Sara1993
2021-07-19 14:52:38
Ошолордун уйун юарып орттоп салыш керек, кыздын тагдырын эмес 3 гектар жерди талашып журот го, агасын камап салсын ошондо айло жок иниси кайсыл жакта экенин айтат .
+18
Sara1993
2021-07-19 14:53:45
Мындай адамдарды олтуруп салыш керек, ойлонбой туруп.Таш баранга алып озулорунун айылдаштары оздору эле бутуруп салса болот.Булбосо мындай окуялар кайталана бермей болду.
+14
Guliza-86
2021-07-19 15:47:30
Бардык күнөө зордукталган кыздын өз атасында, үч балалуу болгондо ажырашып, зордогон зөөкүр эшекке жаш кызды салып берген.Урматтуу эркектер эшек болбой адам болгулачы сураныч.Кыз эки жыл зордук көрүп, кандай жашады экен байкуш.Уч балаң бар экен,эрге тийип эмне кыласың,кызыңды эрине зордуктатканча өлүп эле калбайсынбы?
+20
Nina.alex
2021-07-19 17:37:44
Арты соо эмес да. Ошон учун качып журот
+6
Shokoladka94
2021-07-19 18:15:33
Иий олгурлор, кыздын тагдыры талкаланып жатса деп талашкан кандай айбансынар?
+8
bibi87
2021-07-20 01:59:29
Бир туугандар Кандай ойдо жашырып жатасынар? Мурун турмого отуруп чыкса, зордуктоо учун, турмодон чыгып 14 жашар кызды 2 жылдан бери , каалагандай уйпалап журсо, эми качып дагы бир шордууну ушундай кылып, тагдырын талкаласын деген ой мененби???? 50 жаштагы эркектин кылган иши болсо
+11
mmiram
2021-07-20 13:45:40
aкмак торпокко ичи куйуп отурган тура айбандар...корот элем сенин кызын болгондо
+9
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-07-20 20:55:26
Кыздын өз атасы бок жеп жүрөбү
+7
Noon
2021-07-21 13:10:30
Ылайым кайнагасынын да өз башына корунсун. Кыздары бар чыгар алардын да эшектер кудай жазанарды берсин
+5
NURSAPAR
2021-07-22 15:02:30
Сүрөтүн жарыялап койбопсуңар, балким бирөө жарым кайда жүргөнүн билеттир.
+6
Miraida-toktosunova
2021-07-23 15:18:20
Кудай сактасын ушундай окуяларды угуп журогум деле ооруп чыктыго. Кыз зордуктагандары атыш эле керек болуп калды буга окшогондор турмодо деле жон отурбайтго
+4
Sajakat14
2021-07-24 14:13:07
Ашмалтай болуп бүткөн турбайбы! Ушундайларга химиялык кастрацияны колдонсо! Эмнеси адам!Айбандан айырмасы жок!
+2
№ 971, 15-21-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан