Нуриза Бектурова, Медер Нуркадыров, вайнерлер: “БИР ЖУМАДА 7 КҮН БОЛСО, БИЗ 8 КҮН ЖОЛУГАБЫЗ”

Вайнерлер Нуриза Бектурова менен Медер Нуркадыровдун кыз-жигит мамиледе жүргөнүнө 6 жылдай болуп калыптыр. Түгөйлөргө өз-өзүнчө окшош суроолорду узатып бири-бирин канчалык билерин байкап көрдүк.

– Салам, Нуриза, Медер, куш келипсиңер.

Нуриза: – Рахмат.

– Кандай жаңылыктар бар?

Медер: – Экөөбүз ыр жаздырдык. Ошону элге чыгарып көрөлү деп жатабыз.

– Ошондо ырчылыкка аттанып жатасыңарбы?

М.: – Жок, мындай эле.

Н.: – Мурунтан эле бир ырдап көрөлү деп жүргөнбүз.

– Кыз-жигит болгонуңарга канча жыл болду?

Н.: – Октябрда 6 жыл болот.

– Бат-бат жолугуп турасыңарбы?

М.: – Бир жумада жети күн болсо, биз сегиз күн жолугабыз.

– Анда силерге өз-өзүнчө отургузуп окшош суроолорду берип көрөлү.

Медер Нуриза тууралуу:

– Кайсы жаныбарды жакшы көрөт?

Медер: – Мышык. Аа, жок, ит же ат. Атты жакшы көрөт.

Нуриза: – Ат.

– Нуризага жаккан эң романтикалуу учур?

М.: – Жаңы сүйлөшүп баштаганда билерик бергем, “ошондо аябай башкача болгон” деп айта берет.

Н.: – 18 жашка чыкканда туулган күнүмдү кафеден тосуп жатканбыз. Медер “жумуштарым бар” деп кетип калган. Маанайым түшүп отурганда улам балдар келип гүл берип жатышты, аягында өзү чоң жумшак мамалак, гүл алып келген. Анан бардык эле майрамдарда жакшы эле романтика кылат.

– Нуриза акыркы жолу качан, эмнеге ыйлады?

М.: – Кечээ күнү мен күчүгүмдү сатып жиберип, ошого ыйлады.

Н.: – Кечээ Медер итин сатып, кайгылуу видео тартып коюптур. Ошого ыйладым.

– Күзүндө баш кошолу деп жатасыңарбы?

М.: – Жо-ок.

Н.: – Эмдиги жылга пландап жатабыз.

– Кайсы гүлдү жактырат?

М.: – Роза.

Н.: – Пион.

– Азыр тырмагы кандай түскө боёлгон?

М.: – Йо-о (күлүп). Көк болуш керек.

Н.: – Көгүш түстөгү френч.

– Нуриза кызганып жөндөн-жөн эле уруш чыгарабы?

М.: – Жок.

Н.: – Ар бир эле кызда болсо керек.

– Кайсы тамакты жакшы жасайт?

М.: – Бардыгын.

Н.: – Баарын эле жакшы жасайм. Камырды жакшы жая албайм.

– Эмне жөнүндө кыялданат?

М.: – Өзүнүн жеке ишканасын ачканды, чет өлкөгө барып эс алууну. Эртерээк күйөөгө тийгенди деп кой да (күлүп).

Н.: – Үй салып жатканбыз, ошону эртерээк бүтүрүп, чакан бизнес ачып, машина алып...

– Алгачкы сүйүү канча жашында келген?

М.: – 10-классында болуш керек эле.

Н.: – 9-классты бүткөндө. Ага чейин балдарды жаман көрчүмүн.

– Таарынганда кандай адам?

М.: – Көп деле таарынбайт. Таарынычы ылдам жазылат.

Н.: – Сүйлөй албай калам. Бирок жакшы сүйлөп койсо жазылып кетем.

– Көп колдонгон сөзү?

М.: – Курсагым ачты.

Н.: – Тамак жегим келип жатат. Курсагым ачты.

Нуриза Медер тууралуу:

– Романтикпи?

Н.: – Мурун романтик болчу. Азыр анча романтик болбой калган.

М.: – Жок.

– Сендеги жакшы көргөн сапаты?

Н.: – Ачыктыгым болуш керек.

М.: – Таарынчаак эмес, дайыма шайыр жүрөт, ачык, ак көңүл.

– Ким биринчи кечирим сурайт?

Н.: – Ким күнөөлүү болсо ошол. Көбүнчө мен сурайм. Медер түз жүрөт. Такыр “косяк” кетирбейт.

М.: – Экөөбүз тең. Кимде “косяк” болуп жатса ошол биринчи кечирим сурайт.

– Эмне болгондо жинденет?

Н.: – Мен бир жакка барам десем жинденет.

М.: – Эркектер менен сүйлөшүп койсо, чогуу бир кампанияда жүрүп калса. Кээде ачык кийинип алганда.

– Сөгүнөбү?

Н.: – Менин көзүмчө сөгүнбөйт. Досторунун жанында сөгүнсө керек.

М.: – Бардык эле эркек сөгүнөт болуш керек. Кээде сөгүнөм.

– Түнкү клубга барабы?

Н.: – Барбайт, жаман көрөт.

М.: – Жок. Жакпайт мага ызы-чуу жерлер.

– Кайсы кылыгыңызды жакшы көрөт?

Н.: – Мага айткан эмес.

М.: – Тамашалаганын жакшы көрөм.

– Калп айтабы?

Н.: – Мага калп айтпайт.

М.: – Мен бир жолу калп айтып, кийин калп болчу деп өзүм айтып бергем.

– Сенде калп айткан учурлар болобу?

Н.: – Мен калп айтсам, 5-10 мүнөттөн кийин эле калпым чыгып калат.

М.: – Ал калп айткан учурлар болгон. Бирок кайсы учурда калп айтып жатканын билем.

– Медердин сага жакпаган сапаты?

Н.: – Бир нерсени кылбайм дедиби, ошол боюнча баш тартып салат. Кайра ойлонуп көрбөйт. Анан кызганчаактыгы.

М.: – Балким, бир нерсени айтып, ошону кыла албай калганым ага жакпайт.

– А сенин кайсы сапатың ага жакпашы мүмкүн?

Н.: – Кечиккеним го.

М.: – Кечиге берет. Күттүрө берет. Кечке боёно берет.

– Интернеттен кыздар менен таанышабы?

Н.: – Жок. Бири-бирибиздин Инстаграм баракчабыздын сыр сөздөрүн билебиз. Башка кыз менен сүйлөшкөнүн көргөн эмесмин.

М.: – Жок.

– Көп колдонгон сөзү?

Н.: – “Качан чыгасың?”

М.: – “Ошондой дегени турасыңбы?”

– Маегиңерге рахмат. Таттуу түгөйлөрдүн катарын толуктап жүрө беришиңерге тилектешпиз.

Динара Акимова

 Кыстарылган видео 
“Бир жумада 7 күн болсо, биз 8 күн жолугабыз” дейт Медер Нуркадыров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Merelisha
2021-07-19 14:15:12
Тезирээк үйлөнгүлө.
+2
ayzhan12
2021-07-21 21:07:31
Абдан сулуу паралар экен.
+1
№ 971, 15-21-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан