ОЛИМПИАДАДАН 1-ОРУН АЛГАНГА 10 МИЛЛИОН СОМ БЕРИЛЕТ

Көптөн күткөн Жайкы олимпиада оюндарына болгону 1 апта калды. 13-июлда Бишкектеги “Ала-Арча” резиденциясында Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кабыл алып, команданын капитаны болуп дайындалган балбан Атабек Азисбековго мамлекеттик тууну тапшырды. Ошондой эле ал Олимпиададан байгелүү орун менен кайткан спортчуларга кандай сыйлык берилерин айтты.

Алтын медаль уткан спортчулардын ар бирине 10 миллион сом, күмүш медаль уткандарга 7 миллион сомдон, ал эми коло медалга ээ болгондорго 5 миллион сомдон берилет.

Башкы машыктыруучуга спортчуга берилген сый акынын 30 пайызына тете сумма, улук жана жеке машыктыруучуга 25 пайыз, ал эми биринчи машыктыруучусу менен дарыгерине 10 пайызына тете сый акы берилет.

Быйыл Токиодо өтүүчү Жайкы олимпиада оюндарында Кыргызстандан жалпы 18 спортчу намыс талашат. Алар: балбандар – Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айаал Лазарев, Эрназар Акматалиев, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, суучул Денис Петрашов, жөө күлүктөр – Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева. Ок атуу спорту боюнча Каныкей Кубанычбекова, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, дзюдочу Владимир Золоев, фехтование боюнча Роман Петров Токидо намыс талашмакчы.

ТАЛКУУГА ТҮШКӨН ПАРАДДЫК ФОРМА

“Ала-Арча” резиденциясындагы жолугушууда көрсөтүлгөн спортчулардын Олимпиада оюндарына кие турган параддык формасы социалдык түйүндөрдө катуу талкууга алынды. “Спортчуларга мындай кийимдин эмне кереги бар эле? Эч кандай образ жок, ысыкка ылайыкталган эмес, тойго, сахнага кийсе болот, спортчуларга ыңгайсыз” деп нааразычылыгын жазып жаткандардын аягы суюла элек. Курама команданын параддык формасынын ар бири 95 миң сомдун тегерегин түзүп, олимпиада комитети тарабынан каржыланганы айтылды. Олимпиада оюндары 23-июль – 8-август аралыгында өтөт.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 971, 15-21-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан