Тотомидин Жолдошев, ырчы: “ЭМЧЕКТЕН 1-КЛАССТА ЧЫККАМ, ЭНЕМ МЕНИ ЧОҢ ТОРПОК ДЕЧҮ”

Жайдыр, кыштыр жайлоо жыттуу илеби,
Баласында бардык ою-тилеги.
Билбей жүрөм кандай заттан бүттү экен,
Бизди тууган энелердин жүрөгү? – деп Байдылда Сарногоев айтып кеткендей, эшиктен кирип келип энеңизди издеген бала чагыңыз эсиңиздеби? Бул жолу балалыгы менен кошо энелерин эстеген ырчы Тотомидин Жолдошев болду. Айтмакчы, каарманыбыздын эки энеси бар. Бири төрөп, учурда төрүнүн көркү болгон өз апасы, экинчиси өзүн багып өстүргөн чоң апасы. Маек алар тууралуу болмокчу.

“ЭНЕМ БИРИНЧИ МЕНИ ТОЙГУЗУП, КАЛГАНЫН БАШКАЛАРГА БЕРЧҮ”

– Мени чоң энем чоңойтуп өстүргөн. Энем Токтобүбү неберелеринен мени өзгөчө бөлүп жакшы көрчү. Ата-энем менен чогуу бир короодо турчубуз, бирок энем экөөбүздүн үйүбүздү “жалпак үй” деп коёр элек. Ошол үйдө, энемдин мээримине бөлөнүп өстүм. Энем коноктон келгенде ошол жалпак үйүбүзгө кирип эле мени чакырчу. Алып келген устуканына алгач мени тойгузуп, чөнтөгүмө жакшыраак шоколаддарды салып койчу да, анан башка неберелерине кошуп туруп кайра берчү (күлүп). Кичине кезимде тамдын аркасына барып алып “энем көп жашаса экен, 90 жашка чыкса экен” деп тилей берчү элем. Тилегимди бердиби, энем 88 жашка чыгып каза болду. Эркелеп чоңойдум. Кара турсий кийип алып эле чаң ызгытып чуркап, сууга түшүп, таң аткандан күн батканга чейин ойноп жүрчү элек. Келсем энем чоң илегенге жылуу суу куюп даярдап турчу. Киринтип, бутумдун жарылып кеткен жерлерин жууп, ага сары майдан сүйкөп анан жаткырчу. Энем эмнегедир мени эркелетип “Токторбай” деп коёр эле, курбулары да мени ошентип чакырышчу. Ысымым акын Мидин Алыбаевдин атынан коюлган, Тото болсо таенемдин аты. Экөөнү кошуп атымды Тотомидин деп коюшкан.

Энем олуя сыяктуу адам эле, төлгө салчу, сынык айыктырчу, балдарды эмдечү. Айылда бир нерсе болсо энеме келе калышчу. “Баарыңарга Тото баш-көз болот, ушу күйөт” дей берчү эле, ошол айтканы келди. Ата-энемден катуу кызганчу эле, кээде алар мени “тарбиялап” калса, энем чыга калып коргоп калчу. Ачыгын айта берейин, мен энемдин эмчегин 1-класска чейин эмдим. Сүт деле чыкпайт, упчу сыяктуу эле өзүнүн “кайфы” бар эле. Мугалим класста сабак өтүп жатса, мен “энемди эмсем” деп ойлонуп отура берчүмүн (күлүп). Мектептен келерим менен сумкамды ыргытып салып, энемди баса калып эмчек эмип, моокумум канып туруп кетчүмүн. “Чоң торпок” деп күлүп калар эле. Ошол жылдары энем байкуш жол кырсыгына учурап, 8 ай ооруканада жатып калды. Ошол 8 айда мен эмчектен чыккам (күлүп).

Мени энем 19 жашыма чейин тарбиялады, кийин шаарга кеттим. Энемдин үмүт-кыялы бар эле. Биз Чаткалдан болот эмеспизби, кышы катаал болот. Энем “сен экөөбүз жылуу жерге барып жашасак, сага бир колукту алып берсем, үчөөбүзгө менин пенсиям жетет эле” дей берчү. Мен Бишкекте жүргөндө көзү өтүп кетти, аябай жаман болуп жоктоп жүрдүм. Бирок энемдин мага берген мээрими, сүйүүсү өмүр бою жанымда.

“АПАМ УРУП АЛЫП, КАЙРА КОШО ЫЙЛАЧУ”

– Апамдын аты Анипа, 11 бала төрөгөн, 2 бир тууганыбыз кичинесинде чарчап калыптыр, азыр 8 эркек, 1 кызы бар. Мен экинчи баласымын. Азыр 69 жашта. Төркүнү биздин айылдан бир ашуу ары жакта, атамды сүйүп калып, экөө үйлөнүп биз жаралыптырбыз. Апамдын мүнөзү аябай жакшы, бирок жини келип калганда коркуп кетебиз. Ал тургай атам “апаңардын жини келип калды” дечү эле. Ушул киши тилин тапчу, атамдын көзү өтүп кетти. Ошол мүнөзү менде бар, көпкө чейин чыдайм, анан жарылганда эч ким токтото албай калат (күлүп). Апамдын жини келгенде баарыбыз “эмне кылалы, кайсы жакка баргыңыз келип жатат” деп көңүлүн алганга аракет кылабыз. Апама кичүү балдары жакын, мен энеме эркелегендей алдына жатып алып эркелей албайм. Бирок мен деле жакынмын, сырдашабыз, болгон маселесин чечкенге аракет кылам. Ырчы болгонумду энем көрбөй калды, ага эч бир белек алып берип сүйүнтпөй калдым. Бирок апамдын айтканын айткандай кылганга, көңүлүнө эмне жакса ошону алып бергенге аракет кылам.

Апамды жеңе дечү элем. Энем каза болуп калгандан кийин апа деп калдым. Кичине кезимде тентек элем, карындашым жалгыз кыз болуп, ал да эрке эле. Ага тийишип койсом керек. Бир маалда апам чыбыкты алганда эле түшүндүм, 50 метр алыс туруп алдым (күлүп). “Бери бас” дейт, мен “урасың, барбайм” дейм. Куушуп отуруп бир айылды тегеренип чыктык. Акыры апам 180ге салды окшойт, жетип келип мени чыбык менен сабаган. Эне байкуш баары бир мээримдүү да, этим ооруп ыйласам ал дагы ыйлап алыптыр. Уруп алып өзү ыйлайт (күлүп). Апамдын жаш кези экен эми эстесем, 25-26 жаштарда окшойт. Уруп алып кайра өзү дүкөндөн бир нерселерди алып берип жүрөт. Келинчегимдин бир жери жакшы, апама такыр өйдө карабайт. Апам кадимкидей урушат, унчукпай туруп берет. Мен болсо “дагы урушуңузчу” деп тамашалап калам. Эрасыл деген уулум менен апамдын мамилесинен мен өзүм менен энемдин мамилесин көрөм. Эрасыл энесин жакшы көрөт, колундагысын ага каттырат, айтор, камыр-жумур. Апам да ушул небересине мээрими түштү окшойт, же тандап бирине жакын болобу билбейм.

“ЭНЕМДИН ЧАПАНЫНЫН ЖЫРТЫГЫНАН “КОНЦЕРТ” КӨРЧҮ ЭЛЕМ”

– Айылда чоңойдук да, атам чыгармачыл адам эле, бир жумада бир “майрамдап” калчу. Ал кезде эркектин баары ошондой болсо керек, атамдын андай учурунда биз “концертке” даярданчу элек (күлүп). Бизде бир эле кыз болуп, атам аны аябай жакшы көрчү. Карындашымды жанына отургузуп алып ырдачу да, уулдарын “тизчү”. “Кызым, сага ким тийди?” десе эле, ал мени көрсөтөт. Анткени экөөбүз удаабыз, талашып-тартышып кетчүбүз. Атам мага “бери кел” дейт. Ал жакындаганда эле энем чыга калат да, “тарбияласаң өзүңдүн балдарыңды тарбияла, Тото менин балам” деп кыйкырып, мени чапанына катат. Атам “алып кел, менин балам” десе да бербейт. Энемдин үйгө кийген чапанынын колтугу жыртык болуп калчу, чапандын ичине киргенден кийин калган бир туугандарыма койгон атамдын “концерттерин” ошол жыртыктан шыкаалап көрө берчүмүн (күлүп). “Концерт” кээде эки саат болуп кетчү. Атам уулдарын “тизип”, кызын эркелетип, ырдап, ушинтип черин жазчу экен, азыр ойлосом.

Кичинемде деле, азыр деле эмнегедир ата-энеме, чоң энеме таарынган эмесмин. Өзүм да таарынткан жокмун деп ойлойм. Апамдын айтканын аткарып, анын сүйүнүп отурганын көргөндө ушунча ырахат алам. Апам бир мүнөз адам дебедимби, “азамат, балам” деп эч качан айткан эмес. Бирок мени менен сыймыктанат, аны да жүзүнөн байкап калам. Эки энем тең жашоомдо эң чоң роль ойногон адамдар. Апалар узак жашасын, эне болгон бардык айымдарды сыйлайм. Бул башка бир улуу сезим. Көзү тирүүсүндө сыйлап алалы.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Тотомидин Жолдошев: “Чоң энемдин көзү өтүп кеткенде аябай кыйналгам”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Mubarak
2021-07-19 10:23:54
Жакшы маек болуптур барыны бардай кп айтип бериптир
+2
Dolon-3008
2021-07-21 03:06:27
Супер инфо!!!
Сураныч,Аксана Матисаковадан, группа Кыргызстан +,группа интернационал ушулардан интервю алгылачы.
+1
№ 971, 15-21-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан