“CAMP Алатоо” коомдук фондунун энергия эффективдүүлүк жаатындагы адиси Руслан Исмаилов: “Биздин коом 2016-жылдан тартып зыяндуу заттарды аз бөлүп чыгарган, жогорку натыйжалуу жылытуучу мештерди иштеп чыгуу, орнотуу жана тестирлөө менен алектенип келет. 2020-жылдын соңунда EXPO live (БАЭ, Дубай) инновацияларды колдоо программасынын көмөгү менен “Жалын” аттуу бренд менен от казандар жана мештерди жасап чыгаруучу цехти иштете баштаган. От казандар менен мештин жаңы моделдери Чүй, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы аз камсыз болгон 87 үй-бүлөгө жана 2 социалдык объектке берилген”,- дейт. Руслан мырза өзгөчө меш жана от казандары боюнча маалымат берет.
Өлкөдө элдин 83 пайызы (3 миллион кыргызстандык) өткөн кылымдагыдай буржуйка, контрамарка, кубаттуулугу аз от казандарды колдонот. Андай мештер ээсин материалдык чыгымга туш кылып, адамдарды кыштын күнү улам-улам көмүр, тезек ташытат. 2-3 саат сайын от салып турууга бир адамдын колун байлайт. Күл чыгарып, ышты да тазалоо керек болот.
“CAMP Алатоо” коомдук фонду Чүй, Нарын, Ош жана Жалал-Абадда элден сурамжылоо жүргүзгөндө сурамжылоого катышкандардын үчтөн бири үйүн жылытуу үчүн көп отун, көмүр кете тургандыгын жана меши жылуулукту жакшы кармабай тургандыгын айтышкан.
“Fresh Air” программасы боюнча эксперттер Нарын облусунун тургундарын медициналык жактан текшергенде алар жөтөл жана дем алуунун кыйындыгына арызданышкан. Үйдү ысытуу же тамак жасоо үчүн от жакканда түтүн, ыш абдан көп бөлүнүп чыгып, адамды канча бир пайыз ис менен ууланууга жеткирерин врачтар белгилешкен.
Жылуу үй, үйдө таза аба болушу үчүн сөзсүз энергиянын кымбат булактары: газ жана электрге өтүү керек эмес. Отун, көмүргө үнөмдүү, экологиялык жактан таза “Жалын” меши жана от казаны – бул элге көндүм болгон меш, бирок өнүктүрүлгөн түрү. Аз отун, көмүр жагып, үйдү жылытып, оорубайм да десеңиз “Жалын” меши жана от казанын алыңыз. Кышында ар бир үй орточо 3-4 тонна көмүр жакса, ага 12 миң сомдой акча коротот. Аталган меш менен от казанга1 тонна көмүр аз жагасыз. Мештерге 1 күндө максимум 3 ирет 5-8 килограммдан гана көмүр таштайсыз, көмүр жогорку кубаттуулукта 6-8 саат күйөт. Отунду 6 сааттан 12 саатка чейин күйгүзүү убагында түтүн пайда болбойт. Тутантуу үчүн 400 граммга чейинки отун жетиштүү. Салттуу меште бул үчүн 1,5 килограмм отун кетет. Башкача айтканда, көмүрдү 30 пайыз аз жагасыз, күл өтө аз чыгат. Анткени аталган мештердин конструкциясынын өзгөчөлүгү – ис газы (CO) күйүү зонасында толугу менен жок болуп, энергия жылуулук алмаштыргыч бөлүктө пайда боло тургандыгында. Зыяндуу газдар күйүп кете турган 600-800 градус температураны мештин ичиндеги бышкан кыштар камсыздайт. Меш менен жалпы аянты 40-45 чарчы метр болгон 2 бөлмөлүү үйдү, от казан менен аянты 100 чарчы метр болгон үйдү жакшы жылытып, көмүрдү 30 пайыз үнөмдөп аласыз. Жакында кубаттуулугу 18, 22, 28 киловатт болгон от казандар жасала баштайт.
МЕШ ЖАНА ОТ КАЗАНДЫ КОЛДОНУУДАГЫ ТАЛАПТАР
Көмүрдүн чоңдугу жаңгактай болгондорун (диаметри 15-30 миллиметр) колдонуу. Өлчөмдөрү бирдей болсо тегиз күйөт, максималдуу ысык чыгарат.
Мор түз, таза жана жылууланган болушу шарт (обороту жок).
Мор үчүн колдонулган түтүктүн диаметри 108-133 миллиметр болушу керек.
ОТ КАЗАНДАР МЕНЕН МЕШТЕР
“Жалын-К” – болоттон жасалган жылытуучу жабдык. Зыяндуу заттарды аз бөлүп чыгарат жана бир салганда 12 килограммга чейинки көмүрдү салууга болот.
“Жалын-B” – жылытуучу жана тамак-аш бышыруучу меш. Ичине отко чыдамдуу кыштар орнотулган. Кыш жылуулукту сактоодо, көмүрдү толук күйгүзүүдө мештин жогорку температурада узакка чыдашын камсыздайт.
“Жалын-Г” – меши, жагылуучу отун түрлөрү боюнча универсалдуу, отун, көмүр, тезек жагылат. Көмүр жеткирүү кыйын болгон аймактарга өтө ылайыктуу. Отунду салуу жана тутантуу алды жагынан эмес, ортоңку бөлүгүндө жүзөгө ашырылат. Бул күйүүнүн мөөнөтүн узартат.
Дареги жана байланыш телефондору:
Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсү, 1 а/2, тел.: 0504 144 111
http://jalyn.tech, Инстаграм@Jalyn.kotel