Саяпкерлик мырзаларга ылайыктуу өнөр көрүнгөнү менен, бул өнөрдү аркалап жылкы баласын жанынан артык көргөн кыздарыбыз да бар. Алардын бири – Жылдыз Туратбекова. Каарманым 2 жылдан бери ат таптап, жорго салдырып келет. Бул өнөргө кызыгуусу тууралуу саяпкер өзү айтып берсин.
“ООРУКАНАДАН ЧЫГЫП, КОЛУМДАГЫ ГИПС МЕНЕН АТ МАЙДАНГА БАРГАМ”
– Мен Чолпон-Ата шаарында төрөлүп-өскөм. 1998-жылкы болом. Үч бир тууганмын, эжем, иним бар. Бала кезимден эле атка жакынмын. Чоң атам саяпкер болгон экен. Атам “чоң атаңдын саяпкерлиги эч кимибизге өтпөй, сага өтүп калса керек” деп калат. Үйдө менден башка эч ким малга жакын эмес. Ат да минишпейт. 12 жашымда ат үстүндөгү турга чыгып, ошондон ат мингенге кызыгып кеткем. Кийин саяпкерлер Жеңишбек Баатыркулов, Таалай Бурганаковдон ат таптоонун жол-жобосун үйрөндүм. Эки жылдан бери өз алдымча саяпкермин. Жеке ат заводдо саяпкер болуп иштеп келем. Өзүм чабандес болуп ат чапчумун. Азыр ден соолукка байланыштуу кээде гана чаап калдым. Нооруз-2021 турниринде жетекчимдин суранычы менен өзүм чаптым.
2019-жылы ат тээп, сол колум сынган. Үйдөгүлөр ошондо менин ишиме аябай каршы болушту. Бирок мен жашоомду атсыз элестете албайм. 9 күн ооруканада жаттым, сол колум гипсте болчу. 10-күн дегенде ооруканадан чыгып эле ипподромго барып, дароо ат минип кеткем. Бир күн ат минбесем өзүмдү жаман сезем. Минбесем дагы жанында жүрүшүм керек. Аялзаты тамак жасаганды билиши керек да, мен аттан алыстап, 10 ай ашпозчулук курс окудум. Бирок кайра келип эле ат багууга кириштим. Жан дүйнөм каалаган иш ушул экен. Калганын убакыт көрсөтөт. Азыр аттын курсагын ойлоп, чөп чаап жүрөм. Быйыл чөп кымбат болуп жатпайбы, өзүбүз чаап жыйнабасак болчудай эмес.
“ГАРИСЛАВНА ДЕГЕН ЖОРГОМ ПРЕЗИДЕНТТИН КУБОГУНДА БАШ БАЙГЕНИ АЛГАН”
– Атты чабуунун алдында табына келтирип, суутуш керек. Тер, кара тер алыш керек деген бар. Жаңы тер алып баштаганда ак көбүк чыга берет. Кара тер чыкмайын тер алдыра беребиз. Көбүгү жок таза терди кара тер деп коёт. Ошондой тер агып калганда ат чабылууга даяр болуп калат. Ат табына келип калганда ойноктоп, үстүндөгү кишини жыгып да салат. Минтип чекчеңдеп калганда боло турган ат чабышка атым даяр экен деп калам. Менин бир жоргом бар, биринчи чабылганда экинчи, үчүнчү орун алат. Кийинкисинде сөзсүз утат. Бизде аттар чет жактан алынып келинген жана жергиликтүү болуп экиге бөлүнөт. Алынып келинген жорголор жергиликтүүлөргө караганда ылдам чуркайт. Мен өзүм жалаң жорго таптайм. Кудайга шүгүр, мен таптаган аттар байгеден куру эмес. Былтыр Президенттик кубокто Гариславна деген жоргом баш байгени уткан. Байгенин кандайдыр бир пайызын мен алам жана ай сайын эмгек акым төлөнөт.
Динара Акимова