Аптанын жаңылыгы
Саргара күткөн шайлоонун расмий жыйынтыгын БШК 20 күн ичинде араң чыгарды. Бирөөлөр жыйынтыкты “өх, эми шашпай депутаттык креслону ээлесе болот” деп кабыл алса, кээ бири “туй ата, баары бир илинбей калдык” деген сөздөр менен тосуп алды. Чыныгы кызык БШКнын төрагасы Акылбек Сариев жыйынтыкты жарыялаарынан бир саат мурун “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров “сенсациялык” маалымат жыйын уюштурганында болду. Анда Адахан мырза өзү баш болуп катышкан парламенттик шайлоону мыйзамсыз деп атап, “болочок парламенттин иши да мыйзамсыз болот” деди. Кызык, мыйзамсыз экенин билсе, шайлоого эмнеге катышты? Адахан Мадумаровдун айтымында, “убактылуулар” атайын “Бүтүн Кыргызстандын” добуштарын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке өткөрбөй коюшту. “Шайлоо Баш мыйзамга ылайык өткөн жок. Ошондуктан БШК менен “убактылуулар” отставкага кетиш керек”,- деди Адахан мырза.
Андан ары БШК жыйынтыкты айтайын дегенде, Токтайым Үмөталиева 20 партиянын атынан билдирүү жасаганга жетишти. “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери расмий жыйынтыкты эрте жарыялоого каршы экендигин айтып, кыйкырып чыкты. “Анткени БШКга түшкөн арыздар толугу менен каралып бүтө элек”,- деди ал. Бирок Акылбек Сариев “же жыйынтыкты угуңуз, же залдан чыгып кетиңиз” деп тынчытты. Ошентип, көптөн күткөн шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды. Бөлүштүрө келгенде мандаттар алдын ала айтылган жоромолдордон айырмаланып кеткен жок.
1. “Ата Журт” – 28 орун
2. КСДП – 26 орун
3. “Ар-намыс” – 25 орун
4. “Республика” – 23 орун
5. “Ата Мекен”– 18 орун
Ошентип, үч саатта пайда боло калган 200 миң кишинин айынан Адахан Мадумаров жана анын командасы бул жолу саясий талаанын оюнуна кошулбай калышты өңдөнөт. Адахан мырза жеңилгенин расмий түрдө моюнуна алгысы келбей, башында митинг өткөрдү, кийин “шайлоо мыйзамсыз” деп чыкты. Эми Мадумаров-Сариевдин айтышынын уландысына сот залынан күбө болот чыгарбыз. Демек, жеңиш ким тарапта болорун айтууга эртелик кылчудай...