Салттуу ырларды ырдап элге таанылган Азиз Батыров маек төрүбүздө. Комузун отко жагып жиберсе да болбой өнөргө талпынганы, 300 шакирт тарбиялап чыгарганы, “дерзкий” болуп телеканалга 14 жашында барып алганы, айтор, айта берсе кызыктары көп.
– Азиз, салам! Жакшы жаңылыгыңыз менен келипсиз, Түркияда өтө турган фестивалга жөнөп жаткан экенсиз...
– Саламатсызбы? Буюрса, 15-июлда учуп кетебиз, Түркияда 20 мамлекет катыша турган түрк тилдүү элдердин маданий фестивалы болот. Кыргыз өлкөсүнүн атын чыгаруу үчүн дастаныбызды айтып, комуз менен жандуу ырдайбыз, ошондуктан даярдык катуу болууда. Аны улай эле Түркиянын 5 шаарында – Анталия, Стамбул, Анкара жана башка эки шаарда жеке концертим болот. Концертти учурда Түркияда жашап жаткан кыргыздын патриот жигити Бексултан Алимбеков жана мени иш-чарага чакыргандар уюштуруп жатышат.
– Айрымдар Бишкекте бере албай жатса, Түркиянын 5 шаарында жеке концерт бергениңиз өзгөчө экен...
– Ооба. 2012-жылы Бишкекте жеке концертимди өткөргөм. Ага түрк өнөрпоздору келип, аябай жактырып кетишкен. “Ушул концертиңди Түркияда кайталай алабызбы?” деп суранышып, убадамды алып кетишкен. Убадалашкандай 2 сааттык концерт даярдап жатам. Биздин кийимдерибиз, улуттук аспаптарыбыз эмнегедир түрк элине аябай кызыктуу. Байкасаңыз, тарыхый тасмаларында биздин кийимдерди, боз үйлөрүбүздү колдонушат. Мен Түркияда окуп келгем, вандык кыргыздардан туугандарды таап алгам. Алар кээде белек жөнөтүп турушат, тойлорго чакырышат. Менимче, ал жакта кыргыздар эле эмес, түрк эли да кызыгуу менен концертке келишсе керек. – Өнөр жолуңуз кантип башталды деп сурагым келип жатат...
– Эл ичинде таза үндүү ырчылар көп, бирок көбү чыга албай калат. Чыгыш үчүн эмгек, ишеним, каражат керек. Балким, мен деле чыга албай калмакмын. Өнөр жолунда колдогон адам – апам болду. Каражат тарабынан ошол киши колдоп, ушул даражага жеткирди. Бирок өзүмдө да ушундай каалоо бар эле. Эсимде, 13-14 жашымда Ош шаарынан борборго келип, телеканалдардын бирине “мен ырдайм, мени тартып койгула” деп барып алгам. Азыр ойлоп күлкүм келет, Бейшенбек Бекешов продюсер эле. Ал алгач мага таң калган. Анан макул болуп, шагымды сындырбай концертке катыштырган. Ал кишиге эки дүйнө ыраазымын. Жаш кезде өрт элем. Же өнөрүм батпай жатканбы, ким билет?.. Өнөр жолумда алгач комузду үйрөткөн кошунам Уулкан эже, кийин устатым Роза Аманова, дагы далайлар салым кошушту.
– Эмнеге колдогон ата-энем деп айтпай, “апам” дедиңиз?
– Жашоомдо апам эле бар. Атам тууралуу эч бир жерде сөз кылган эмесмин, каалабайм.
– Сөз арасында байге албай калган күнүм болгон эмес дедиңиз, чынбы?
– Элимдин эрке баласымын. Улутум өзбек, бирок кыргыздын руху жан дүйнөмө кирип алганбы, кичинемден комуздун күүсүн жата калып угуп, ырларын жаттап жүрдүм. Төрт тарапта тең кыргыз кошуналарым бар эле. Алардын үндөрү, комуз күүсү кулагымда калыптыр. Бул кыргыздан коркконумдан же жагынуу максатында эмес. Улутум өзбек болуп туруп, Өзбекстанга барып кыргыз элинин атынан чыктым. Казакстанга кыргыздын атынан бардым, Түркиядан “Алтын үн” наамын алдым. Катышкан сынагымдан байге албай калган күнүм болгон эмес. Бала чакта эле бир жолу үчүнчүнү алып калгам, болбосо дайым биринчиликти алчумун.
Эл арасында түрдүү адамдар бар эмеспи, социалдык тармакта “телефон баатырлары” улутума тийишип жаман сөздөрдү жазып кетишет. Бир жолу ыза болуп “ушинтип жатышат” деп пост жаздым эле, тескерисинче, колдогондор көп болду. Мага ал чоң стимул берди. Демек, эмгегимди эл билет экен. Концерт бергенде деле, балким, ушул үчүн да бут тосуулар болдубу, билбейм.
– Комузга болгон мамилеңиз башкача экени байкалды...
– Бирөө күү чертип жатса кичинемден эле жармаша калчумун. Ичимдеги буркан-шаркан болуп жаткан нерсени эч ким, ал тургай апам да түшүнчү эмес. Комузду чертким келет, ушундай бир каалоом бар деңиз, бир күнү жыгачка кыл тагып алып эле окшоштуруп чертип жүрдүм. Чертип алып заңкылдап ырдап үйдөгүлөрдү тажатам.
Кыштын күнү эле, мектептен келсем өзүм жасап алган комузду апам отко жагып ийиптир. Жаңы отко салганда кирип келдим. Аябай таарынып ыйлагам. Таенем акылман, көрөгөч адам эле, табиятымды ошол киши көрдү окшойт, апама айтып “таланты бар, муну колдо” деп түшүндүргөн. Анан бирөөнүн сынык комузун сурап алып, кошунабыз Уулкан эжеге барып жүрүп үйрөнгөм. Кийин таенем апама айтып, апам комуз сатып бергенде эң бактылуу адам мен болгом. Эң кымбат комуз алдым деп ойлогом. Кийин борбордон укмуш кымбат комуздарды көрдүм.
– Кичинеңизден ушундай окуяга туш болгонуңуз үчүн өзүңүздүн көп шакиртиңиз бар окшойт, ээ?
– Учурда 300 шакиртим бар. Тим эле ширин балдар, кыргызча бир сөз билбей, бирок комуз үйрөнөм деп келгендер бар. Мугалимдик тозок эле. Ар бирине индивидуалдуу сабак өтүү керек, мүнөздөрүн билүү керек. Күндүз сабак берип, түндө тойлордо ырдап, кээде формамды чечкенге алым келбей үйгө эптеп жетип кулап калчумун. Бирок үйрөтүү мага ырахат тартуулайт. Буга чейин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде сабак бердим. Азыр Ишеналы Арабаев атындагы университетте ага окутуучумун. Андан тышкары мектепте сабак берем. Бир учурда 9 жерде сабак берген учурларым болду.
– Роза Амановага шакирт болом деп, аны издеп келген экенсиз...
– Роза Аманованын шакирти болуу кандай бакыт болду экен деп ойлочу элем. 9-классымда устатымды издеп келип, жолуккам. Кабинетинде ырдап берсем, “үнүң жакшы экен, мектепти бүткөндөн кийин кел” деп жөнөткөн. Бирок мен мектеп учурунда деле барып келип сабак алып жүрдүм. Мени кыздардан турган “Маржан” ансамблине кошуп коюшту. Алардын кийимдерин көтөрүп, кошумча жумуштарын кылып жандарында жүрдүм. Үй-бүлөдө үч эжемдин арасында жалгыз баламын. Бул жакта да жалаң кыздар жана мен болуп калдым (күлүп). Ал жактагылар мени “мамалак” деп эркелетип коюшчу. “Азыр “аюу” болуп калдың” дешет.
– Сүйүүктүңүзгө кантип жолугуп калдыңыз?
– Келинчегим экөөбүз тең Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде студент элек. Байкасам, токтоо кыз экен. Каткырып, жалжаңдаган кыздарды жактырчу эмесмин. Келинчегим акырын сүйлөчү эле. Ага жигиттер “берчи комузуңду” деп сүйлөп калса деле мага оор тие берчү. Аябай кызганчумун. Четке алып чыгып жигиттерди тырыштырып, өзүн суракка алып кирчүмүн (күлүп). Бир топко кыз-жигит болуп жүрүп баш кошконбуз. Келинчегим кыргыз кызы, комуз чертет. Уулдуу болуп, атын Ынтымак койгонбуз. Ал бала тарбиясы менен үйдө.
– Азыр кызганбай калдыңызбы?
– Кээде болот.
– Азаматсыз, бактылуу адамдай көрүндүңүз, эч бир өксүк жокпу?
– Туура эле көрдүңүз, өксүк жок, бактылуумун. Өнөрүм менен элге таанылдым, үй-бүлөм, жакындарым аман-эсен. Аябай чоң шүгүр кылам.
– Фестивалда желегибизди желбиретип келиңиз, сизге ыраазычылык.
Нуржамал Жийдебаева