ЧИРКЕЙ КИМДЕРДИ КӨП ЧАГАТ ЖАНА КАНТИП КОРГОНУУ КЕРЕК?

КИМДЕРДИ КӨП ЧАГАТ?

  • Териси жука балдарды жана чоңдорду
  • Тер жыттангандарды
  • Алкоголдук ичимдик ичкендерди. Алкоголдун жыты чиркейлерге “тамактанууга” чакырык
  • Көмүр кычкыл газын көп бөлүп чыгаргандарды. Мисалы, аял кош бойлуу болсо, адам семиз болсо же оор жумуш жасап же спорт менен алектенип жатса бат-баттан дем алып, көмүр кычкылын көп бөлүп чыгарат.
  • Адамдын териси аркылуу кайромон жана алломон аттуу заттар бөлүнүп чыгат. Алар адамдын организминин өзгөчөлүгүнө жараша бирөөдөн аз, бирөөдөн көбүрөөк бөлүнүп чыгат. Кимде көп бөлүнүп чыкса чиркейлерди чакырат.
  • Кескин жыттуу шампунь, крем, атыр колдонгондорду. Анткени кескин жыт чиркейлерге адамдын жакын экенин, чагып калуу керектиги жөнүндө сигнал берет.

    Чиркей безгек, сары калтыратма, менингит, энцефалит ооруларын жугузуучу болуп эсептелет. Анын шилекейинде күчтүү аллерген бар.

КИМДЕРДИ ЧАКПАЙТ ЖЕ АЗ ЧАГАТ?

  • Териси калыңдарды
  • Териси метилпиперазин затын бөлүп чыгаргандарды. Мындай адамдар өтө аз кездешет. Метилпиперазин чиркейдин жыт билүү рецепторун убактылуу иштетпей салат. Демек, чакчу курмандыгын билбей калат.
  • Каны 1-кан тобуна киргендерди. Себебин окумуштуулар так аныктай элек.

КОРГОНУУ ЫКМАЛАРЫ

  • Кескин жыттуу шампунь, крем, дезодоранттын ордуна жыты аз билингендерин колдонуу. Же кремди антиаллергендүү түрүнө алмаштыруу. Алар териге жыт калтырбайт. Атырды колдонуу керек болсо моюнга сүйкөбөй, кийимге болор-болбос гана чачып коюу жетиштүү.
  • Репелленттерди колдонуу. Булардын ичинен эң жакшысы курамында IR3535® деген жазуусу барлары. Анткени алар узакка таасир берет дейт окумуштуулар. Андай кремдерге Фитодоктор «ПВО-ADF-абадан коргонуу» , аэрозолдордон Mosquitall, Gardex Baby, спрейлерден Gardex Baby, Picnic Baby кирет.
  • Курамында пикаридин, диэтилтолуамид же лимондуу эвкалипт, цитронелла бар репелленттер да жакшы.
  • Терезелерге чымын-чиркейлерге каршы торду тагуу.
  • Фумигаторлорду колдонуу. Аларды уктаардан 1 саат мурун иштетип койсо жакшы.
  • Аллергиктер жанына антигистаминдик каражаттарды (аллергияга каршы дарыларды) алып жүрүүлөрү зарыл.
  • Табигый каражаттарды колдонуу. Мисалы, ванилин, гвоздика, анис, эвкалипт, валериана жана арчанын эфир майын ысыган көмөч казанга тамчылатсаңыз жыты бөлмөгө тарап, чиркейлер качат жана кирбей калат.
  • Табият коюнуна жөнөп жатканда денени жаап туруучу кийим кийиңиз. Мисалы, жеңи узун футболка, багалегинде чоймосу бар шым. Курт-кумурскаларга каршы чыгарылган сапаты жакшы каражатты кийимге, териге, чачка аздан сээп коюңуз.
  • Крем, аэрозолду дененин чийилген, тытылган, жара болгон жерлерине колдонууга болбойт. Чиркей чаккан жерди кан чыккыча тырмап салууга болбойт! Инфекция кирип, ириңдеп кетиши мүмкүн.

ЧАККАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

  • Чаккан жерге зелёнка сүйкөө кажет. Эгер чаккан жер шишип чыкса анда антигистаминдик дары майды же гелди сүйкөп, антигистаминдик дарыны ичиш керек.
  • Чаккан жерди тырмап, ал жерге инфекция кирип кеткен болсо левомеколь дары майын 1 күндө 1-2 ирет сүйкөө кажет.
  • Кычышууну басуу үчүн 0,5 чай кашык соданы 1 стакан сууга салып аралаштырып, компресс кылып басуу кажет.
  • Фурацилин же хлоргексидинди сууга салып, ошону менен жууп, артынан антигистаминдик крем же дары май сүйкөсө болот.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nina.alex
2021-07-21 13:45:28
Мени такыр чакрайт чиркей. Каным 1 топ
0
Kich20
2021-07-25 14:28:38
Бул кимдин кенеши экен чиркей бул команда жазылган андай деп айтылбайт окуп туруп анан жооп жазгыла
0
№ 971, 15-21-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан