МАЛ БАГУУЧУЛАРДЫ КЫШ МЕЗГИЛИ ОЙЛОНТУУДА
Быйыл малдын тоюту былтыркы ушул кездегиден 2 эсе кымбат болуп жатканы эл арасында талкуу жаратып жатат. "Тоют өзүбүзгө жетпей жатса эмнеге сыртка сатып жатышат?" деп маселени кабыргасынан койгон жарандар да жок эмес. Малды кыштан аман алып чыга алабызбы? Ушул маселенин тегерегинде тиешелүү тараптардын пикирин уктук.
ЧӨП ТАҢСЫКТЫГЫ ЧҮЙДӨ КӨП БАЙКАЛУУДА
Чөп тартыштыгы Чүй облусунда көп болуп жатканы маалым. Адистер муну кургакчылык менен байланыштырат. “Май айы салкын болду, буга байланыштуу тоонун чокуларындагы мөңгүлөр эрибей, Чүй өрөөнүндө суу тартыштыгы орун алды. Негизи эле чөптүн түшүмү климаттык шартка байланыштуу. Мисалы, чөп таңсыктыгы Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында байкалбайт, анткени ал аймактарда жаан-чачын жакшы эле жаады. Кыргызстан боюнча жалпы жайыттардын саны мал-жанды бакканга жетет, болгону айрым аймактарда кургакчылык болуп чөпкө болгон суроо-талап өсүп кетти”,- дешет Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин адистери.
“МАЛ ТОЮТУН ЭКСПОРТТООГО ЧЕКТӨӨ КИРГИЗДИК”
Элвира Мамбетова, Айыл чарба министрлигинин мал чарба жана жайыт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси:
– Биздин министрликтин ар бир райондо бааларды көзөмөлдөп, отчёт жиберчү өкүлдөрүбүз бар. Ушул таптагы мал тоютуна болгон бааларды айтсам, республика боюнча 1 түк чөптүн баасы орточо 250-350 сом. Самандын бир түгү 150-280, буудайдын килограммы 25-28, арпанын килограммы 25, жүгөрүнүкү 25-30 сомду түзүүдө.
Лейлекте ушул аптада 1 түк чөп 450 сомдон сатылыптыр, бирок чек арага жакын аймактарда көбүнчө кымбатыраак болот. Баалардын кымбатташына чек аралардын жабык турганы да таасир этиши мүмкүн. Чек аралар эми ачылып жатат, кошуналар менен мурункудай сатуу-сатып алуу катышы жанданганда күзгө чейин баалар турукташып калышы мүмкүн. Тоюттун баасынын кескин өсүшүнүн дагы бир себеби – Казакстанда кургакчылык болуп, алар тоютту экспорттоого чектөө киргизишти, ошондуктан биздикилер казактарга кымбат сатып жиберип жатат.
Негизи эле чөп былтыркыга салыштырмалуу быйыл аз. Биринчи чабыкта көпчүлүк талаалардагы чөптөр кургакчылыктан күйүп кетти. Экинчи, үчүнчү чабыктагы чөптөр жакшы түшүм берсе керек деп турабыз. Күзгө чейин малга керектелчү башка тоют өсүмдүктөр да быша баштайт, ошону менен жылдык тоют толукталат деп ойлойм. Тоют таңкыстыгынан улам малды сыртка экспорттоого уруксат бердик. Ошол эле учурда тоюттун баасы көтөрүлүп бараткандыгына байланыштуу чөп, байытылган тоют, жүгөрү жана арпаны өлкөдөн чыгарууга толук тыюу салынды.
“БААНЫ ЭЛ ӨЗҮ КӨТӨРҮП ЖАТАТ”
Малы көп жарандар “чөптүн чекене баасы азыркы баадан кыйла төмөн, алып сатарлар ашыкча кошуп жатышат” дешет. Муну тактоо иретинде мурун чөп алып-сатып жүргөн Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Кубаныч Турдубеков мырзага кайрылганыбызда ал төмөнкүлөрдү айтты.
– Былтыр мен иштеп жүргөндө чөптүн бир түгү 110-150 сом болчу, быйыл тааныштар 1 түгүн Чүйдүн талааларынан 280-310 сомго сатып алышып, 380-400 сомдон сатып жатышат. Карантин убагында ун түгөнөт экен деп элдин баары ун алып, анын баасын асманга чыгарып жиберишкен. Чөптө деле ошондой маселе, чөп жок экен, алып калалы деп эл өзү ага болгон бааны көтөрүп жатат. Кичине күтө турса баасы деле түшөт болушу керек. Өзбекстандан 1 түгү 120 сомдон чөп көп келип жатыптыр деп уктук. Бул да баанын түшүшүнө жардам берсе керек.
“ӨКМӨТ СЫРТТАН ЧӨП АЛЫП КИРГЕНГЕ УРУКСАТ БЕРСЕ БАА ТҮШҮШҮ МҮМКҮН”
Мелис Абилов, Бишкектин базарларынын биринде чөп сатып иштеген сатуучу:
– Биз учурда бир түк беде чөптү 420 сомдон, саманды 220 сомдон сатып жатабыз. Негизи эле чөптүн түшүмү быйыл аз, баанын өсүшү кургакчылыкка байланыштуу. Мамлекет сырттан чөп киргизгенге уруксат берсе баа түшүшү мүмкүн. Угушумча, азыр Өзбекстандан чөп келип жатат, эл да баа түшөт деп күтүүдө. Бирок Өзбекстан деле бизди жыл бою чөп менен камсыздай албайт, өздөрүндө да мал бар. Биз деле чөптү ортомчулардан алып, үстүнө 10-20 сом кошуп сатабыз. Өлкөдө миңдеп бодо мал кармаган ири фермерлер бар, ошолор талааларга барып дүңүнөн алып, жүктөп кетип жатышыптыр. Кымбаттап баштаганда эле Чүйдүн чөптөрү Ош менен Казакстанга сатылып кетип, азыр чөп таңкыстыгы байкалып жатат. Миңдеген гектар чөп жайыттары жаан жок күйүп кетти. Мына, экинчи чабык башталды, анын түшүмүн эми көрө жатарбыз. Баа бир көтөрүлүп алгандан кийин аны кайра түшүрүү кыйын. Сатуучулар, мисалы, чөп арзаныраак Ысык-Көл аймагынан 1 түгүн 250-280ден алса, бул жакка келгенге чейин жол чыгымы кошулуп азыркы баа болуп кетет.
“ОШТО ЧӨПТҮН БААСЫ ӨТӨ ТЕЗДИК МЕНЕН ӨСҮП ЖАТАТ”
Жалалдин Апазаков, Ош шаарында дүңүнөн чөп сатып иштейт:
– Бизде чөптүн түгүнүн дүң баасы 370-380 сомдон болуп жатат. Бизден алып ортомчулар үстүнө кошуп 400-450 сомдон сатууда. Эл дүрбөлөңгө түшүп, базардан чөп кымбаттады деген нааразы адамдарды көрөсүң. Ошто элдин көпчүлүгү мал чарбачылыгы менен алектенет. Чөп суудай эле зарыл. Мамлекет бир жолун таап, бааны түшүрүп бербесе эл кыйналат. Мал арзандап кетти, бирок эттин баасы түшкөн жок. Азыр эле ушундай кымбатчылык болуп жатса кышында кантебиз?
Малга башка тоют түрлөрү да аябай кымбаттады, тазаланбаган арпанын килограммы 24-25 сом болуп жатат, былтыр 12-13 сом эле болчу. Баткенде кудам бар, аларда базарда сатканга дан жок экен, чөптүн баасы 450 сомго жетиптир. Май айында эле чөп 200-250 сом болчу, бат эле 400 сом болуп кетет деп күткөн эмеспиз. Мурун 1 гектар жерден 250-260 таңгак чөп алчубуз, быйыл 150-170 таңгак, андан да аз алып жатабыз.
“ЧӨПТҮН КЫМБАТТАШЫНЫН БЕЛГИЛҮҮ СЕБЕПТЕРИ БАР”
Лариса Шустикова, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин атаандаштык чөйрөсү жана өз ара байланышты талдоо бөлүмүнүн башчысы:
– Чөпкө баанын көтөрүлүшүнүн бир нече себептери бар: кургакчылык, суу тартыштыгы, доллардын курсунун көтөрүлүшү, пандемияга байланыштуу чектөөлөр. Бул көйгөй Кыргызстанда эле эмес, Казакстанда да аябай курч. Мисалы, казактар үчүн кымбат болсо да мал тоютун бизден алуу пайдалуу. Бирок өзүбүздө тоют тартыштыгына байланыштуу биздикилер да экспортко чектөө койду. Бул нерсе баанын түшүшүнө канча бир пайыз болсо да жардам берсе керек. Анан да Кыргызстанда базар экономикасы өкүм сүргөндүктөн мамлекеттик органдар бааны көзөмөлдөөгө аралаша албайт. Бааны көзөмөлгө алуу боюнча Айыл чарба министрлиги министрлер кабинетине кайрылуу жолдошу керек.
Лунара Бекиева