Биз социалдык тармакта

САНДАРДЫН МАГИЯСЫ

Эгер сиз окшош сандарды телефондогу сааттан, унаалардын жана валюталардын номеринен кездештире берсеңиз, анда сизге аалам белги берип жатат. Нумерологияда окшош сандар эмнеден кабар берет? Жоопту материалдан табасыз.

00:00 – Аалам менен биригүү. Тилектердин аткарылышы.

01:01 – Өзүңүздүн ойлоруңуз, санааркооңузга эркиндик бериңиз. Түрдүү эмоцияларды сезип көрүү маанилүү.

02:02 – Бизнесте, сүйүү жаатында өнөктөш пайда болорунан кабар берип жатат. Жаңы таанышууларга көңүл буруңуз.

03:03 – Интуицияңызды угуп, жашооңузга өзгөрүү киргизиңиз.

04:04 – Туура багытта баратасыз. Алдыңызда пайда болгон тоскоолдуктардан оңой өтөсүз.

05:05 – Жашооңузда олуттуу өзгөрүү болот. Өзүңүзгө ишенип, кам санабаңыз.

06:06 – Сүйүүнүн комбинациясы. Бул күн укмуштуудай ийгилик алып келет.

07:07 – Жыргалчылык жана кубанычтын белгиси. Эң маанилүү жолугушуу күтөт.

08:08 – Молчулук күтүп турат. Каржы жааты жакшырат. Акылга жана интуицияга басым жасаңыз.

09:09 – Аяктоонун символу. Жашооңуздагы артык көргөн адамдарды биринчи орунга коюңуз.

10:10 – Өзгөрүү жакындап калды. Жасаган ишиңиз үчүн сыйланасыз.

11:11 – Күмөн саноону артка калтырып, аракет кылууга убакыт келди. Жасаган ишиңиз колдоого татыйт.

12:12 – Жашоого болгон көз караштар өзгөрөт. Каржы жааты жакшырат.

13:13 – Жаңы таанышуу болорунан аалам кабар берип жатат.

14:14 – Саякаттайсыз. Жашооңузда өзгөрүү болот. Көйгөйлөр чечилип, таарынычтар жазылат.

15:15 – Жакындарыңызга көбүрөөк убакыт бөлүңүз. Сиздин колдооңуз аларга өтө маанилүү.

16:16 – Көкүрөктөгү кыялдардын орундалышы жакындап калды.

17:17 – Материалдык пайда күтүп жатат. Жаңы тааныштар пайда алып келишет.

18:18 – Сизден баш тарткан досторду, сүйүктүүңүздү коё бергенден коркпоңуз. Ийгилик жакындап калды.

19:19 – Чыгармачылык өнүгүү болот. Жумушта ийгилик болорунан кам санабаңыз.

20:20 – Достор жардамга келишет. Адамдарга ишенүүгө үйрөнүңүз.

21:21 – Олуттуу чечим кабыл алууга убакыт келди. Өз күчүңүзгө жана интуицияңызга ишенип аракет кылыңыз.

22:22 – Бул сандар өзгөрүү күтүп жатканын билдирет. Жакында жаңы таанышуу болот.

23:23 – Каталарды оңдоого мезгил келди. Туура чечим кабыл алып, туура багытта жол улаңыз.

001 – Өзүңүздүн жан дүйнөңүздү угуңуз. Медитация кылуу жана руханий изденүү убагы.

110 – Жеке жашоодогу көйгөйлөрдүн чечилишине аз калды. Өз алдынча чечим кабыл алуудан коркпоңуз.

011 – Кубаттуу энергетикалык агым жакындап калды. Интуиция, эргүү, эркиндик, демилгенин белгиси.

111 – Ойлоруңузга анализ жүргүзүңүз. Чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачылат.

222 – Айланада гармония болот. Берешендик, тилектештик кылыңыз.

333 – Ийгилик, молчулук, материалдык пайда күтүп турат.

444 – Төрт стихиянын: от, суу, аба, жердин күчү. Кол тийбестик жана туруктуулуктун белгиси.

555 – Ийгиликти чакыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Жашооңузда түп тамырынан өзгөрүү болот.

666 – Үй-бүлөгө көңүл бурууга убакыт келди.

777 – Жолуңуз шыдыр, жарык болот. Аалам жамандыктардан коргоп турат.

888 – Акылмандыктын белгиси. Интуиция күч алат.

999 – Чексиз сүйүү. Аң-сезим жаңы деңгээлге көтөрүлөт.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mavlyuda
2021-07-26 07:59:43
Арстан Алай болбогулачы суранам. Жөн эле иши жок ит сугараар деген макалды ушул жерде колдонсок болот. 00:00 сандар кезигишсе эле аалам менен биригип калмак белек. Эптеп эле бирдемелерди таап чыгып жазгандын эмне пайдасы бар. Батыштын динсиздердин идеологиясын акырын киргизип атасыңарбы
0
№ 971, 15-21-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан