КОЙ (21.03-20.04)
Телефон чалуулар, жаңылыктар, иш көп болот. Абалды түшүндүргөнүңүзгө карабай убактыңызды алып, ишин бүтүртүп алгысы келгендер чыгат. “Эшикти сырттан жаап кой” дегенге жетпеңиз. Жакындарыңызга материалдык колдоо көрсөтөсүз. Достордун бири жаңы пландарды дагы бир ирет талкуулоону сунуштайт.БУКАЧАР (21.04-20.05)
Шейшемби – оор күн. Башка күндөрдө жаңы демилге, жаңы иштерге жашыл жарык жанат. Айрымдар өздөрүн ээлеп алган пессимисттик ойлордун кучагынан чыга башташат. Үйдөгүлөр же досторуңуз жардам көрсөткүлөрү келсе четке какпаңыз. Кайра аларды баалай турганыңызды айтып, көңүлүн алыңыз. ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Чөйрөдөгүлөрдүн бири менен баарлашкан соң анын анык жүзүн билесиз. Сизди да бир күнү сатып кетерин түшүнөсүз. Карыздарыңызды кайтарып беришет. Ошондуктан материалдык абалыңыз жакшыра түшөт. Жакындарыңыз менен жолугушуу чериңизди жазат.БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ийгилик көшөрө иштөөдөн гана келерин унутпаңыз. Өз күчүңүзгө ашыкча ишенип, оор маселени өзүм чечем дебеңиз. Катачылык кетет, жакшы кеңешчиге кайрылыңыз. Авантюрадан качыңыз, болбосо бармак тиштеп каласыз. Достордун көмөгү аркылуу кирешеге ээ болосуз. Көптөн бери пландаган саякатка чыгууңуз ыктымал. АРСТАН (23.07-23.08)
Бийлик өкүлдөрү, жетекчилик менен мамиле жакшы өнүгөт. Учурдан пайдаланып иштерди бүтүрүп алуу керек. Айрымдарга ашыкча иш жүктөлөт, ишенимди актаңыз, бул карьерадан көтөрүлүүгө, акчаны көбүрөөк табууга жол ачып берет. Үйдү жайлуу, ыңгайлуу кылууга жетишпей жаткан нерселерди ала башташыңыз мүмкүн.БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта спорт, бизнес, чыгармачылык үчүн ийгиликтүү. Иши көкөйүнө тийгендер “арыз жазып туруп басып кетем” деп кызуулукка алдырбай туруулары керек. Жумуш табуу кыйын болуп калат. Үйдөгүлөрдүн маанайын бузбоо үчүн какшык сөздөрдөн качыңыз. Тааныштардын сунушу менен кайсы бир иштен пайда таап алууңуз мүмкүн.ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кыраакы болбосоңуз жакын досуңузга же үйдөгүлөрдүн бирине өзүңүз баамдабай зыян келтирип аласыз. Иште сунуштай турган идеяңызды жеткире түшүндүрө албасаңыз өтпөй калат. Кошумча киреше булагын табуу жолдорун караштырыңыз. Сынган, бүлүнгөн эмеректерди оңдотууга убакыт бөлүү керектелет. Апта аягы жакшы кабар тартуулайт.ЧАЯН (24.10-22.11)
Иште болуп өткөн окуяларды анализдеңиз, шашылыш чечим чыгарбай туруңуз, болбосо башыңызга маселе үйүп аласыз. Бир окуядан улам көндүм жашооңуз өзгөрөт. Чыгым чыкса да, бирөөлөр менен мамиле үзүлсө да, эл артыңыздан сүйлөсө да көңүл бурбаңыз. Өзгөрүү сиздин кызыкчылык үчүн иштейт, пайдалуу болот.ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта активдүү эс алууга, сейилдөөгө, тааныштар менен баарлашууга ылайыктуу. Талаш-тартышта сүйүктүүңүз же жан шеригиңиздин анча-мынча сөздөрүн көтөрүп, каяша айтпаганыңыз жөн. Кандай болгон күндө да ал жакын адамыңыз. Дем алышта оор жумуш жасабай туруңуз, өнөкөт ооруларды козгоп аласыз.ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта башында күн тартибин туура бөлүштүрбөсөңүз иштериңиз бүтпөй жетекчилик менен кагышып каласыз. Апта ортосунда үйдөгүлөр менен жакшы жаңылыкты белгилейсиздер. Эсте узакта сакталып кала турган жолугушууга кез келесиз. Апта аягында башына сыноо түшкөн таанышыңыз сырын айтат, туура кеңеш бериңиз.СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Маанилүү ишиңиз жардам бермек болгон таанышыңыздын убадасына турбагандыгынан бүтпөй калышы мүмкүн. Башка ишеничтүү адамга кайрылыңыз. Чакырган жерге белек көтөрүп барууңуз күтүлүүдө. Диета кармап организмди тазалоого киришсеңиз жакшы. Бойдоктор сөз айткан адамынан оң жооп угушат.БАЛЫК (20.02-20.03)
Артында өкүнүп калбоо үчүн эмне документ болсо да кол коёрдон мурда анда жазылгандарды окуп чыгыңыз. Айрымдар ээлеген кызматынан жогорулашат же сыйлыкка илинишет. Узакка чырдашпайын десеңиз сүйүктүүңүздү обу жок кызганбаңыз, оюңузду таңуулабаңыз. Самаган буюмуңузду арзан баада таап сүйүнөсүз.