САМАТ ЭРКИНБЕКОВ, АКТЁР, ТАМАШОУЧУ: “БАЛАМ ТӨРӨЛГӨНДӨН КИЙИН ИШИМ ЖАКШЫ ЖҮРҮШӨ БАШТАДЫ”

Тасмаларда комедиялык ролдорду катыра аткарган актёр Самат Эркинбеков менен маектештик. Самат мырза балалуу болгондон кийин жашоосу, жубайы менен болгон мамилеси өзгөргөнүн айтат. Мындан тышкары каарманымдын чыгармачылык жашоосуна да саякаттадык, кыска суроолорубузга күлкүлүү жоопторду алдык.

– Салам, Самат? Балаңыз чоңоюп жатабы?
– Салам. Балам 8 айдан ашып калды. Азыр жөрмөлөгөндү үйрөнүп баштады. Балаң күлүп койсо деле жыргай берет экенсиң. Атасын, апасын таанып калды.

Жакшы. Балалуу болгонуңуздан кийин жашооңузда эмнелер өзгөрдү?
– Балам төрөлгөндөн кийин ишим жүрүшүп баштады. Материалдык жактан жолум болуп, акча чогулта алдым. Бала ырыскысы менен келет дейт. Кудай буюруп, Иманчик балам келгенден бери жакшы гана жакка өзгөрүүлөр болуп жатат. Аталык сезим пайда болуп, көп нерсени ойлонуп калдым. Балаң күндөн күнгө сага окшошуп чоңоюп келе жатса, “ушул менин балам, ушул наристени багышым керек, келечегин куруп беришим керек” деген жоопкерчилик пайда болот экен. Унааны абайлап айдап, көп нерседен сактанып калдым.

– Жубайыңыз менен болгон мамиле да өзгөрсө керек?
– Ооба, эмнегедир экөөбүз жаңы баш кошкон жаш жубайлардай болуп калдык. Кыз-жигиттердей жетелешип сейилдеп калдык. Бири-бириңди аяп калат экенсиң. Бирок эркек кишилер ушундай болот экенбиз, биздин балага болгон махабатыбыз 20-30 мүнөткө эле созулат экен (күлүп). Муну бардык эркектер моюнуна алса керек. Жумуштан келгенден кийин эркелетип кичине көтөрөсүң да, анан “ыйлап жатат” деп апасына бере каласың. Ыйлабаса деле “ыйлаганы жатат” деп кармата каласың. Бул балага жакын эмеспиз дегендик эмес. Эркектердин жаратылышы ушундай экен.

– Сүйүүңүздү кантип билдирип турасыз?
– "Сүйөм деп көп айтпаш керек, баркы кетет" дегендерден эмесмин. “Жакшы көрөм, сүйөм” деп айтып турам. Ал да айтып турат. Көп айтпагандар бул сөздү айтуудан тартынышып, кыйналышып, түгөйүм кандай кабыл алат деп ойлонушса керек. Биз сүйөрүбүздү айтып, эркелетишип, жакшы мамилебизди аябагандарданбыз.

– Конуш жайлуу болсун! Батирлүү болдуңуздар. Канча убакта акча чогултуп алдыңыз?
– Рахмат. 2 жылдын ичинде чогултуп алдым. 70 миң долларга турду.

– “Жора Гуля” көп киреше алып келди” дегениңизди уктум эле.
– Ооба. Бул үйгө Жора байке менен Гуля эже жакшы жардам беришти. Андан тышкары өзүм таптым. Туугандарым анча-мынча жардам беришти.

– Биздин өлкөдө бай болуш үчүн эмне керек?
– Билбейм. 2 жылдын ичинде байыйын деп жатам. Ошондо жооп берсем болобу? Бай болуунун 2-3 жолу бар окшойт. Биринчи жолу – байдын баласы болуп төрөлүш керек. Экинчиси – талыкпаган эмгек. 3 – коррупционер болуш керек.

– Күйөрмандарыңызга болгон мамилеңиз кандай?
– Чыгармачыл адам кызганчаак болушу керек. Мен күйөрмандарымды башка жакка кетип калбасын деп кызганам. Мисалы, күйөрманым TikTok`ко кызыгып жатса, мен да ошол жактамын. TikTok тууралуу жаман сөздөр айтылып келет. Бирок ал жактан жакшы нерселерди да алса болот. Болгону ар ким өз карындашын, инисин көзөмөлдөп турушу керек деп ойлойм. Ал жактан жаман видеолорду көргөнчө биздин позитивдүү видеолорубузду көрүшсө экен дейм.

– Сизге улам айтылып таң калтырган сөздөр кайсы?
– “Мени да киного тартып койгулачы” деген сөздөр. Ушул сөз көп айтылат. Унааңа май куйганга барсаң да, туугандар менен чогулуп калсаң да “ушуну киного тартып койчу” дей беришет. Сыртымдан айта албайм. Ичимден таң калам. Кино деген ушунчалык жеңил нерсе көрүнөбү? Баарын эле алып барып тарта берсе болобу эмне? Алар “байкап көрчү, балким, туура келип калат” дешпейт. Талантын баалап коюп, камерага тартып көрүп, элге чыгарып коюп анан айтып жатышкандай айтышат.

– Азыр эмне жумуштар менен алексиз?
– Учурда “Шерине” сериалына тартылып бүттүм. Ал жакта Гүлжигит Калыков, Эмил Эсеналиев үчөөбүз башкы ролдобуз. Ага чейин Бакыт Мукулдун “One день түн” деген комедиясында милициянын ролун жараттым. Анда Күмөндөр Абылов башкы ролду ойнойт. “Жора Гулянын” 2-бөлүгүн тартканы жатабыз. Анткени көрүүчүлөр көп суранышты. Экинчи бөлүгүндө мен 3 каармандын ролун жаратам. Мен үчүн бул оор болот. Бирок кызыгып жатам. Көрөлү, эмне чыгат.


ЭМНЕ КЫЛМАКСЫЗ?

– 1 миллиард сом таап алсаңыз…
– (Көпкө ойлонуп) Көрдүңбү, эмне кыларымды билбей калмак экенмин. Колум калчылдап башкача ойлор келсе керек эле.

– Моника Беллуччи сүйлөшкөн кызыңыз болсо…
– Бир миллиардды көтөрүп алып экөөбүз эмне кыларыбызды билбей жүрмөкпүз (күлүп). Бирок ал мага эже болот да. Улууларды сыйлайм. Улуулар менен махабатизация болбойт болчумун.

– Бишкектин мэри болсоңуз…
– Анда улуу киши болмокмун да. Ошондо Моника Беллуччини алмакмын (күлүп).

– Голливуддан башкы ролго чакырса…
– Аябай сүйүнмөк экенмин. 2-3 фильмден чакыруу түшсө, “Оскар” алууга жакынын тандамакмын. “Оскар” алып калсам, 1 миллиард менен Моника Беллуччинин кереги жок болуп калмак (күлүп).

– 25 балаңыз болсо…
– Негизи көп балалуу болгум келет. Бери жагы эле 7-8 балалуу болсом дейм. Ошончо чоң үй-бүлөнү башкара алсам, анда өзүмдү чыныгы эркек сезмекмин.

– Камчыбек Ташиев болсоңуз…
– Садыр Жапаров менен сүрөткө түшмөкмүн (күлүп). Анан вайн тартмакмын да, “баарыңар күлгүлө” демекмин. Ташиевден баары коркот да. Күлкүлүү болбосо деле баары күлмөк.

– Анда ийгилик каалайлы. Маегиңизге рахмат.



Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
"Балалуу болгондон кийин мамилебиз жаңы үйлөнгөн жубайлардай болуп калды" - дейт Самат Эркинбеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Luna15
2021-07-19 09:47:10
Азамат жигит,оркунун оссун,уй-булоолук бакыт каалайм
+3
Merelisha
2021-07-19 13:02:26
Чыныгы мырза. Уй булолук бакыт каалайм.
+2
nargiz-sa
2021-07-20 19:59:11
Ташиев болгону эле жакты
-1
elmira.
2021-07-20 22:29:52
Не баляя жооп берген
+2
Nina.alex
2021-07-21 13:48:17
Жооптору орунсуз.
+2
ayzhan12
2021-07-21 21:34:43
Азаматсың ишиңе ийгилик
0
Mister-XXX
2021-07-23 02:11:04
Киного тартылганды оной ойлошот окшойт деген созуно суроом.
Акыркы убакта кинолорго ырчы,куудул,тамашоучулар гана болуп калды.Актердук билиминер барбы?Билиминер бар болсо гана киного тартылгылачы.Вайн кылып тарткан тамашанар да жакпай баратат.Акча учун кызча кийинип,уят иштерди корсотуп жатасынар.
0
aizbek
2021-07-25 22:58:55
Молодец,эркек эркектин аял аялдын рольун ойносо жакшы болмок,
0
№ 971, 15-21-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан